Бийдин да дили бар

  • 07.03.2014
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору менен бирдикте адатка айланган “Бийдин да дили бар” аттуу республикалык өнөр сабак өткөрүштү. Бул жолу өлкөнүн бардык аймагынан 30 хореограф келип, билимдерин өркүндөтүштү.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директорунун орун басарыИра Балтабаеванын айтымына караганда, “Бийдин да дили бар” иш-чаранын максаты -республикадагы хореографтардын билимин өркүндөтүү.

  • Биздин максат – алыскы райондорго хореографтар барбайт, барса да аз санда. Айылдык мектептердеги бий ийримин жетектеген мугалимдерди чакырып, аларды бий өнөрү менен жакындан тааныштырып, балдарга бийди кандай үйрөтүү керек экенин профессионал адистер сабак өтүштү, — дейт директордун орун басары.

Аталган иш-чара быйыл он бешинчи жолу өтүп, анын өзгөчөлүгү — региондон жалаң гана жаштар келип, ошондой эле биринчи жолу Кыргызстанда социалдык бий боюнча мастер-класс өткөрүлдү. Бул бийди Америкада социалдык жактан аз камсыз болгон адамдар көчөгө чогулуп алып, топтошуп бийлешет экен. Латиноамерикалык бийлердин базалык элементтерин, т.а. ча-ча-ча, меренге, конго, бачата, сальса бийлерин “Альянс” спорттук бал бийи боюнча мектеп-студиянын жетекчиси Л.Закржевскаянын сабагы абдан кызыктуу болгонун мугалимдер белгилешти. Ошондой эле классикалык бийлерди КР Эл артисти Мелис Асылбашев, “Шаттык” үлгүлүү бий ансамблинин жетекчиси Э.Латыпов көрсөтүштү.

  • Келген мугалимдерди эки топко бөлүп окуттук. Биринчи топко – бий коллективи бар хореографтарды окутсак, экинчи топко, жалаң адистиги жок мугалимдерди, бирок балдар менен иштейм, коллектив түзөм дегендер кирди. Ошондой эле борбордогу мугалимдер ачык сабак өтүштү. Балдардын колу, буту кандай коюлушу керек, станокко кантип тургузуу керек экенин көрсөтүштү. Иш-чаранын катышуучулары мындай сабактарды бир да жерден көрө алышпайт. Мындан сырткары, “Шаттык” ансамблинин костюмдары илинген бөлмөнү көрсөтүп, кайсы учурда кандай костюм кийилет, аларга кандлай оюларды коюш керек жд.б.у.с. тажрыйба менен бөлүштү, — дейт Ира Балтабаева.

Иш-чара 1-мартта жыйынтыкталып, өнөр сабактын катышуучулары “Сейтек” борборунун “Жаш кыял” ансамблинин 20 жылдыгына карата чакыруу билетин алышып, ошондой эле сертификатка ээ болушту.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии