БАЛДАРДЫН СҮЙГӨН ЖАЙЫ

  • 05.07.2013
  • 0

Окуучулар жадыраган жайдын күндөрүндөгү каникул учурунда балдардын ден соолугун жакшыртуучу борборлордо болушууда. Азыр бир жыл бою окуудан чаалыккан организмди кайра калыбына келтирүү жана ден соолукту чыӊдоо мезгили. Себеби эс алуу борборлорунда: сууга түшүп, чабак уруп, спорттун түрлөрү менен машыгып, ар түрдүү оюндарды ойноп, ар кандай көркөм чыгармачылыктагы конкурстарга катышып көпчүлүк убактысын ден соолукка даба таза абада өткөрүшөт.

БАЛДАРДЫН СҮЙГӨН ЖАЙЫ

СССРдин убагында Сокулук районунун аймагында беш пионер лагерь жайгашып, жай бою толук ыргакта иштечү. Эгемендүүлүк заманы келгенде айрым жарандар мекеме-ишканаларды, балдар бакчаларын, пионер лагерлерин менчиктештирип алышты. Ленин заводунун, Фрунзедеги эт-консерва комбинатынын пионер лагери менчиктештирилди. Сокулуктагы соода машиналарын чыгаруучу завод банкрот болгондон кийин бузулуп, жыгач-ташы, кирпичи, башка толгон-токой жабдуулары ташылып кетти. Фрунзедеги автомашиналарды оӊдоочу заводдун пионер лагери жамааттардын мүчөлөрү үй-бүлөлөрү менен бир же бир нече күнгө эс алуучу жайга айланды.

Ал эми Сочидеги «Артек» лагериндегидей долбоор менен салынган эки кабат сегиз имараты жана заманбап долбоор менен салынган эки кабат, 750 тамак ичүүчү жайы бар «Строитель» пионер лагерине көздөрүн кызартып, аны да «прихватизация» кылуу аракети А.Акаевдин доорунда башталган. А.Акаевдин жан-жөкөрлөрү, министрлер эки жолу 5-6 «Джип» машинасын айдаткан аткошчу министри менен келип, кытайлык жана казакстандык бизнесмендерге бергиси келди. Үй куруу корпорациясынын башкы директору М.Казакбаев, лагердин директору Г.Осмонкулова аларга каршы туруп берилбесин айтышты.

Эӊ кыйын кырдаал качып кеткен К.Бакиевдин учурунда туш келди. Бир күнү «Икарус» автобус толтура ОБОНдун ажан аялдары келишип: «Дарбазаны ачкыла! Акам айткан, лагерь биздики болот. Биз корпустарга кирип жашап турабыз!», — дешти. Арасындагы беш-алты эркек танасы тосмодон секирип өтүштү. Кеткиле дегенине болбогондо, итти агытууга туура келди. Ошондо гана: «Лагерь биздики болот. Азыр эле киргизсеӊер болмок», — дешип, артка бурулуп кетишти. Андан кийин үч жолу келишип, лагерди алууга аракеттеништи. Сес көрсөтүп, курал жаракчан, кара костюмчан чакырылбаган коноктор келген  кооптуу күндөр лагерь үчүн болгон күрөш артта калды. Балдардын ден соолугун жакшыртуучу комплексти колдон чыгарбоо «Азат» үй куруу корпорациясынын башкы директору М.Казакбаевдин жана борбордун директору Г.Сагыналиеванын алдына койгон максаты болду.

«Строитель» атындагы балдардын борбору 17-июнда алгачкы агымдагы балдарды кабыл алды. Жылына бул жерде 600-700дөй бала эс алып кетет. Балдардын борборунда жашылдандыруу маселесине өзгөчө маани берилген. Лагердин имараттары бак-дарактардын ортосунда, жап-жашыл аймакка чулганган. Лагерге кире бериште, роза гүлүнүн ар түрү өскөн гүлзарлуу аянт көздүн жоосун алат. Спорттук жана балдар ойной турган аянтчалар заманбап үлгүдө жабдылган.

Жайкы бассейн эки деӊгээлде курулган, анда балдар график менен чабак уруп ойноп, сууда сүзүүгө үйрөнүп, сууда сүзүү мелдештери өткөрүлүп турат. Жайкы бассейндин аймагында кыздар жана балдар үчүн күндүн (нуру) табы менен жылуучу жайкы сергитме, дагы эс алууга өбөлгө түзүүчү керектүү жабдуулар бар. Ал эми өзүнчө бир имаратта – электр жылыткычтардан ысык суу келип туруучу жылытылган бөлмөдө душ күнүгө иштейт. Бир убакта алты бала  жууна алат. Комплекстин ортосундагы  узатасынан  көркөмдөлүп жасалган жайдагы  фонтандан оргуп атырылып чыккан майда-майда чачырандылар айланага мээлүүндүктү таратып турат. Ашканада заманбап технологиялык жабдуулар, азык-түлүктөрдү өз алдынча сактоого ылайык муздаткычтар жетиштүү. Балдар төрт маал ар түрдүү тамак-аш менен камсыз болгон.

Борбордун директору Гүлнара Осмонкулова, улуу тарбиячы Лариса Автарова, Ким Асель жана врач тарабынан түзүлгөн режимдин негизинде эс алып, ден соолугун чыӊдап жаткан балдардын максатсыз өткөргөн бош убактысы жок. Алар кружоктордо, секцияларда, стадиондо, отряддарда жана башка жайларда болушат.

Лагерде болгон учурда балдар ар бир агымда бир күндүк туристтик жүрүш, экскурсия, отряддар арасында спартакиада, ыр-бийлердин жана башка чыгармачыл конкурстарга, «Нептун» майрамына катышат. Алоолонуп  жанган оттун (костер) жанында ырдоо жана башка кызыктуу оюндарга аралашат.

2013-жылдын алгачкы агымында 68 бала эс алууда. Негизинен балдар кийинки агымда көп келет. Балдардан эс алуу жагдайын сураганда Ким Галя, Мадина Мурадова, Мищенко Артем эс алуунун мыктылыгын бир добуштан айтышты.

Бассейнде чабак уруп, ойноп, конкурстарда талант дараметтерин ачып, стадион жана башка жайларда чуру-чуу түшүп, каткырып-күлүп, айтор, жамалынан нур балкытып чексиз ырахатка баткан жарык маанайдагы балдарды көрүп, аларга сыймыктанган ишкер жетекчи Гүлнара Осмонкулованын жан дүйнөсү толкуп, көӊүлү өзгөчө жайдары. Керээли-кечке тынбай аткарган түйшүктүү ишинде чарчап-чаалыгуу дегенди караманча  унутуп калат. Балдардын ден соолугуна себепчи болгон, бактылуу келечегине жол ачкан, мындай ажайып жайдын айыгышкан күрөштөн кийин  бир нече жыл катары иштеп жатканына кубанычы мелт-калт.

 

Тобокел Каниметов

Поделиться

Комментарии