БИЛИМ СЫНАГЫ: АЗИЯ АЛДЫДА

  • 22.05.2015
  • 0

Экономикалык Кызматташуу жана Өнүктүрүү Уюму (ЭКӨУ) дүйнөнүн жетимиштен ашуун өлкөсүндөгү мектептердин сапатын текшерип, рейтингин түздү. Ага ылайык, Азиянын беш өлкөсү  эӊ алдыӊкы сапка илинген.

Алардын ичинен Сингапур биринчи орунду ээледи. Билим сапатын текшерүүгө бул ирет Африка жана Латын Америка өлкөлөрү да киргизилген.

Эртеӊки күнү өнүгүүнү көздөгөн өлкөлөр бүгүнтөн баштап мектеп системасына көӊүл бураары анык. Бир катар Азия өлкөлөрү дүйнөдөгү эӊ жогорку сапаттагы билим берүүгө жетишкени жарыяланды.

Сингапурдагы мектеп окуучулары математика жана илим (физика жана химия) сабактары боюнча эӊ алдыӊкы орунду ээледи. Бул өлкө дүйнөлүк экономикага ылайыктуу кадрларды даярдоодо. Мисалы, сабактардын бардыгы англис тилинде өтөт. Ал эми окутуу усулун улам-улам жаӊыртып турушат.

Нагита Кумарашинге жергиликтүү окуу борборунун негиздөөчүсү: “Сингапурдагы окуу системасында англис тили менен математикага өзгөчө маани берилип келет. Ал эми бул өлкөнүн алдыга кеткени – башка багыттарды да унутта калтырбай, учурдун талабына ылайык жаӊылап турганынан болду”.

Дүйнөлүк билим рейтинги боюнча экинчи орунду Гонк-Конгдун мектептери алды. Үчүнчүдө – Түштүк Корея, төртүнчүдө — Япония. Азиядагы алдыӊкылардын катарына Вьетнамдын кошулганы көптөр үчүн күтүүсүз жаӊылык. Бул өлкө 12-орунга илинген.

АКШ 29-орунда. Билим берүү көрсөткүчтөрү боюнча буга чейин алдыда келе жаткан Швеция бул жолу ийгиликтүү эмес – 35 орунга түшүп калган.

Андреас Шлайхер — Экономикалык Кызматашуу жана Өнүктүрүү уюмунун өкүлү: “Азиядагы мектептердин класстарына кирсеӊиз ар бир мугалим өзүнүн окуучусун алдыга карай сүрөп турат. Сабактарга көӊүл буруу деӊгээлди абдан жогору. Бул өлкөлөрдө эӊ татаал класстарга ар дайым таланттуу мугалимдерди бөлүшөт. Демек, ар бир окуучуга татыктуу билим алууга шарт түзүлгөн”.

Билим берүү рейтингин аныктоонун максаты эмнеде?

Бул бир өлкөдөгү билим берүү деӊгээлин экинчи бир өлкө менен салыштыруу менен эле чектелбейт. Келерки аптада Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында билим берүү сапатын жогорулаткан өлкөлөрдүн экономикалык өсүшү тууралуу сөз болот. Жаӊы рейтингдин мына ошол жыйында пайдасы тийиши ыктымал.

Андреяс Шлайхерде: “Биринчи жолу дүйнөлүк деӊгээлде билим берүү сапатына баа берип жатабыз. Буга көптөгөн өлкөлөр катышты. Анын ичинде бай өлкөлөр да, жакыр өлкөлөр да бар. Эми булар рейтингге карата бири-биринин жетишкендиктерин салыштырып алышат. Андан тышкары билим берүүгө көӊүл бурган өлкөлөр узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүгө жетишээрин түшүнүшөт”, — дейт.

Мектептеги билим берүүнүн рейтингин аныктоого Европа менен Азиядан тышкары Африка өлкөлөрү да тартылган. Бардыгы болуп 76 өлкө катышты. Азырынча бул жөн гана билим рейтинги. Ал эми келечек үчүн өнүгүүнүн жол картасына айланышы ыктымал.

Математика жана илим (химия, физика) боюнча 15 жаштагы мектеп окуучулары текшерүүгө катышып, рейтинги түзүлгөн өлкөлөр:

1. Сингапур

2. Гонконг

3. Түштүк Корея

4. Япония

4. Тайвань

6. Финляндия

7. Эстония

8. Швейцария

9. Нидерланддар

10. Канада

11. Польша

12. Вьетнам

13. Германия

14. Австралия

15. Ирландия

16. Бельгия

17. Жаӊы Зеландия

18. Словения

19. Австрия

20. Улуу Британия

21. Чех Республикасы

22. Дания

23. Франция

24. Латвия

25. Норвегия

26. Люксембург

27. Испания

28. Италия

28. АКШ

30. Португалия

31. Литва

32. Венгрия

33. Исландия

34. Орусия

35. Швеция

36. Хорватия

37. Словакия

38. Украина

39. Израиль

40. Греция

41. Түркия

42. Сербия

43. Болгария

44. Румыния

45. Бириккен Араб Эмираттары

46. Кипр

47. Таиланд

48. Чили

49. Казакстан

50. Армения

51. Иран

52. Малайзия

53. Коста-Рика

54. Мексика

55. Уругвай

56. Черногория

57. Бахрейн

58. Ливан

59. Грузия

60. Бразилия

61. Иордания

62. Аргентина

63. Албания

64. Тунис

65. Македония

66. Сауд Арабиясы

67. Колумбия

68. Катар

69. Индонезия

70. Ботсвана

71. Перу

72. Оман

73. Марокко

74. Гондурас

75. Түштүк Африка

76. Гана

 Шон Гуглан, Би-Би-Синин Билим берүү маселелери боюнча кабарчысы

Поделиться

Комментарии