АЗЫРКЫНЫН ДҮЙШӨНҮ

  • 20.03.2015
  • 0

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген мугалими, белгилүү педагог жана ардактуу ардагер Маматемин АЙЫЛЧИЕВдин бейнесине сүртүмдөр.

Элетти эрезеге жеткизген инсан

Маматемин  Айылчиев  агайыбызды  Оштун  Кара-Кулжасында “азыркынын Дүйшөнү” деп коюшат. Бир кезде агайды “Мектеп оӊдоочу инженер”, “Билим берүүнүн Жукову” деп да аташчу. Себеби агай эӊ артта калган мектептерге жетекчи болуп барып, аны эӊ алдыӊкы мектептерге теӊеп, тегерегин гүлзарга айлантчу экен. Агай ушул райондогу Кара-Кулжа кыштагында төрөлгөн. Ал кийин Ош мамлекеттик педагогикалык институ-тун бүткөн соӊ, катардагы мугалимден алдыӊкы мектеп жетекчисине өсүп жетип, райондо тургай облуста мыкты педагог катары таанылган. Маматемин агай агартуу тармагындагы көп жылдык ак эмгеги үчүн КРнын Эмгек сиӊирген мугалими наамына татыган. Ал Кара-Кулжа районунун “Ардактуу атуулу”, белгилүү спортсмен, волейболчу. Агайды кесиптештери чыгаан педагог, устат, жигердүү жетекчи деп билип, жогору баалашат. Агай биз менен маектешип олтуруп, өзү окуткан балдары жөнүндө айта кетти.

— Мактаныч эмес, ойлоп көрсөм мыкты балдарды тарбиялап, окутканга жетишиптирбиз. Тизмелесем: КР Жогорку Кеӊешинин депутаттары К.Осмонов, К. Осмоналиев, окумуш-туулар: Калык Ибраимов, К. Токто-маматов, коомдук ишмерлер: С. Жэ-энбеков, Т.Мамашев, башкы муфтий М.Токтомушев өӊдүү кыргызга төбөсү көрүнгөн балдар биздин таалимибизди алганга кубанам. Аты чыкпаса да, адам деген атка татыктуу окуучуларым көп, — дейт ал кубанып.

— Мугалим директордун же завучтун  сүймөнчүгү  болбошу  керек. Сабагын мыкты бере албаса анын эмнеси  мугалим.  Мугалим  кыйын болсо  кадыр-барк  өзү  эле  келет. Азыр реформага байланышкан кооз сөздөрдү токтотуп, сапаттуу мугалимдерди даярдаш парз. Жаӊы министр Э.Сариеванын ушул багытта жасаган аракеттерин угуп, кубанып олтурам. Мен өзүм физикмин. Физикадан сабакты эӊ таасирдүү өтүш үчүн бардык алдыӊкы усулдарды колдончумун. На-тыйжада К.Осмоналиевдей мыкты физик окумуштуулар чыкты.

Кесиптештери анын ар дайым өзү менен иштешкен мугалимдерди ар тараптан колдоп жүргөнүн көп эске-ришет экен.

– Маматемин агай жоон топ мугалимдерди алдыга сүрөп жүрдү. На-тыйжада үчөө КР Эмгек сиӊирген мугалими деген ардактуу наамга татыды. Кайсыл жерди жетектебесин Маман агай мектептин материалдык-техникалык  базасын  чыӊдап,  билимдин сапатын жогорулатып келди. Мыкты мугалим адистерди даярдоодо агай-дын эмгеги зор. Мен да ушул агайдын колунан өстүм, — дейт Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси П.Дыйканов.

Айтылуу Кадыракун Базарбаев Маматемин агайды өз кабинетине чакырып,  “Кара-Кулжа  мектебин оӊдойсуз” деп аталган мектепке ди-ректор кылганын эл аӊыз кылып айтып жүрөт.

— М.Айылчиевди биз ал кезде “мектеп оӊдоочу инженер” деп тамашалап калар элек. Себеби кайсыл жердеги мектепте оор проблемалар болсо, ошол жакка Маманды директорлукка жөнөтөр эле. Жаман эмгек жамааты болбойт, жаман жетекчи болот дегендей, аз эле убакта Маман жетек-теген мектеп күлүккө чабылган аттай алдыга озуп келчү, — дейт кесиптеши К.Абдразаков.

Чынында эле ошондой экен. Кара-Кулжа, Токтогул, Ленин, Ф.И. Дзержинский атындагы мектептер Маматемин агайдын тарбиясынын таасиринен али чыга элек дешти азыркы мугалимдер.

Анткени агай ошол мектептерде директор болуп турду. 1990-93-жылда-ры Кара-Кулжа айылдык Кеӊешинин төрагасы болду. Андан соӊ жогоруда аталган жатак мектепте директорлукка келип, аны алдыӊкы лицейге айландырып туруп, ардактуу эс алууга чыкты. Бирок ал агартуу майданынан кеткен жок. Бир катар автордук мектептердин Кеӊешинин төрагалык кылды. Азыр да мектептерге көз салып, акыл-насаатын айтып келет.

Маматемин агайдын жанында ар дайым өмүрлүк жубайы Үпөл Калма-матова болду. Анткени ал да мектепте иштер эле. Уулдары, кыздары чоӊоюп, уучу, колу узарып, келиндүү, небере-чөбөрөлүү болушту.

– Жаш кезде спорт менен дос болдук. Мугалимдер, окуучулар жа-пырт спортко кызыгып, топ ойнодук. Ага шарт да түздүк. Балдар эстүү чоӊоюшту. Эми бир аз карылык келип, кичине ооруп калдым. Ага деле карабай иштеп тургум келет, — дейт Маматемин агай күлүп.

Маматемин Айылчиевдин басып өткөн жолун карап олтуруп, мугалимдик кесиптин бир мыкты, таза доорун элестеттим. Ошол доорду Мамате-миндей агайлар курду эле деп эстеген киши аз. Бирок Маматемин агай деп устат туткан жаш мугалимдерди көрүп, андан таалим алган инсандарды карап олтуруп, мугалимдик улуу доор эч качан өтүп кетпесине, ал түбөлүк кайталана беришине ишендим. Анан да Маматеминдей агаларыбыз нагыз Эл мугалим дээр элем. Эл мугали-ми деген наамды каракулжалыктар Маматемин агайга илгери эле берип коюшуптур. Эми аны мыйзамдашты-рыш керек дедим. Токтоо, сабырдуу, көп нерсени көрө билген, нарктуу агай мени таза, тунук дили менен карап, күлүп койду. Агай деген ары асыл, ары касиеттүү сөз Маматемин агайга куп жарашып турат экен. Ал чыныгы мугалим.

М. ТОКТОРОВ,  “Кутбилим”

P.S. Төмөндө биз таанымал педагог Маматемин Айылчиев агайыбыз жөнүндө кесиптештеринин ой-пикирлерине орун бермекчибиз.

Агайымды көп эстейм

…Мектептен  абдан  сапаттуу билим алган экенмин. Областтык, республикалык  олимпиадаларга физика жана математика боюнча катышып, байгелүү орундарга ээ бо-луп жүрдүм. Демек, менин физик бо-лушум окуучулук кезде эле белгилүү болуп калган эле. Эмне үчүн физик болдум? Себеби бирөө эле. Менин физик мугалимим сүйүктүү агайым Мамантемин Айылчиев  болгон. Агайым  1968-жылы  мага  физика предметин 6-класстан тарта оку-та баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин эсимен  кетпейт.  Ал  киши  дароо эле бизди физиканын сыйкырдуу дүйнөсүнө сугара баштаган экен. Айрыкча физика лабораториясын өткөнү күнү бүгүнкүдөй эсимде.

Ар бирибизге өзгөчөлөнгөн тапшырмалар берилчүү. Өзү жалаӊ гана теорияны жакшы билбестен физика-лык маселени чыгаруунун зор чебе-ри эле. Мектепти бүткөнгө чейин мен агайымдын колунда болдум. Дайыма камкор, агайлык милдетин аткарып жүрдү. Ал турсун физика мугалими болуп келгенимде дагы акыл-наса-атын аяган жок. Кийин мен илимдин кандидаты, анан доктору болгонум-да дагы кубанып, көз салып турду. Ректор, министр, депутат болдум. Ушул ийгиликтердин бардыгын Ма-ман агай баштаган мектеп мугалим-дери жаратышты. Маман Айылчиев азыр дагы эле күүлү-күчтүү, ардагер инсан. Көптөгөн сыйлыктарга ээ болду. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген мугалими даражасы агайдын маӊдай тер төккөн эмгеги.

Агайга узун өмүр тилеймин. Сиз-дин өрнөктүү өмүрүӊүз бизге шам чырак. Сизден дагы да көп акыл кеӊештерди алабыз жана күтөбүз.

Маман Айылчиев күчтүү физик, адис педагог гана эмес, эӊ чебер спортсмен. Агайдын волейбол боюнча ийгилиги элде, айрыкча жаш-тар арасында өзүнчө эле легенда. Көп спортсмендер агайдан таалим алып, көптөгөн спорт ийгиликтерин жаратышты. Мындан сырткары, тарбиялык мааниге ээ болгон көптөгөн усулдук демилгелердин ээси. Район-дун борбору болгон Кара-Кулжадагы бардык мектептердин директору болуп башкарып, көп ийгиликтерди жаратты. Насаатчы инсан деген на-амдын татыктуу ээси болду.

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, КР ЖК депутаты, физика, математика илимдеринин доктору, профессор:

Мыкты уюштургуч, чыныгы мугалим

Кара-Кулжада  1994-жылдын  сентябрь  айынан  баш-тап, райондо биринчи жолу инновациялык мектеп катары Ф.Э.Дзержинский атындагы жатак-мектептин базасында лицей ачылган.

Мындай шыктуу балдарга татыктуу билим берүү сөзсүз түрдө теориялык билими күчтүү, тажрыйбасы мол мугалимдер-дин тобун талап кылган. Ошол мезгилдеги мамлекетибиздин экономикалык оорчулугуна карабай, балдардын билим алуу-суна шарт түзүү демилгеси лицейдин негиздөөчүсү, лицейдин биринчи директору, чыгаан педагог, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген мугалими Маматемин Айылчиевге түздөн-түз таандык экендиги талашсыз.

Маматемин Айылчиев алгач лицейди теориялык билими күчтүү, тажрыйбасы мол мугалимдердин тобун камсыз кылды. Андан кийин лицейге жөндөмдүү, зирек, таланттуу балдар конкурсттук шартта кабыл алынган. Ошол мезгилде сынакка катышкан 150 окуучудан 36 окуучунун кабыл алынышынын өзү эле окуучулардын лицейге өткөндүгүн кабарлап турат.

Маматемин Айылчиев мыкты уюштургуч, чыныгы пе-дагог болгондуктан, лицейдин окуу-тарбия процесси болуп көрбөгөндөй жогорку деӊгээлге жеткен.

Натыйжада мектепте окуу-тарбия процессинин жогорку деӊгээлде уюштурулгандыгынан улам, окуучулардын пред-меттер боюнча олимпиадаларында жана ар кандай багыттагы сынактарда, окуучулар алдыӊкы орундарды ээлеп, лицейдин аброюн көтөрдү. Бул анын жеӊиши болчу.

Кесиптеши Абдурасул АБДЫКАДЫРОВ:

Агай бизди эмгекке үйрөттү

1984-жылы Ф.И.Дзержинский атындагы жатак лицейинин окуучусу болуу менен окуучулук мезгилимдин багыты 180 гра-дуска өзгөрдү десем жаӊылышпаган болор элем. Анткени жаӊы лицейге бир гана окуучуларды тандап албастан, мугалимдерге чейин сынак менен кабыл алууга жетишкен, мектептин дирек-тору Маман Айылчиевдин келечек турмушту көрө билгендиги жана иш-тажрыйбасынын молдугу менен баарыбызды туура нукка бура алды. Мектептен үч маал тамактанганыбыз алгач мага кызыктай туюлса да классташтарым менен бир столдон даам сызуу көӊүлүмө жагаар эле. Бирок ошол мезгилде тамак-аш тартыш заманда «мектептеги окуучулар өздөрүн камсыз кыла алышат» деген директордун демилгеси ишке ашып, Кара-Кулжа районунун айылдарындагы мектептерге ыр-бий тартуулап, концерттик программа менен акча табууга жетиштик. Ал гастролдорубузду Маман Айылчиев өзү жетектеп, музыка мугалими Замир Ибраимов менен бирге Алайкуу өрөөнүнө чейин барып келишти. Ал эми Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын башталышында, интернатка тиешелүү ай-доо аянтына жүгөрү эгип, күн карама чапканыбызды эстесем, Маман агайдын эч кимден жардам күтпөй эле, «өздөрүнүн наны үчүн өздөрү эмгек кылсын» деген таризде окуучуларды эмгекчилдикке, турмушка тарбиялаганын бүгүн түшүнүп отурам.

Биз анда ыр-бийге аралашып, эмгегибиз менен нан таап жүрүп, билим жагын унутта калтырган жокпуз. Ар бир айдын аягында бардык предметтерден оозеки сынак тапшырып, райондук, облустук олимпиадаларга чейин катышып келдик. Быйыл мектепти аяктаганыма 16 жыл толду. Мына, эми гана өзүм ата-эне, тарбиячы, мугалим, журналист болуп иштеп, эл менен аралашып жүрүп, көп жыл мектепти башкарып, районубузда орто мектептерде жаӊыча окутуу системасын баштаган лицейдин директору Маман Айылчиевдин эмгегин түшүнүп отурам. Бул үчүн тереӊ билим, уюштуруучулук касиет жана чыдамкайлык керек экендигин да билем. Мындай мыкты сапаттардын баары Маман агайда толук бар. Мен агайдан тарбия көргөнүмө сыймыктанам.

Алтынай ОСМОНОВА, журналист:

Агай тиккен дарактар мөмөсүн төктү

   Маматемин Айылчиев менен Субан уулу Алмас (мурунку Токтогул) атындагы орто мек-тебинде директор болуп тургандан баштап, ушул мезгилге чейин чогуу иштешип калдык. Маматемин агайдын зор уюштуруучулук эм-гегинин натыйжасында биздин мектеп кыска убакыттын ичинде райондун алдыӊкы мектеп-терине теӊелүүгө жетишти.

Мектептин билим берүү базасын чыӊдоодо ат көтөргүс зор иштердин аткарылышы эле бул инсандын чыныгы уюштуруучу мугалим экени айтып турат.

Маматемин агайды басып жүрүүчү эн-циклопедия деп жаштар тамашалашып, бул адам эс алып жатса деле мектеп жөнүндө ой-лонот деп калаар элек. Мектептин айланасын көрктөндүрүүдөгү жасаган иштеринин үзүрүн бүгүн биз көрүп жатабыз. Бир кезде Мамате-мин агайдын жетекчилиги менен отургузулган дарактар жетилип, мөмөсүн берсе, эскирген теректери жетилип, мектептин керектөөсүнө пайдаланылууда.

Бош жаткан 60 сотых жерди ата-энелердин жардамы менен тостуруп, бакка айландыруунун өзү эле канчалаган түйшүктүү эмгек экенин бүгүн өз тажрыйбабыз менен сезүүдөбүз. Биз агайдын баштаган ишин улантып, ал бакты эки гектар аянтка жеткиздик.

Спорттогу агай жасаган иштер, бүгүнкү күндө биз үчүн кол жеткис бийиктик боюнча калууда.Агайдын таалим-тарбиясын, кеп-кеӊешин алган педагогдордун зор тобу бүгүнкү күндө райондогу билим берүү тармагынын кыймылдаткыч күчү десек жаӊылбайбыз.

Эл  Маматемин  агайыбызды  «Билим берүүнүн генералы» деп калышат. Бул калетсиз бийик наам.Маматемин агайыбыз бүгүнкү күндө ардактуу эс алууда экенине карабай, өзү иштеп кеткен мектеп жамаатынан кол үзбөстөн жаш мугалимдерге кесиптик кеӊешин берип келет.

Шакирттери: М.БААТЫРБАЕВ, А. ЭРГЕШБАЕВ, Н. ЭРКИНБАЕВ, К. АЛИЕВА, Б. ЖУМАЕВА

Мектептердин менеджери, инженери, КР Эмгек сиӊирген мугалими Айылчиев Маматемин агайга арнайм.

 Төрүбүздө олтурат ардактуу Маман агай,

А чынында чыгаан агай, кыраан агай.

Жаштарды, жалпыбызды чаалыкпастан,

Алыска, бийикке чакырган – ураан агай!

«Түбөлүк бай болгуӊ келсе бала тарбияла»,-

Деп жазылат китептин баш жагында.

Абдан алгы сөз айтылган чынында,

Агай дал ошондой адам аймагыбызда!

Келишкен келбети, ак пейил, кызматы,

Жаштардын жүрөгүнөн түнөк тапты.

Волейбол, музыка, сулико ырлары,

Асыл максаттарга коӊгуроо какты.

Абдан жакшы тагдыр Сизге буюрган,

Ажы болдуӊуз Аллага моюн сунган.

Түшүнүү кыйын Аалам кандай жаралган,

Айтчы элеӊиз мурда аны физика кубулуштан.

О, Сулайман бийдин билимдүү тукуму!

Окуу-тарбия иштеринин Жукову!

Чачылган мектептердин менеджери, инже-нери,

Жүрөгүӊүздө жүргөн тура керектүү тетик-тери.

Жаныбыздагы Парк мира – Тынчтык багы,

Анда Сиздин эмгегиӊиз абдан зор дагы.

Он төрт миӊ көчөт таштак жерге отур-гузулган,

Ошон үчүн эл сизди төргө олтургузушкан.

Ка-ап, десеӊиз, билимдүү балдарыбыз Биш-кектеги,

Сизди, Ленин ордендүү Гүлүйпа эжекени,

Энциклопедияга жазганды унутуп койгон,

Бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш болгон.

О, ардактуу аксакал ажы агай!

Көптөгөн окуучулардын көӊүлүндөсүз урмат-тай.

Бар болуӊуз, аман болуӊуз үй-бүлөӊүз менен,

Бардык жакшылыкты каалайлы Сизди сыйлай!

Кесиптешиӊиз

Исматулла ПАРПИЕВ, Кара-Кулжа району

Поделиться

Комментарии