Билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган документтер

  • 14.02.2014
  • 0

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” жана “Мугалимдин статусу жөнүндө” Мыйзамдары, жалпы эле билим берүү тармагындагы укуктук-ченемдик актылар мектеп директорлору тарабынан мектеп ишмердигинде аткарылып жана пайдаланылып келинсе, бүгүнкү күндө агартуу тармагынын негизги өнүгүү багыттары КР Президент тарабынан 2000-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын билим берүү мамлекеттик Доктринасында”, 2013-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнүн улуттук стратегиясы”, 2012-жылы өкмөт тарабынан бекитилген “Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунун өнүгүүсүнүн негизги багыттары” жана бул документтерди турмушка ашыруу багытында КР Билим берүү жана илим министрлигинин кабыл алган токтомдору аркылуу аныкталат.

Доктрина — билим берүүнүн стратегиясын жана тактикасын аныктаган негизги документ
Негизи эле мамлекеттик турмуштун ар түрдүү тармактарында далай эле Программалар кабыл алынып келинбедиби. Кайсы бир мамлекеттик жыйында Кыргызстанда Программа жазганды жакшы үйрөнүп алышты деп айтылганы эсимде. Айрым Программаларды турмушка ашырууда финансылык жактан колдоо негизинен жетишсиз болгондуктан, алардын аткарылышы жана натыйжасы боюнча карапайым эл ичинде сезилээрлик таасири деле көп байкалбайт. Ошондой болсо дагы, алардын ар биринин мамлекеттин өнүгүшүндө өз орду бар. Менин оюмча, 1996-жылы кабыл алынган “Улуттук “Билим” программасы” билим берүү тармагынын абалына оң таасир бергендиги чындык.
Жалпы билим берүү тармагын өнүктүрүү өңүтүндө карасак билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн приоритеттүү жолдорунун стратегиясын, билим берүүнүн жогорку деңгээлине жана сапаттуу билимдин жеткиликтүүлүгүнө багытталган коомчулуктун демилгелерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын билим берүү мамлекеттик Доктринасынын өз орду бар. Доктрина 2025-жылга чейинки аралыкты камтып, билим берүү чөйрөсүнүн өнүгүшүнүн стратегиясын жана тактикасын аныктаган негизги документ катары, биринчи кезекте, заманбап технологияны эске алуу менен билим берүү тармагын каржылоодо жана башкарууда туруктуулукту жана оптималдуулукту, өз убагында жана адекваттуу эмгек акы төлөөнү камсыз кылуу жана айылдык мектептерди приоритеттүү колдоо системасын киргизүүнү аныктаган. Доктринанын алкагында билим берүү тармагындагы мыйзамдык базаны кайра карап чыгуу белгиленген.
Кыргызстандагы рынок экономикасына өткөөл мезгилдеги социалдык-экономикалык жана саясий кайра өзгөрүүлөр билим берүү системасынын кайра курулушуна жана анын өнүгүүсүнүн приоритеттеринин алмашуусун шарттады. Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгын калыптандыруу өңүтүндө билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө жана коомчулукта билим, илим жана маданият адамдык өнүгүүнүн туруктуу фактору, өлкөнүн өнүгүшүн жана анын атуулдарынын татыктуу жашоосун шарттоочу улуттук дөөлөт ой-тутумун калыптандыруу зарылчылыгы мамлекеттик доктринанын пайда болуусун шарттады.
Доктринанын башкы максаты — ар тараптан өнүккөн, социалдык активдүү, кесипкөй даярдалган атуулдун кызыкчылыгында жана Кыргыз Республикасынын демократиялык мамлекет катары социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүсүнүн негизги фактору катары билим берүү тармагын өнүктүрүү.

Доктрина эмнени камсыздайт?
— Республиканын бардык атуулдарынын мамлекеттик билим стандарттарынын алкагында акысыз башталгыч, жалпы орто жана башталгыч профессионалдуу билим алуу мүмкүнчүлүгү;
— билим берүүдөгү жетишкендиктердин тарыхий мурасын жана улуттук маданий каада-салттарды сактоо;
— жалпы билим берүүнүн мазмунун маданияттын, экономиканын, илимдин, техниканын жана технологиянын өзгөрүшүн эске алуу менен ырааттуу жаңыртуу;
— билим берүү уюмдарынын ишинин эффективдүүлүгүнө жана бийик сапатына жетишүү;
— дүйнө таанууда заманбап жана илимий көз-карашты калыптандыруу;
— эркин демократиялык коомдун патриотторун калыптандыруу, улуттар аралык мамиленин маданиятын өнүктүрүү;
— айлана-чөйрөгө жана жаратылышка туура мамиле жасоо максатында экологиялык тарбия;
— адамдын ар тараптуу өнүгүшү кызыкчылыгнда эстетикалык жана физикалык тарбия;
— билим берүү уюмдарынын көп түрдүүлүгү, окуу программаларынын көп варианттулугу;
— эркин демократиялык коомдун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө жана рухий баалуулуктарын эске алуу менен билим берүү тармагын кайра түзүү.

Мамлекеттин билим берүү тармагындагы милдеттери
— Атуулдардын билим алууга конституциялык укуктарын камсыз кылуу;
— балдардын үй-бүлөдө жана билим берүү мекемелеринде татыктуу тарбия жана билим алуусуна шарт түзүү;
— өсүп келе жаткан муундарды мыйзамдуулукту жана элдик каада-салттарды урматтоо духунда тарбиялоо;
— билим берүү тармагынын приоритеттүү өнүгүшүн камсыздоо, билим берүү уюмдарынын каржылоосунун туруктуу жана толук кандуу болуусу, тармактагы бюджеттик каражаттардын натыйжалуу пайдалануу максатында социалдык-экономикалык шарттарды түзүү;
— бюджеттен тышкаркы каржылоону стимулдаштыруу жана билим берүү тармагына мамлекеттик эмес инвестицияларды колдоо;
— билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгуу жана киргизүү;
— жаңы программаларга, технологияларга, информациялык базаларга, окуулук жана илимий адабияттарга кирүү мүмкүндүгүнө көмөктөшүү; жалпы билим берүүчү мектептердин окучуларын окуу китептери жана пособиялары менен камсыз кылууда социалдык туура саясатты жүргүзүү ;
— улут аралык мамилелерди гармонизациялоо;
— атуулдардын окуу тилдерин тандоо укуктарын, тилдерди үйрөнүү мүмкүндүктөрүн камсыздоо;
— айылдык мектептерде сапаттуу билим алуу жана алардын материалдык базасын өнүктүрүү, айыл жериндеги, өзгөчө, бийик тоолуу, педагогдорго жана окуучуларга социалдык жеңилдиктерди берүү;
— аялуу балдарга жана кирешеси төмөн үй-бүлөлөрдүн балдарына атайын программалар жана фонддор аркылуу сапаттуу билим алуусуна көмөктөшүү;
— массалык маалымат каражаттарында агартуучулук програмаларды кеңейтүү, интернетте кыргыз тилиндеги окуу программаларын түзүүгө жана таратууга көмөктөшүү;
— дүйнөлүк билим берүү тармагы менен интеграциялоо алкагында Кыргызстандын агартуу тармагын өркүндөтүү;
— билим берүү тармагын толук кандуу каржылоо, материалдык-техникалык ресурстар менен камсыздоо максатында механизмдерди жана каражаттарды түзүү.

Эмгек акы. Кадр саясаты
Билим берүү тармагын каржылоодо 2000-жылы деңгээлинен этап этабы менен дүйнөдөгү экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттердин деңгээлине жеткирүү каралган. Ошондой эле, бирдиктүү тарифтик сетканын баштапкы разрядын КР социалдык-экономикалык абалына жараша жогорулатуу, 2025-жылга чейин педагогдордун айлык акыларын көтөрүп туруу көргөзүлгөн.
Таланттуу окуучуларды жана студенттерди каржылык колдоо айтылган. Билим берүүнүн кошумча булагы катары билим берүү тармагына мамлекеттик эмес салымдарды колдоо эсептелет.
Педагогикалык кадрлар боюнча билим берүү тармагындагы кадрдык саясатты иштеп чыгуу, билим берүү тармагындагы кызматкерлерди приоритеттүү колдоо, алардын баркын жана социалдык статусун кынтыксыз көтөрүү, агартуу тармагына окуу процессин жогорку деңгээлде жүргүзө жана ички дүйнөсү кең адамды тарбиялай алуучу кесипкөйлөрдү тартуу, беш жылда бирден кем эмес кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана өз убагында кайра даярдоого шарт түзүү көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы
2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында билим берүү тармагына тиешелүү төмөнкүлөр көргөзүлөт.
Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын азыркы абалын талдоо сапаттуу билим алууга карай жолдо арымдуу өнүгүүнү кечеңдеткен көп сандаган көйгөйлөр бар экендиги жөнүндө далилдеп турат.
Бүгүнкү күндөгү кырдаал өлкөнүн билим берүү системасы дүйнөлүк керектөөлөрдөн гана эмес, ошондой эле Кыргызстандын коомунун өз керектөөлөрүнөн да дайыма артта калуусу менен мүнөздөлөт. Ошондуктан билим берүү системасын реформалоо менен гана ушундай маселелерге жооп берүүгө болот.
Билим берүү чөйрөсүндө 1,5 миллионго жакын кыргызстандыктар билим алышат жана эмгектенишет. Кыргызстанда билим берүү системасын реформалоонун кыйла маанилүү этабы 2012-2020-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын кабыл алуу болуп саналат. Аны ишке ашыруу ата мекендик билим берүүнүн мыкты салттарын жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен азыркы талаптарына ылайык ийкемдүү, ачык улуттук билим берүү системасын түзүүгө багытталган.
Реформанын негизинде билим берүү системасы атаандашууга жөндөмдүүлүктү жана өлкөнүн гүлдөп өнүгүшүн камсыз кылууга, ошондой эле адам капиталынын наркын жана сапатын жогорулатууга көмөктөшүүгө тийиш экендиги камтылган.
Билим берүү чөйрөсүндөгү башкы приоритет мектепке чейинки жана мектептик билим берүү болуп саналат — бул мамлекеттин функциясы.
Жалпы билим берүү мектептеринин деңгээлинде проблемалардын бүтүндөй бир комплексин чечүү милдети турат. Мектептик билим берүүнүн мазмунун кайра карап чыгууга, жаңы муундагы предметтик стандарттарды киргизүүгө, окуу китептери менен камсыз кылууга, ошондой эле маалыматтык технологияларды, айрыкча, алыскы мектептерде өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө басым жасоо зарыл. Ар бир мектепте коопсуз, толеранттуу жана көп маданияттуу билим берүү чөйрөсүн түзүү, өзгөчө, муктаждыктары бар балдардын жана аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн билим берүүнү эске алуу менен билим берүү системасынын инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу зарыл. Билим берүүдө мамлекеттик-коомдук башкаруу принциптерин чыңдоо жана билим берүү уюмдарындагы коррупцияны кыскартуу үчүн Камкорчулук кеңештерин түзүү керек.
Азыркы этапта педагогикалык ишмердиктин приоритеттүү багыты элдин маданий жана руханий баалуулуктары жана каада-салттары аркылуу руханий-адептик негиздерди калыптандыруу болууга тийиш. Тарбиялоо жана билим берүү табигый өз ара байланышкан процесс болушу керек.
Ал тургай билим берүүнүн эң алдыңкы деген мазмуну да билим берүүдө жаңы технология киргизилбесе таптакыр керексиз болуп калат. Бүгүнкү күндө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө жаңы муундагы адистерди тарбиялоого орто, атайын-орто жана жогорку билим берүү системасын багыттоо зарыл, бул экономиканы, илимди жана маданиятты келечекте кийинки тездетип өнүктүрүүнү аныктоочу негизги шарттардын бири болуп калышы мүмкүн.
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугунун абалынын көрсөткүчтөрү начарлоодо, дене тарбия жана спорттун массалуулугу болгону 6-7%га жетет, бул калктын генофондунун коопсуздугунун босоголук деңгээлинен төмөн (15%); аскерге чакыруу жана чакырууга чейинки курактагы жаштардын жарымынан көбү дене боюнун даярдыгынын ченемдерин жана талаптарын аткара алышпайт.
Бул көйгөйлөрдү чечүү максатында жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын дене бой жагынан даярдыгынын нормативдерин тапшыруу системасын кайра жаратуу. Мында ченемдер иштелип чыга турган критерийлер, эң оболу кайсы мектеп болбосун, ал тургай заманбап спорттук жабдуулары жана шаймандары жок мектептер үчүн аларды кабыл алууга жеткиликтүүлүктү эске алышы керек.

Билим берүүнү өнүктүрүү Концепциясы
2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү Концепциясы жашоонун башка чөйрөлөрүнө салыштырмалуу билим берүүнү ыкчамдап өнүктүрүү максатын көздөйт, анткени билим берүү гана өлкөдөгү адамдык потенциалды өнүктүрүү менен байланышта жана башка чөйрөдө реформаларды камсыз кылуу үчүн лидерлерди жана адистерди даярдайт.
Билим берүү системасын ыкчамдап өнүктүрүүнүн зарылчылыгы дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө кабыл алынгандай эле окуп жаткан коомдун концепциясынын негизи болуп саналат жана өнүктүрүүнүн жогорку деңгээлин кармап турууга мүмкүндүк берет.
(уландысы бар)
Чолпонбек Тиленбаев
2012-03-07_14-16-39_747360-2

Поделиться

Комментарии