БАЛДАРДЫ ТАТЫКТУУ ЖАШООГО ҮНДӨӨ – АТА-ЭНЕЛЕРДИН МИЛДЕТИ

  • 29.05.2015
  • 0

Адам баласы бул жашоодо коомго өз ордун, өз үнүн,  өз табылгасын кошуп, татыктуу жашап өтүүнү максат кылат эмеспи. Сөз учугубуз маӊыздуу жана өтөлгөлүүөмүр сүрүүүчүн бала тарбиялоонун ролу, анын бир нече багыттарын сунуштоо жөнүндө болмокчу. Ар бир пенде өмүр жолунда жакшы из калтырууну туура ойлоно билсе, ага кызыга алат. Кызыгуунун болушунун зарылдыгы келип чыгуучу жыйынтыктын мөмөлүүлүгүн камсыз кылат. Бул жашоодо адам баласынын из калтыруусу үчүн бир нече багыттар бар. Алардын бири – бала тарбиялоо.

Татыктуу тарбияга тарбиялуу коом керек…

Келечек ээлери болгон жаштарыбызга, балдарыбызга татыктуу тарбия, каныккан билим берүү ар бирибиздин атуулдук милдетибиз, адамдык ыйык парзыбыз деп ойлойм. Эртеӊки жаркын келечек, тарбиялуу коом, өнүккөн маданияттуу турмушубуз үчүн – балдарыбызга тереӊ, туура тарбия берүү зарылдыгы келип чыкты. Коомчулук жапа тырмак киришип, ар бир үй-бүлө, ар бир ата-эне баланы туура тарбиялоого астейдил кызыкдар болуп, үйдө да, мектепте да, көчөдө да балдарыбыз туура багытты тандоосу үчүн тарбия багытындагы бардык шарттарды жандандыруубуз керек деп ойлойм.

Мисалы, кээ бир адамдар бар, өздөрүнүн балдары өзгөлөрдүн балдарына караганда күчтүүрөөк болушун каалайт. Бул түшүнүк, албетте,  жаман нерсе эмес, бирок жаман жагы да бар. Анткени мисал келтирип көрөлү, айылда 60 ата-эненин экиден 120 баласы бар дейли. Алардын төртөө балдарын эӊ жакшы тарбиялады. Бирок калган жакшы тарбиялабаган 56 ата-эненин тартипсиз балдары, тарбиялуу төрт баланын жакшы иштерин жок кылууга, ал тургай айылдагы эӊ жаман окуялардын келип чыгышына себепкер болушат. Же болбосо, ошол айылды башка айылдарга жакшы жагынан эмес, жаман жагынан таанылтышы мүмкүн. Ал тургай айылдагы ууру-кески, мушташ-тиштеш — терс көрүнүштөргө аралашкан балдар болуп чоӊойсо, анда «менин балам башкалардын балдарынан жакшы бала болсун» деген тилектин канчалык деӊгээлде пайдасы бар? Мындай учурда тарбиялуу төрт балага тартипсиз калган балдардын кесепети тиет. Эгерде, бардык балдар тарбиялуу болгондо, анда ошол чөйрөдө эӊ сонун жашоо өкүм сүрөт. Демек ата-энелер «Балдарыбыз жакшы тарбиялуу болсун» дешсе, анда башкалардын балдарынын дагы тарбиялуу болушун каалаш керек жана ага карата аз да болсо салым кошушу зарыл. Жеткинчек курагында уурулук кылган бала, ал ишин кийин кайталашы да, кайталабашы да мүмкүн. Кайталоо-кайталабоосу, анын буга чейин жана ушул мезгилдерде кандай тарбия алышына жараша болот. Мындан сырткары, мына ошол биринчи уурулугуна карата кандай чарага туш болуп, кандай жооп алгандыгына да карата кадамы уланат. Канткен чакта да мына муну эсибизден чыгарбашыбыз керек, ошол жеткинчек өзүнүн ушул уурулук кылганын унутпай жашайт. Андыктан, балдарыбыз чоӊойгон кезде балалыгынан эӊ жакшы окуялардын элесин сактап калышына камылга көрөлү.

Аттын кишенегенин, козунун маараганын чоӊ адамдарга караганда бала жакшы эстеп калат жана жакшыраак кайталап бере алат. Ушундай курагында аларды жакшылыктарга багыттап, адал жолго салып алууга ашыгышыбыз абзел. Балдардын жүрөгүнө өмүр бою токтоолукту, акылмандуулукту, ыймандуулукту сиӊирүү ар бир акыл-эстүү жарандын ыйык милдети бойдон калышын каалайм.

Балдарыбызды туура тарбиялоону эч качан кечиктирбешибиз зарыл

Чындыгында балдарды тарбиялоо «эненин кардында бала түйүлдүк кезинен башталуусу зарыл» деген ойду дагы четке каккан окумуштуулар бар. Анткени ата-эне болуучу эки жаш келечектеги күмөндүү балдар үчүн, ошол мезгилден баштап өзүнүн ден соолугуна кам көрүүсү шарт. Турмуш кураарда бири-биринин психологиялык өзгөчөлүктөрүн таануу аркылуу туура жол табуу менен бирге географиялык абалды эске алууну да ой пландан четке калтырбагандыгы жакшы. Ошондой эле бир нече текшерүүлөрдөн, анализдерден жыйынтыкты туура чыгарууну колго алуу абдан зарыл нерсе. Айталы, туугандардын бири-бири менен баш кошпошу жөнүндөгү ислам дининдеги түшүнүктөрдүн эӊ тууралыгы эске алынбаса, анда, тилекке каршы, майып балдардын туулуп калуу ыктымалы жок эмес. Андан сырткары, эки баш кошуучу жаштын жаш өзгөчөлүгү, алган буга чейинки тарбиясы, билими, мындан кийин кайда жашашы, же болбосо, алардын мүнөздөрүндөгү дал келүүчүлүк менен карама-каршылыктар изилденип чыкпаса, анда бактылуу үй-бүлөнүн болушу кыйыныраак болот. Ал эми үй-бүлөдө бактылуулук болбосо, анда балдарды тарбиялоо тескери натыйжа жаратат. Бала тарбиялоого өзгөчө маани берүү — эч качан кечикпей турган жол. Анткени кичинекей баланын ден соолугунун чыӊ болушу анын келечекте мыкты ата же эне болушуна дагы таасирин тийгизет. Баланын таанып билүүсүнүн бийик болушу, келечектеги өзү — ошол баланын баласынын ар тараптуу өсүп өнүккөн адам болуп торолуп чоӊоюшуна түрткү болуучу жагдайлардын бири. Элибизде, негизинен, балдарды тарбиялоодо «элдик педагогика» деген түшүнүккө жакын болгон окуялар кыйла эле көп. Ал тургай мунун бир нече мисалдары да бар. Алардын айрым мисалдарын келтире кетели: элдик педагогикадагы инсан идеалы. Кыргыз эли тарбиялоонун максаты жана мазмуну жөнүндөгү эзелтеден бери түзүлгөн тереӊ көз караштарын «адам кылуу» деген жөнөкөй  түшүнүк менен туюнтуп келет. «Адам бол» деген бийик талапты ар бир ата-эне балага кичине мезгилинен тарта кулагына куюп, жан дүйнөсүнө сиӊире баштайт. Кыргыз элинин тарбия көз карашында уул балдар менен кыздардын идеалы алардын үй-бүлөлүк жана коомдук турмуштагы ордуна карай өз алдынча өзгөчө мерчемдер менен аныкталган. Дайыма элибизде бала тарбиялоодо адеп-ахлакты, пейил-мүнөздү калыптандырууда, көркөм-эстетикалык табитти өстүрүүдө: уламыш, дастандар, жомоктор, макал-лакап, элдик ырлар, санжыраларыбызда сакталып келет.

Аталган баалуулуктарыбызды балдарыбыздын жан дүйнөсүнө сиӊирүү – биздин, педагогдордун эӊ негизги милдети. “Манас” эпосунан тарта элибиздин улуттук баалуулуктарын акылыбызга сиӊирип,  тарыхыбыздын алтын казынасында сакталып келе жаткан элдик педагогиканын асыл мурастарын балдарыбыздын жүрөгүнө кайтаруу мезгили келди деп коӊгуроо каккым келди.

“Эрдин көркү – эл менен, эмгегиӊ менен элге жак”, “Жаш кезиӊде жаркылдап, калкыӊа тийгиз керегиӊ” деген Токтогулдун насаатынан тарта “Зөөкүрдү чабар камчы бол, кургак жерге тамчы бол! Дүлөйлөргө кулак бол, чөлдүү жерге булак бол! Аргымак минген баатыр бол, алсыздарга жакын бол! Жетимдерге көмөк бол, канкорлорго касап бол! Калп айтканга мазак бол, ууруларга айгак бол!  Ушакчыга сайгак бол, эрегиш чыкса элчи бол! Эл-журтуӊдун кенчи бол, кара өзгөй болбой калыс бол! Кошоматтан алыс бол, жери жокко конуш бол!” деп коӊгуроо каккан Жеӊижоктой улуу акындарыбыздын көркөм дөөлөттөрүндө катылган тарбия жараяндарына кайрадан баш-отубуз менен кирип, руханий байлыктарыбызды балдарыбыздын билимине айкалыштыруу учуру келип отурат.

Ата-энелерге кайрылып айтаарым, балдарыбызга жаӊы кийим, же кымбат кийим сатып алып берүүдөн кечиксек мейли, бирок туура тарбиялоону эч качан кечиктирбешибиз керек.

Улутубуздун улуттук баалуулуктарын эске алуу менен, ата-бабаларыбыздын тарых беттеринде, турмуштун жазылбаган мыйзамдарында калтырып кеткен нарктуу байлыктарын жүрөгүбүздө аздектеп, балдарыбыздын келечегин эртеӊ эмес, бүгүн, алдын ала ойлонуп, татыктуу жашоого үндөө – биздин  — ата-энелердин ыйык милдети болушу зарыл. Тарбиялоону – элдик педагогиканын уӊгусунда карап, улуттук каада-салт, улуттук нарк-насил менен тарбиялашыбыз учур талабы. Жогоруда белгилеп өткөн баскычтарды эске алып, ар тараптан тереӊ анализ жүргүзүп, турмушубуздун башатын тунук, туура жолго коюуну алдын ала милдет деп түшүнүү кезеги келди. Демек, ойгонолу, ойлонолу. Бала тарбиялоодо кечигип калуу коркунучунан алыс бололу!

Куштарбек Кимсанов,

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы.

Поделиться

Комментарии