Бүтүрүү кече: буйрук ысырапкерчиликтен арылтып, атаандашуунун жолун бууду

  • 01.07.2013
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин апрель айында “Жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө билими жөнүндө документтерди салтанаттуу тапшыруу иш-чараларын өткөрүү жөнүндө” буйругу чыккан. Мындай буйрук жылда эле чыгып келген. Бирок быйылкы жылы чыккан буйрук ишке ашып, буга чейин көптөгөн ата-энелердин, окуучулардын, мугалимдердин баш оорусуна айланган бүтүрүү кечелери кафе, ресторанда өтпөй, мектептин ичинде  саат 10.00-14.00 чейин салтанаттуу аттестат тапшыруу аземи  менен чектелди. Анткени быйылкы буйрукта  бүтүрүүчүлөргө арналган иш-чараларды кечкисин жана түнкүсүн мектептин аймагында, жаратылышта, оюн-зоок жайларда, кафелерде, ресторандарда өткөрүүгө тыюу салынсын; ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) балдарынын  өмүрүн, ден соолугун сактоо жоопкерчилиги милдеттендирилсин; класс жетекчилерден, ата-энелерден, мугалимдерден мыйзамсыз түрдө акча чогултуу фактылары болсо, мектептердин жетекчилерине тартиптик жаза колдонулуп, кызмат орундарынан бошотууга чара көрүлсүн деген пункттар кирген. Айтор, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн кечеси тартиптүү жана маданияттуу өттү. Буга мисал, Бишкек шаарындагы №21 мектеп.  Бул билим очогунун  бүтүрүүчүлөрү  аттестат менен кошо тигүүчү деген сертификат алышты.

Бүтүрүү кече: буйрук ысырапкерчиликтен арылтып, атаандашуунун жолун бууду

Мектептин директору Гүлжан Жантаеванын айтымында,  2012-2013-окуу жылында 11-классты 31 окуучу, 9-классты 86 окуучу  бүтүрдү.

— Быйылкы 11-класстын бүтүрүүчүлөрү мектептин  парламентиндеги окуучулар эле. Бир четинен кубанып жатсак, экинчи жагынан биз үчүн өкүнүчтүү болуп турат. Анткени парламентте  “Манас” , “Сейтек” жана  “Семетей” уюмдары иштейт. “Манас” уюмун  негизинен  9-11-класстын окуучулары түзөт. Уюмдун максаты – окуучуларды биримдикке чакыруу, мекенди сүйүүгө тарбиялоо. Биримдикте, ынтымакта деген себебим, биздин мектепте көбүнчө башка конуштан келип окуган балдар. Алсак, Дордой-1, Дордой-2, Ак-Бата, Ак-Жар, Келечек, Керамикалык, МТФ, Ленин айылы жана Эне-Сай конушунун балдары. Айрым  конуштарда мектеп бар, бирок мурда ал жерде мектеп жок болгонуна байланыштуу бизге келип окуп калышкан, — дейт мектеп жетекчиси.

Быйыл бул мектептин бүтүрүүчүлөрү аттестат менен бирге кесип ээсин тастыктаган сертификатты кошо алышты. Анткени №21 мектеп менен №17 кесипчилик-техникалык окуу жайы  үч жылдан бери келишимдин негизинде окуучуларды  сабактан кийин тигүүчүлүк кесипке окутуп келишет. Маселен, быйыл 11-класстын жети кызы  тигүүчүнүн  сертификатын алганга жетишти.

— №17 окуу жай  мектепке алты тигүү машинкасын алып берип, ошондой эле тигүүчүгө керектүү бардык жабдыктар менен камсыз кылган.  Училищанын мугалимдери жумасына бир жолу келип,  программанын алкагында беш сааттык бекер билим беришет. Ошонун негизинде биринчи жолу быйылкы бүтүрүүчүлөр сертификатка ээ болушту, — дейт Алик Нарбаев, №17 кесипчилик-техникалык окуу жайынын кызматкери. – “Кесипкөй”  программасынын алкагында  үч жылдан бери №21  мектеп менен иштеп келатабыз. Мектепти бүткөндөн кийин окуучулар жумушка барып иштегенге укуктуу болот. Сертификатта 1, 2, 3-разряддар берилет. Эгерде мыкты окуса 4-разрядга чейин берилет. Ушул мектепти 16 кыз бүттү, анын ичинен 7 гана кыз экзаменден өттү.

Ал эми министрликтин бүтүрүү кечесине сарпталчу чыгымдарды чектөө боюнча чыккан буйрукту аткаруу оӊойго турбаганын Г.Жантаева  баса белгиледи. Анткени мындай буйрук канча жылдан бери эле чыгып келатат, бирок ал эч убакта аткарылган эмес. Быйылкы буйруктан кийин,   мектеп жетекчилиги жыл бою ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишкен. Бир ата-эне өз укугун  айтып тил албаса, экинчилерине министрдин буйругу майдай эле жаккан. Ошондуктан класс жетекчилер ар бир окуучуга “бүтүрүү кечесин өткөрбөйбүз”  деп кол койдуруп алышкан. Натыйжада  24-июнь күнү бул мектепте болгону салтанаттуу аттестат тапшыруу гана аземи болуп өттү. Келген конокторго бүтүрүүчүлөрдүн күчү менен даярдалган чакан концерт тартууланды. Эстеликке сүрөткө түшүштү, анан баары үйлөрүнө тарап кетишти. Мектептин аймагын эртеӊ  мененки саат 8.00дон баштап Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кайтарып турушту.

— Учурдан пайдаланып айткым келет, билим министри Канат Садыков дайыма мектептерди колдоп жана коргоп келет. Чыккан  буйрукту аткарбасак, биз да сыйдан кетебиз. Экинчиден, бүтүрүү кечеси баарыбыздын башыбызды оорутуп келген иш-чара болчу. Негизи баш оорудан арылдык, ашыкча чыгымдарга бөгөт салынды. Биздин мектепте былтыр деле кечени өткөргөн эмеспиз. Болгону балдар ата-энелеринин машиналарын ары-бери айдап чыгышкан, бирок шаарга чыгышкан эмес. Быйыл колубуздун келишинче министрликтин чыгарган буйругун аткардык. Бирок бүтүрүү кечеси өткөрүлбөсүн деген буйрук оӊой менен аткарыла койбойт экен. Бир ата-эне тил алса, экинчиси өзүнүн укугун айтып туруп алат. Биз жыл бою ата-энелер менен иштештик, чыгымга жол бербейли деп. Бүтүрүү экзамендерине ар бир окуучудан 250 сомдон, т.а. экзамен учурунда столго койчу гүлгө, документтерге гана чогултулду. Министрдин быйылкы чыгарган буйругу текке кеткен жок. Себеби көп жерлерде мектеп жетекчилери бүтүрүү кечесин  өткөргөн жокпуз дешти, — дейт директор.

Ошентип жылда бүтүрүү кечесине бери дегенде 1000 сомдон, ары дегенде 5000 сомдон чогултулчу. Быйыл бүтүрүүчүлөр ата-энелерин кыйнабай, акча чогултпай өткөргөн жакшы экенин белгилешүүдө.

— Бүтүрүү кечесине акча чогулткан жокпуз. Аттестат гана алдык. Өзүбүз ырдап, бийлеп, ата-энелерибизге, мугалимдерибизге концерт коюп бердик.  Анткени буга чейин эле эжейлерибиз “кафе, ресторандарга барбайбыз,  эгер барсак  ата-энелер жооп берет” деп кол койдуруп алышкан. Акча чогултулбай калганына ата-энелерибиз аябай  сүйүнүп жатышат. Менимче, бир күнгө кеткен 5000 сомду андан көрө үйгө керектүү нерсе алсак пайдалуу болот. Дегеле ысырапкерчиликке жол бербеген бул буйрукту аткарган мектеп жетекчилерине да ата-энелер ыраазы болуп жатышат, — дейт бүтүрүүчү Жанара.

Министрликтин буйругу шаардык мектептердеги аттандашууларга, ысырапкерчиликке, бай-кедейге  бөлүнгөнгө бөгөт койду. Эми, ушул буйрук бир жылдык болбой, көп жылга аткарылган чечим болсо экен деп ата-энелер тилеп турган чагы.

Поделиться

Комментарии