Элеттеги мугалимдер эми жаӊыча иштейбиз дешти Же Чоӊ-Алай районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Имарбай Бакировдун демилгеси жөнүндө

  • 30.09.2014
  • 0

 

Бул ирээт сапарыбыз элетке, болгондо да Ош облусуна караштуу Чоӊ-Алайга барып такалды. Кара-Мыктан Тажикстан тараптан келген жылымтык жели бийик тоолордун муздак шамалы менен аралаша бетке уруп, аймалап турду. Андан ары жол жок… Чек арага чукул жашаган элди бир чети баатыр, чыдамкай эл деп койсо да болот. Алар өз Мекенин көкүрөгү менен тосуп тургандай элес калтырды мага. Анан да бул жерди Кыргызстандын Түштүк дарбазасы деп аташат. Талдык, Чыйырчык ашуусун жайда ашпасаӊ, кыш мезгилинде ашып өтүү опурталдуу. Талдык ашуусу Төө-Ашуудан да бир топ бийиктик кылат. Асман айды чапчыган Ала-Тоонун бийиктигин ушул жерде көрөсүӊ. Ленин пиги карга оронуп, борошого уюлгуп, көрүнөр көрүнмөксөн болуп, агарып ак куюнга айланып турду.
* * *
Дүйнөнүн төбөсүнөн төгүлгөндөй болгон бул аймак деӊиз деӊгээлинен 2800-3500 чакырым бийиктикте турат. Жаратылышы катаал. Жашылча жемиш бышпайт. Кышында суук 40 градустан ашат. Көп учурда кар калыӊ түшүп, жолдор жабылып да калат. Жети айга чейин кыш узабай, апкыт-сапкыты менен майды баса жыгылып, июнь айында гана араӊ жылымтык күн толук жылмая баштайт дешти. Борбордон миӊ чакырым алыс болсо, Ош шаарынан 300 чакырым ары жол жүрөсүӊ. Ошентип, Алайга барыш үчүн далайга жол жүрүп жеттик. Түштөн кийин эле кайдан пайда болгону белгисиз ыркыраган шамал этек-жеӊиӊди алып учуп, сапырып кирет. Айылдарды аралай чаап жүрүп, бирок, бир кейип-кепчиген кишини көрө албадык. Чоӊ-Алайлыктар ыркыраган шамалын да жакшы көрүп, “оо, биздин шамалды көрдүӊбү, кандай сонун, бир аз шамал болбой калса сагынып калабыз”, — деп коюшат экен. Тоолору асман тиреген мындай тарыхый жерге аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Имарбай Бакировдун чакыруусу менен барып калдык. Жылуу кабинетте олтуруп, телефон менен маек курбай, мугалимдердин ахыбалын жеринде, өз көзүбүз менен көрүп келели дедик. Ушундай жерде кабагым-кашым дебей тиричилик кылып жүргөн жергиликтүү эл ал жердин жаратылышындай бекем, чыйрак көрүнүп турду. Ошолордон бөлүп караганым — мугалимдер болду. Мугалимдер ал жердеги балдарды ак бубакка ороп, агартып-көгөртүп, окууга үндөп, замандын желин өз шамалдарына айлантып, кеӊ ааламды көздөй уюлгуткусу келип жаткандарын, ошол шамалдай озуп дүйнө кезгиси келип тургандарын кебинен байкап, алыстан келген мага да канат бүткөнсүп, алар менен бул турмуштун таш-пишин таштап чогуу учкубуз келип турду.
* * *
Имарбай Бакировдун Чоӊ-Алай районунун билим берүү бөлүмүн башкарганына быйыл жетинчи жылга аяк басат. Жети жылын саресеп кылып мактанбай, улам жаӊы нерселерге таасирленип, алдыга озгусу келген жетекчи экен. Чет жактарга чыгып, алардын үлгүлүү жактарын айылына алып келгиси келерин айтты. Ушундай максатта жакында Түркияга, Астанага барып келген. Мектептерди жаркыратып жайы-кышы шайма-шай кылуунун аракетинде жүргөн, жер казса да чыгармачылык дем менен иштеген Имарбай агайды жергиликтүү эл мыкты, ак жүрөк жетекчи катары билип, сыйлап турарын байкадым. Мугалимдер менен камыр-жумур аралашып, мектептерди өзүнүн жеӊил машинеси менен чапкылай кыдырып, кем-карчын чоттоп турат экен. Быйылкы жылы областтык олимпиадада жети окуучусу алдыӊкы орунга чыгышса, республикалык “Манас таануу” интеллектуалдык телешоусунда биринчи орунду ээлеп, Таласка экскурсияга камданып турушат. Райондо эки окуучу көркөм окуу боюнча республикалык сынакка жолдомо алышкан. Облустук кыргыз тилине байланышкан фестивалда, Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата сынакта алдыӊкы орунга чыгышса, үстүбүздөгү окуу жылына карата даярдык боюнча кароо-сынакта да облус боюнча жеӊип чыгып, диплом, 15 миӊ сом акчалай сыйлыкка ээ болушкан. Быйыл З.Каримбеков атындагы мектептен окуп кеткен Үмөталы Эркинбай уулу КР Президентинин колунан Президенттик стипендияга жетишсе, Жамалдин уулу Тойчубек ЖРТдан алтын сертификатка татыктуу болушту. Бул жаӊылык айылдыктар үчүн эӊ жагымдуу окуя болду. Имарбай агай өзү да мугалимдерди колдоп, окутуп тарбиялоодогу жакшы эмгеги үчүн атасы Эсенбайдын ысымындагы сыйлыгын уюштурган. Атасы Эсенбай Даро0т-Коргондон чыккан белгилүү, эмгеги элге сиӊген киши болгон экен. Мындан тышкары “Алтын саат”, “Билим берүүнүн дулдулу” аттуу абройлуу сыйлыктар да бар. Мунун баары Имарбай Бакировдун жеке каражаты, өз демилгеси менен уюштурулуп келет.
— Бул сыйлыкты алган мугалимдер чындап эле дем-күч алып, чоӊ кубанычка туш болорун байкадым. Мугалимдерди ар дайым колдоп, сүрөп туруунун, материалдык колдоо көрсөтүүнүн ар кандай жагымдуу жолдорун издешибиз керек экен. Бул иштин ийгилигине пайда берет, — дейт ал.
* * *
Райондук билим берүү мекемесинин алдында Ага Хан фондусунун көмөгү менен атайын усулдук борбор ачылган. Аны фонд 5 миӊ АКШ доллары эсебинде тийиштүү жабдыктар менен камсыз кылган. Мындан райондун бардык мугалимдери кезеги менен келип, билимин жогорулатып турушат. Чоӊ-Алайда 17 мектеп, 12 бала бакча, 1 спорттук, 1 балдардын чыгармачылык борбору, 784 мугалим, 5550 окуучу бар. Беш мектеп стандарттуу болсо, калган 12 мектеп ашар жолу менен салынган. Албетте, Өкмөттүн эсебинен жыл сайын ремонтко делип акча которулуп турат. Калган жетпегенине Айыл өкмөтү каралашат. Кийинки он жыл ичинде эл аралык уюмдарга долбоор жазышып, мектептердин материалдык-техникалык базасын биртоп чыӊдап алышкан. Жер титирөөдөн жабыркаган бир мектептин ордуна эки кабаттуу мектепти мамлекет толук куруп берген. Тоо койнундагы мектептердин дээрлик көпчүлүгүнүн интернет менен байланышы бар, компьютер менен камсыздалган. Азырынча бир гана мектепте интерактивдүү доска бар. “Мега билим” долбоору боюнча эки мектеп компьютердик класс менен жабдылган. Агайдын айтымында райондо азырынча мугалимдик кесипке тартыштык жок. Бул жакка жергиликтүү гана элдин балдары мугалим болгону келишет. Ошондуктан мугалим болом дегендер көп. Кептин баары пенсия курагындагыларда. Эгер алар Имарбай агай өзү айткандай эртеӊ “пенсия парадын” башташса, жаштарга орун жетет.
* * *
— Сапат жагына келсек, жакшы саяпкер жаман атты күлүк кылат дегендей, окуучу начар окуса демек мугалимден кетип жатат деп ойлош керекпиз. Азыр ата-энелер мугалимдерди тандап калышты. Эми бир беш жылдын ичинде мугалимдерди ата-энелер толук көзөмөлдөп, тандап калабы деп ойлойм. Себеби, алар начар мугалимге балдарын ишенип бергиси келбей баштады. Бул сапаттын башталышы го деп ойлойм,- дейт Имарбай агай биз менен болгон маегинде.
Анын айтымында мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу деген жок. Бүтүрүү кечесинде алтын шакек, баалуу белек берүүгө тыюу салынган министрликтин буйругу так аткарылат.
— Жакшы сөз, жакшы китеп менен эле көӊүлдү алса болот. Мен өзүм атадан эрте ажырап, турмушту жаштайыман көрүп калган адаммын. Бул кызматка келгендеги максатым — таза иштөө эле. Мен муну аткардым, башкаларды да буга көндүрдүм. “Бай жашоого болот, бирок үлгүлүү жашоо кыйын”, — деп И.Разаков айткандай, бизде байлар көп. Бирок алардын көпчүлүгүнүн көкүрөгү сокур, колу жумулуу болууда. Бирок, арасында берешендери да чыгууда. Мисалы, Кашка-Суу айылындагы мектепке бир адам жакында эле 200 миӊ сом берди. Ага беш класска парта сатып алдык. Жаштарыбыз мектептин жасалгасына, ремонтуна деп акча каражатын беришүүдө. Жаманкул деген жигитибиз музыкалык мектеп куруп берем деп убада кылууда, — дейт ал. Мурдагы бүтүрүүчүлөр салт болуп калгандай Чоӊ-Алайдын мектептеринин бир катар кем карчын жаап берип турушат экен. Бул жакшы көрүнүш эмей эмне.
* * *
Айыл жеринде бала бакча маселеси да чечилип калганы бизди кубандырды. Мында 22 айыл бар болсо, баарында теӊ бакчалар жетиштүү. Жети бакча Ага Хандын көмөгү менен курулган. Он эки бала бакчада атайын көмөкчү чарбалары, бир гектардан жерлери бар. Жалпысынан 450 эчкини өздөрү жем-чөп менен багып, эт менен камсыздашат. Мындай өзүн эт, жашылча менен камсыз кылган бала бакчалар башка айыл өкмөттөрүнүн кулагына коӊгуроо болсун деп жазып жатабыз. МерсиКо эл аралык уюму менен бирдикте балдарды тамактандыруу боюнча мастер- класстар өткөрүлүп, натыйжада кенже балдарга атайын жагымдуу тамактар даярдалат. Жайлоо бала бакчасына да Ага Хан фондусу жакшы көмөк берүүдө дешти бала бакчада иштегендер. Чак айлындагы Ага Хандын жардамы менен салынган бала бакча 2013-жылы Ош облусу боюнча “Жылдын эӊ мыкты бала бакчасы” аталыптыр. Шаардагыдай эле шартта жаркыраган бала бакчаларды кыдырып, даярдалган тамагын, балдардын эс алган жерин көрүп кубандык.
* * *
— Эгер бизнеске кетсем балким бай, акчанын аркасынан кубалаган, колумдан эч нерсе чыкпаган адам болмокмун. Бирок ал жолду тандаган жокмун. Мен өзүм балдарды сүйгөн адаммын. Алар күлсө күлөм, алар ыйласа ыйлайм. Баарына кайыл болуп иштеп жатабыз. Өзүӊүз көргөндөй кызматтык машинебиз жок, жүз чакырым аймакты жөө кыдыра албайсыӊ. Демек, өз каражатыӊа кыдырууга туура келет. Муну чоӊдор түшүнбөйт деле болсо керек. Болбосо билим берүү мекемесине жайнаган машинеден бирди берип, майын чечип беришет эле го. Мугалимдик кесипти таштап кеткендер да бар. Бул кесип менен чынын айтыш керек, жашооӊду оӊдош кыйын. Азыркы учурда фанаттар гана калды. Мен да ошол фанаттардын биримин деп ойлойм, — дейт каарманыбыз. Албетте, Имарбай агайдын айтканындай, иштейин десе иш жок, аба ырайы суук жерден жаштар качпай койбойт экен. Бул жердеги мугалимдердин айтканына караганда жылына мектепти бүткөн 500 баланын жүзү кийин кайра кайтып келбесе, калгандары шаарга сиӊип кетип жатышыптыр.
* * *
Имарбай агайдын үйүндө болуп, бир чөгүн чайын да ичтик. Өз колу менен салган жупуну үйдө эл катары чарба күтүп жашоо кечирүүдө. Биз эки кабат заӊгыраган үйдө турса керек деп ойлогон экенбиз. Өмүрлүк жолдошу да мугалим экен. Беш баланын атасы Имарбай агай да мугалимдик кесипти турмуштук кредо, максат катары көрөрүн байкадык. Ал көр дүнүйөдөн алыс, көкүрөгү кеӊ, чыныгы мекенчил адам экен. Элден сурасак калп сүйлөбөгөн, чынчыл, айтканын аткарган таза адам деп айтышты. Эл айтса калп айтпайт эмеспи. Биз болгону ал жерде эки күн жүрүп, эки жыл жүргөндөй көп нерсени байкагандай болдук. Сырттан баары даана көрүнөт тура. Мектеп директорлору, мугалимдери аны менен жакын, сырдаштай көрүндү. Бардык болгон көйгөйдү мугалимдер андан жашырбай эле ачык айтып, ак сүйлөшүшөт экен. Ошондуктан тоолук эл да дедик. Биринен-бири коркуп, кошоматтанып сүйлөгөн мугалимди көрө алганым жок. Туурасын туура деп, акты ак деп сүйлөгөн бул эл бекер жеринен чек аранын чегинде жашабаса керек деген ой кетти.

* * *
— Мугалим болуш үчүн баланы сүйүш керек. Балдардын кыйкырыгы музыкадай болуп жагымдуу угулуп турбаса, 45 минут 45 жылга созулуп, ырахат албай кыжалат болуп жүрүп, акыры мектепти таштап тынышыӊ мүмкүн. Кийинки 10 жылда мугалимдик кесипке болгон муктаждык өсөт деп ойлойм. Себеби, жаштар арасында бул кесипке болгон умтулуу азайып, коомчулукта урматы кетип баратат. Менин ушуга зээним кейийт. Ошондуктан бул кесиптин кадырын кайрып берүү үчүн бардык чараларды көрүшүбүз парз, — дейт 35 жыл талбай агартуу тармагында эмгектенип келе жаткан Имарбай агайыбыз тынчсызданып. Бул баарыбыз үчүн ойлоно турган маселе. Акчанын аркасынан кетсек балдарды ким карайт, — дешет мугалимдер үшкүрүп.

Гапыр Мадаминовдун жаӊы мектеби Чоӊ-Алайда да түзүлөт
Түштүккө келгенибиздин дагы бир башкы себеби жаӊычыл, нагыз усулчу, экспериментатор мугалим, Лейлектеги №3 гимназиянын директору Гапыр Мадаминовдун Чоӊ-Алайдагы мектептердин мугалимдери менен болгон жолугушууларынын өтүп жатышында эле. Бул иш-чараны Чоӊ-Алай районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Имарбай Бакировдун демилгеси менен Ош облустук билим берүү институту биргеликте өткөргөнү менен жалпы жоопкерчилик Имарбай агайдын жана райондун мугалимдеринин мойнунда турду.
— Гапыр агайдын мугалимдик ишмердигине 1998-жылдан бери көз салып келем. Анда мен райондо инспектор болуп турганда акимчилик мыкты мугалим деп таап, атайын үй салып берсе, айыл өкмөтү жеӊил машине белек кылганын көрүп, чыныгы мугалимдин эмгеги бааланып жатканына аябай кубанды элем. Кийин өзүм районго жетекчилик кызматка келгени Гапыр агайдын иштөө тажрыйбасы, усулдары көӊүлүмөн кетпей туруп алды. Канткенде Чоӊ-Алайдагы мугалимдердин сезимин ойготуп, канат бүтүртсөм, алдыга сүрөсөм деген максатым быйыл апрель айында ишке ашып, 17 мектептин директорлорун чогултуп, ал жакка барып, өз көзүбүз менен көрүп кайттык. Келатканда бир мугалим капаланып, Гапыр агайдын иш ыкмасынан кийин, ушу кезге чейин жөн эле иштеп жүргөн экенмин, мени өз каалоом менен жумуштан бошотуп коюӊуз, — десе болбобу. Агай, эжейлердин ойгоно баштаганын сездим да, Гапыр Мадаминов Чоӊ-Алайга келип кетүүсүн суранганымда тез эле макул болду. Ошентип, биздин кызматташтык тыгыз улана баштады, — дейт Имарбай Бакиров кубанып.
* * *
Биз барганда Гапыр агай Эсенгелди уулу Максатбек атындагы мектептеги мугалимдерге лекция окуп жаткан экен. Бул мектепте агайдын атындагы атайын “Манас жаштары” аттуу усулдук каана да ачылыптыр. Ал мындан тышкары Ленин, А.Мурзакулов атындагы мектептерге барып, райондун жалпы мугалимдери менен жолугуп, агайдын шакирттери “Акыл эмгегинин маданияты” (мындан ары АЭМ) аттуу автордук тажрыйбада жазылган усулу боюнча мастер-класстарды өтүштү. Айылдагы маданият үйүндө жергиликтүү эл менен жолугушуу уюштурулуп, ата-энелерге Г.Мадаминов “Энелер мектеби” иш-тажрыйбасынын негизинде сабак өттү. Эӊ кызыгы, аталган лицейдин 7-классынын окуучусу Нуриза Момунованын АЭМ боюнча мугалимдерге, окуучуларга сабак өткөнү болду. Бул кыз келечекте Р. Отунбаевадай эле болот го деп мактап да жатышты. Акыйкатта, ошондой болорунда күмөн жок деген бүтүмгө келдик анын сабагына катышып олтуруп. Окуучуларын да мугалим кылган Гапыр агай тарабынан түзүлгөн усулдук системасынын сырларына чындап кызыкпаганга арга жок эле. Лицейдин белгилүү жаш мугалими Чынара Токтоназарова ЖТРге жана сынакка даярдоонун программасын өтсө, Кочкор Батыров окуучуларга кругозор боюнча сабак өтүп, келгендердин зор кызыгуусун туудурду. Кругозор сабагы да жаӊы сабак. Ал өзүнчө китеп болуп жакында чыгарын билдик. Мындан тышкары лицейдин мугалимдери “Энелер мектеби” боюнча да ата-энелерге кеӊири сабак өтүштү. Ата-энелер убакыт болсо дагы кененирээк сабак өтүүлөрүн суранышып, түштөн кийин да мектепке чогулушуп, Гапыр агайга бир топ суроолорду жаадырышып, кетпей турушту.
* * *
— Мен Лейлекте “Энелер мектебин” бүткөндөргө атайын сертификат берип жатам. Ушу кезге чейин ата-энелерге арналган бир да окуулук жок экен. Менин бул ата-энелерге арналган 60 сааттык программам ата-эне, окуучу, мугалимдин ортосунда чоӊ көпүрөгө айланып, үзүрүн көрө баштадык. “Энелер мектебинен” сертификат алгандар азыр балдарына билим, тарбия берүүнү биринчи планга коюп калышканы мени кубандырат. Рыноктун шартында энелердин мээрими азайып кеткени, ал өксүк балада чагылып жатышын ар бир эле педагог сезе бербейт экен. Мен ошону эске салып жатам, — дейт Гапыр агай.
Дагы бир ыкмасы — дасторкон үстүндөгү субкат. Гапыр агайдын ою боюнча бул өзүнчө эле университет. Ата-эне дасторкон алдында илимди, билимди бийик койгон сөздөрдү айтабы же аларды маскара кылгандай түр көрсөтүп, жалаӊ эле байлык, бийлик, дүнүйөнү кеп кылабы, үйүнө жакшы адамдарды чакырып, баласына колго суу куйдуруп кебин угабы, чогуу китеп окуйбу ушунун баары тизмектелип жазылган. Адамдагы ичи тарлыкты азайтып, жакшы жагын көрө билүүнүн, кеӊ пейилдүүлүктүн педагогикасы ушул жерде экен. Энеси жакшынын баласы жакшы, эне болуу оӊой, татыктуу эне болуу кыйын,- деди ал ата-энелерге кайрылып.
* * *
— Ата-эне кызына сеп даярдайт, той берет. Иши кылып баласы үчүн бардык кымбат нерселерди жасаганы менен анын рухуна, интеллектуалдык даярдыгына кол тийбей калганы мени өкүндүрөт. Мен китептеримди турмуштун казанында кайнап жаздым. Ошон үчүн алар элге жакын, — дейт Гапыр агай. 2013-жылы “Замандаш” партиясы аны “Жылдын мыкты инсаны” деп атаганы бекеринен эмес экен дедим. Ал республикалык конкурста “Жылдын мыкты мугалими” деп да аталган. Онго жакын китептин автору. Ататүрк-Ала-Тоо университети анын телевизордон сүйлөгөнүн угуп, окуу жайына чакырып, Таластагы билим берүү мекемелерине лекция окуп да келди. Гапыр агай ачкан №3 эксперименталдык гимназияны бүткөн 30га чукул бала бүгүнкү күндө Медициналык академияда бюджеттик бөлүмдө билим алып жатышат. Республикалык олимпиадада алдыӊкы орундарды камсыз кылып, ЖРТдан эӊ жогорку балл алышууда. Мунун баары Гапыр Мадаминовдун АЭМ автордук программасынын негизинде болуп жатканына өзү да, анда иштеген мугалим шакирттери да танбайт.
— Биз убакытка абдан мартпыз. Жамбаштап жатканды жакшы көрөбүз. Балдарыбызга убакытты туура пайдаланууну үйрөтүү — бул да педагогиканын милдети. Убакытты уттурган-бакытты уттурган менен барабар. Муну мен “Энелер мектебинде” да айтам. Бала менен күнүгө жарым саат болсо да сүйлөшүп туруу керек. Сөзүм күмүш болсо, угарман алтын болсун дейм. Угарман угуп, менин айткандарымды жасаса эле алтынга тунат, — дейт белгилүү педагог биз менен болгон маегинде. Чоӊ-Алайдагы мугалимдер менен болгон жолугушуу көпкө созулуп, суроолор жамгырдай жаады. Айылдык клубга мугалимдерден тышкары ата-энелер да келип, батпай калышты.
* * *
Имарбай Бакиров агайыбыз машинасы менен бир катар мектептерди, бала бакчаларды кыдырып, көрсөттү. Биз урайын деп турган мектеп же бала бакча көргөн жокпуз. Баары эле сыдыргыга салгандай эмес, жаӊы курула турган, авариялык абалда үч мектеп бар экен. Бирок, барын оӊдоп, кулаганын тургузуп, не болсо да кышка даярбыз дешти. Имарбай агай малды баксаӊ бир жылдык, билим берсеӊ миӊ жылдык деген идея менен жашаш керек дейт. Мектепте балдардын ар күнү орус жана англис тилинен 10 сөздөн жаттоосу адатка айланып баратканын айтты. Биз балдарга билимди бүткүл дитибиз, жүрөгүбүз менен гана бергенде майнап чыгарын унутпашыбыз керек дейт. Жакшы билим бербей жатып, жогортон сыйлык, грамота күткөн уят иш экенин ачык эле айтам дейт. Сабак өтүп жатканда эшик кичине эле кылайып ачылса, баарынын көӊүлү ошол жакка бурулса, демек сабак начар өтүлүп жатат десе болот. Сабак чын дилден өтүлгөн жерде башкага алагды болуу мүмкүн эмес. Окуучу мектептен башка эч жерден мындай жылуу мамилени таппагандай болуусу зарыл. Ошондо гана бала мектептен качпайт. Ошонун таасиринде гана жашай алат деп ойлойт Имарбай агай.
* * *
Имарбай агайдын ойлогону эле келечек. Чоӊ-Алайдын мектебинен бүткөн балдар эӊ ириде адам болсо экен дейм дейт. Адам болуу оӊой нерсе эмес. Айтматов айткандай күн сайын адам болуу андан да кыйын. Адам болуу ааламдан эмес, ушул кенедей мектептен башталат, — дейт. Имарбай агай ошондуктан кыргыздын көптөгөн макалдарын да чогултуп жүрөт экен. Бул анын хоббиси десе да болот. Мисалы, андан уккандарым: Жоону жеӊген баатыр эмес, ачууну жеӊген баатыр, Кылычынан кан тамганды, тилинен бал тамган жеӊиптир, Найза менен жеӊбегенди, нан менен жеӊиптир дегендей учкул ойлору эсте калыптыр. Мындай макалдарды ал идеология катары бардык кебинде кошуп айта берет. Бул да болсо тарбиянын бир өӊүтүдүр. Имарбай агай кезинде облус боюнча жылдын мыкты инсаны деп да аталган. Демек алар жаӊылган эмес.
* * *
— Өзүӊүз көргөндөй бизде мектептердин абалы жакшы. Жаркыраган мектептерде окушат. Бирок, чынын айтыш керек Лейлектеги эски имаратта турган №3 гимназиядай көрсөткүчкө жете элекпиз. Эмне үчүн биз ушундай жаркыраган мектепте туруп, ошол гимназиядагыдай билим сапатын көтөрө албайбыз деп бушайман болуп, балдардын эртеӊки келечегин ойлоп, алардын убалынан коркуп, ушул аракеттерди жасап жатам. Мына, Өкмөт З.Каримбеков атындагы кулайын деп калган мектептин жанына 58 млн. 547 миӊ сомго 320 орундуу жаӊы эки кабат мектеп куруп берди. Быйыл 1-сентябрда салтанаттуу ачылды. Буга чоӊ ырахмат айтып, кубанып жатабыз. Бир сменде гана окушат. Мындай мектептерде начар билим берсек, анда бизге уят, — дейт агай. Америкада деле чакан айылдарга чоӊ мектеп курулбайт экен. Алар жакын жайгашкан шаарчалардан окуучуларды заӊгыраган бир мектепке автобус менен ташып турушат. Ал эми биз кедей туруп чакан айылга зор мектеп куруп бер дейбиз. Балким биз деле ушул тажрыйбаны колдонуп көрүшүбүз керектир, — дейт ал сөз арасында.
Жаш-Тилек менен Чак айылынын ортосунда Көк-Суу дайрасы кайдадыр ылдый эмес, өйдөтө тескери шашып агып жатат. Бул суу тээ алтын чыккан жерден, кенден бөлүнүп чыгат, сууда алтындын курамы бар дешти. Демек, суусу алтынга чыланган бул айылдан буйруса мыкты адамдар өсүп чыгар деген илгери үмүт менен узадык.
Ал эми Ош шаардык билим берүү институтундагы жолугушууда Гапыр агайдын китебин алабыз деп талашкан мугалим эжейлерди көрүп, жүрөгүм аябай жылып, сырттан кубанып карап турдум. Гапыр Мадаминов, Имарбай Бакиров агайдай мугалимдери бар элеттен эртеӊки күндүн чыныгы ээлери тарбияланып чыгарына күмөнүм жок экендигин айтпай кетпесем болбос. Алардан кийинки узун тизме түзүлө турган болсо аты аталбаган ошол мугалимдер тизменин ар дайым алдыӊкы сабында турушарын, аларга “Кутбилим” чын дилден ыраазы экендигин билдирип кеткибиз келет.
Оштон асмандап Бишкекти көздөй көтөрүлгөн самолеттун ичинде келатып, көкүрөктө ушундай зор ишеним жылоолоп турду.

Майрамбек Токторов, “Кутбилим” Бишкек-Ош-Чоӊ-Алай-Бишкек

Поделиться

Комментарии