БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН СТАТС-КАТЧЫСЫ КАЛЫСБЕК ШАДЫХАНОВ: “МЫКТЫ МУГАЛИМ СЫЙ-УРМАТТАН СЫРТТА КАЛБООГО ТИЙИШ”

  • 24.08.2015
  • 0

 — Калысбек Токтосунович,  мугалим адистердин жетишсиз камсыз болушу туурасында коомчулукта ар кандай пикирлер чыга калып жүрөт. Бул багытта министрлик кандай аракеттерди, иш-чараларды көрүп жатат?

— Президентибиздин мугалим журтчулугунун маянасын жеткиликтүү көтөрүү багытындагы тапшырмасы аткарылып, агартуу журтчулугу кубанып турган чак. Эмгек акы көбөйөт дегенден бери мугалимдердин бош ордулары да барган сайын толо баштады. Эми адистердин жетишсиздиги мурунку жылдарга караганда бир топ эле жакшы жагына өзгөрөрүндө күмөн жок. Буга мугалимдик кесиптин ээлери барган сайын өз кесиптери менен иштөөгө кайтып келе башташы толук күбө боло алат.  Мисалы, Бишкек шаарындагы кыргыз тилинде окуткан  мектептер толугу менен камсыз кылынды. Нарын облусунда мугалимдик бош орун жокко эсе.

Мындан мектептерди  мугалимдер менен камсыз кылуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги жогорку жана атайын орто окуу жайларында педагогикалык адистигин бүтүргөндөргө мамлекеттик бөлүштүрүү жүргүзөт. Ошонун негизинде  алар колдоруна жолдомо алышып, жаңы окуу жылында бөлүнгөн ордуларына барышат. Ар бир мугалим жаш адистин жумуш орду менен камсыз болушу министрлик тарабынан көзөмөлгө алынган.

Республика боюнча 12 жогорку жана төрт атайын орто окуу жайы мугалимдик кесипке  даярдайт. Жаңы окуу жылында республика боюнча 2300гө жакын мугалим жетишпейт. Бүтүрүп чыккан 2381 адистин ичинен 1884 колдоруна жолдомо алышты. Ал эми 497 адис балдары үч жашка чейинкилер жана кош бойлуу энелер. Бул адистер каалаган учурунда кайрылышса, министрлик жумуш орду менен камсыз кылат.

Жетиштүү жана татыктуу адистерди даярдоо жана аларды жумуш орду менен камсыз кылуу максатында министрлик Багыттуу кабыл алууну (целевой прием) жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө. Мында негизинен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелери тарабынан жолдомо берилет жана гранттык орундарга кабыл алууда   абитуриенттердин мындай жаңы категориясы эске алынат.  Багыттуу кабыл алуу менен окууга өткөндөр үч тараптуу келишим (студент-окуу жайы-абитуриентти окууга жиберген жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемеси) түзүшөт. Макулдашуу боюнча студент окууну аяктагандан кийин ошол жерге барып милдеттүү түрдө иштеп берүү жагы каралган. Ошентип, жолдомо берген тарап бүтүрүүчүнү милдеттүү түрдө жумуш менен камсыз кылат.

 — Билим сапатын жогорулатуу түздөн-түз мугалимдердин кесиптик даярдыгына байланыштуу эмеспи. Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин көтөрүү багытында министрлик кандай чараларды көрүүдө?

— Албетте, сапаттуу педагогикалык адистерди даярдоону көзөмөлдөө министрликтин негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Мугалимдердин мыкты болушу үчүн жогорку окуу жайларындагы окутуучулар биринчиден, учурдун талабына жооп берүүсү шарт. Заманбап технологияларды колдонуу, аларды башкаларга үйрөтүү — бул мугалимдин башкы милдети.

Былтыркы окуу жылында кесиптик орто окуу жайлардын окутуучуларынын 21 пайызы кесиптик билимин жогорулатуучу атайын курстардан өтүштү. Ал эми жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамынын 33,2 пайызы өз квалификациясын жогорулатышкан.

Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин көтөрүү багытында министрлик төмөнкү иш-чараларды аткарууда: Квалификацияны жогорулатууда угуучуларга берилүүчү курстар мазмундук жактан өзгөртүлгөн жумушчу окуу программалары аркылуу ишке ашырылууда. Курстардын мазмунунда  азыркы илимдин жетишкендиктери жана билим берүүнүн проблемаларына тиешелүү окутулуучу предметтер да эске алынган. Билим берүү жана илим министрлиги 100 инновациялык  мектептерин тандоо үчүн ачык конкурс жарыялаганына байланыштуу   профессордук-окутуучулар курамына интерактивдүү доскаларды, компьютердик программаларды окуу процессинде колдонуу жана пайдалануу боюнча атайын курс уюштурулган.

Ошондой эле мектептин усулдук бирикмелеринин жетекчилерине 72 сааттык «Окутуунун сапатын жакшыртуу» деген курс өткөрүлдү. Анда сабактын максатын окуучунун позициясына коюну;  алардын көрсөткүчтөрүн иштеп чыгууну; баалоо критерийлерин; жаңы маалыматтарды узак мөөнөткө эс тутумга өткөрүүнү; сабактын максатын ишке ашырууда натыйжалуу усулдарды тандоону; окуучу өсүп-өнүгө тургандай суроолордун системасын түзүүнү; баалоонун түрлөрүн;  калыптандыруучу баалоонун техникаларын; кайтарым байланышты колдонууну жана инсанга багытталган окутуу шартында окуучуга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштайт. Ар бир предметтин теориясы жана методикасы боюнча кенен тажрыйба алмашуу, талкуу жүрөт. Курстарга келген мугалимдер мүмкүнчүлүккө жараша таркатма материалдар менен камсыз болушат.

Кыргыз билим берүү академиясынын алдында педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борбору иштейт. Бул борбордо Инновациялык билим берүү технологияларынын атайын лабораториясы түзүлгөн. Мында квалификацияны жогорулатуу боюнча курстук иш-чараларды өткөрүүнүн мазмуну да, түрү да, ыкмалары да түзүлгөн.

Квалификацияны жогорулатуу курстарында угуучуларга берилүүчү курстардын мазмуну бардык предметтер боюнча мазмундук жактан заманбап шартка карата өзгөртүлүп, лекциялардын тексттери кайрадан иштелип чыккан, практикалык иштер аныкталган, угуучуларга таратылып берилүүчү дидактикалык материалдар алдын ала даярдалган. Курстардын мазмунунда  азыркы илимдин жетишкендиктери жана билим берүүнүн проблемалары тиешелүү окутулуучу предметтерде эске алынган.

2008-жылдан тартып  Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында аймактык усулдук борборлор иштейт. «Билим берүүнүн экинчи долбоорунун»  чегинде Кыргыз билим берүү академиясы, Ош  ОИУУ, Ысык-Көл билим берүү институту компьютердик, лингафондук жана аудио көрмө  жабдуулар, эмеректер менен жабдылган. Дагы бир айта кетчү жагдай, өнүккөн өлкөлөрдөгү үлгү болчу жагдайларга көңүл бурсак, мисалы, Германияда ошол эле мугалимдердин кесиптик чеберчилигин көтөрүүдө мыкты мугалимдердин өздөрүнүн эмгектерин, баяндамаларын өткөрүп, мыктыларын иргеп алып, кийинки жылдарга пайдаланышат экен. Биз деле ушундай жаңылыктарды август кеңешмелерине кошсок болчудай.

— Мектептерде уюшулуп жаткан көзөмөлчүлүк кеңеши мектепке, мугалимдерге жетишерлик стимул бере алабы?

— «Көзөмөлчүлүк  кеңеш жөнүндө»  мыйзамга ылайык,  Көзөмөлчүлүк  кеңеш  юридикалык макамы жок болсо да, жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик башкаруу жана муниципалдык мекеме болуп эсептелет. Ошого ылайык,  жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын буйругу менен билим берүү уюмдарында Көзөмөлчүлүк  кеңештер  түзүлгөн.

2014-2015-окуу  жылынын башталышында  республика  боюнча  1002 мектепте, 209 балдар бакчасында жана 25 мамлекеттик ЖОЖдо Көзөмөлчүлүк  кеңеш   уюшулду.

Көзөмөлчүлүк  кеңеши  ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнөн, илимий, билим берүү, бей өкмөт, эл аралык, коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдардын, студенттердин, ата-энелердин бирикмелеринин өкүлдөрүнөн туруп, билим берүүчү уюмдардын ишине коомдук көзөмөл жүргүзүшөт, коомчулук менен иштөөнүн натыйжалуулугун көрсөтөт, жеке жарандар менен уюмдардын ишин бириктирет, билим берүүчү уюмдардын окутуу жана материалдык-техникалык базасын жакшыртат. Ошондой  эле, бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануунун ачык-айкындыгын чагылдырат. Кыргыз Республикасынын 53 мамлекеттик кесиптик орто окуу жайынын он биринде  камкордук Кеңештери  түзүлүп, бекитилген иш-чаралардын негизинде иш алып барышууда.

— Мугалимдерди аттестациялоонун жаңы ыкмасы биз күткөн натыйжаларды бере алабы?

— Жакшы натыйжасын бербей койбойт. Айлыгым аз деп берген сабагын өз деңгээлинде аткара албаган мугалимдер бизде жок эмес. Бул кечиримсиз иш. 30 жыл бою эле бир ордунда жылбай, баягы эски дептери менен сабак өткөн мугалим азыр болбоого тийиш. Буга чейин ЮНИСЕФтин техникалык багыттагы колдоосунун алкагында  жумушчу топто республиканын бардык райондорунун катышуусу менен  жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдерин аттестациядан өткөрүү боюнча бир нече укуктук–ченемдик актылар   иштелип чыккан. Алар: КР жалпы билим берүү мектептеринде мугалимдердин аттестациясын өткөрүү жөнүндөгү жобо; КР педагогикалык кызматкерлерине квалификациялык категорияларына ылайык ай сайын төлөөнүн шарттары жөнүндөгү жобо; “Жалпы билим берүү  мекемесинин мугалими” кесибинин квалификациясынын баскычтарынын түзүлүшү; Мугалимдин квалификциясынын баскычтарына карата талаптар (мугалимдин кесиптик өсүшүнүн картасы жана баскычтарга карата квалификациялык талаптар); “КРнын жалпы билим берүү мекемелериндеги педагогикалык кызматкерлерге мугалим кесибиндеги квалификациялык баскычтардын киргизилиши жана алардын  берилишинин тартиби” жөнүндө  Өкмөттүн токтомунун долбоору иштелип чыгып, министрликтер жана ведомстволор менен макулдашууга жиберилди. Мына ушул аракеттердин баары бүгүнкү мугалимдин деңгээлин көтөрүүдө, заманбап билим берүүнү камсыз кылууда чоң өбөлгө болууга тийиш деп ойлойм.

— Мугалимдерге мамлекеттик сыйлыктар, наамдар жана материалдык жардамдар бир топ дем берээри талашсыз. Маселен, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин көп жылдык эмгегине карап эмес, жетишкен ийгиликтери үчүн ыйгарса деген агартуу журтчулугунун сунуштарына сиздин оюңуз?

— 2014-жылдын 16-майында бекиген «Ведомстволук сыйлыктарды берүү» жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык, министрликтин сыйлыктары калыс болушу үчүн комиссиянын чечими менен гана ыйгарылып келет. Мектеп, район, облус, республика аралык сынактардын жеңүүчүлөрү, мугалимдердин жетишкен ийгиликтери комиссия тарабынан сөзсүз түрдө эске алынууда. Мыкты мугалим эч убакта көлөкөдө калбашы керек. Азыркы учурда өз ишин мыкты билген мугалимдерден айланса болот. Аларга Ардак грамота, төш белгиден да жогорку мамлекеттик  сыйлыктарды ыйгарса татыктуу деп айтаар элем. Биз мугалимдердин эң жакшы, үзүрлүү, натыйжалуу эмгектерин мындан да жогору баалап, сыйлаганга милдеттүүбүз.

Маектешкен Майрамбек Токторов,“Кутбилим”

 

Поделиться

Комментарии