“Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде”
- 21.05.2013
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги жана “Себат” билим берүү мекемеси уюштурган Кыргыз тили жана адабияты боюнча республикалык олимпиадасы жыйынтыкталды.
Борборубуздагы Т.Абдымомунов атындагы улуттук драма театрынын имаратында “Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде” деген темадагы Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын 9-11-класстарынын окуучуларынын арасында кыргыз тили жана адабияты боюнча республикалык олимпиадасы жыйынтыкталды. Ага райондук, облустук, шаардык этаптардан жеӊип келген 56 окуучу катышып, өз күчтөрүн сынашты. Өткөн жылы ушундай эле аталыштагы олимпиада “Себат” билим берүү мекемесинин он төрт лицейинин арасында өтүп, биринчи жолу тажрыйбага ээ болгонбуз. Быйыл болсо ошол эле билим берүү мекемесинин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен биринчи жолу жалпы республикалык олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданын максаты – азыркы окуучулардын, алар окутууну кайсыл тилде жүргүзүп жаткандыгына карабастан мамлекеттик тилди, каада-салтты кандайча биле тургандыгын аныктоо болгон. Алдын ала айта турган нерсе – олимпиада мектептердин, мугалимдердин, окуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты.
Жыйынтык салтанатка Билим берүү жана илим министри К.Садыков, Маданият, маалымат жана туризм министри С.Раев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов, Жогорку Кеӊештин депутаты, комитеттин төрагасы К.Осмоналиев, эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин президенти О.Инанды катышып, азыркы учурдагы тилдин маани- максатына токтолушуп, жеӊүүчүлөрдү куттукташты. Андан соӊ калыстар тобунун башчылары А.Муратов, Ү.Култаева, А.Дүйшөмбиева жыйынтыкты угузду. Жеӊүүчүлөргө, жеке окуучуга жана алардын мектептерине баалуу сыйлыктар тапшырылды. Атап айтсак, биринчи орунга чыккандарга 10 миӊ сом, экинчи орундагыларга 7 миӊ сом, үчүнчү орунга 5 миӊ сом, төртүнчү 10 орунга миӊ сомдон акчалай сыйлык, диплом, грамоталар ыйгарылды. Олимпиаданын бардык чыгымдарын “Себат” билим берүү мекемеси мойнуна алды. Аягында мектеп окуучуларынын катышуусундагы кызыктуу жана мазмундуу концерт берилди.
Жыйынтык жүрөк толкутту
Үч багытта 1-3-орунга жетишкен окуучулар төмөнкүлөр болду:
1-багыт — эссе жазуу боюнча орундар:
Кыргыз класстар: 1-орун – Гүлжамал Жумабекова, Талас областтык “Мээрим”-“Себат” кыргыз- түрк кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу; 2-орун – Алтынай Белек кызы, Нарын областынын А.Бостонов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу; 3-орун – Мээрим Тыныбек кызы, Ош областынын А.Юсупов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу.
Орус класстар: 1-орун – Акыл Чаткалбай кызы, Ош шаардык “Ош-“Себат” кыргыз-түрк кыздар лицейинин 9-классынын окуучусу; 2-орун – Элиза Искендерова, Ысык-Көл областтык З.Бектенов атындагы кыргыз-түрк кыздар билим комплексинин 10-классынын окуучусу; 3-орун – Өмүрбек Тариэлов, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы кыргыз-түрк лицейинин 10-классынын окуучусу.
2-багыт — көркөм окуу жана фольклордук чыгармаларды аткаруу боюнча орундар:
Кыргыз класстар: 1-орун – Умсунай Өмүрбекова, Нарын областынын Жумгал районунун Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин окуучусу; 2-орун – Азиз Биймырза уулу, Талас областынын Бакай-Ата районундагы А.Арстанов атындагы орто мектебинин окуучусу; 3-орун – Уланмырза Карыпбаев, Бишкек шаарындагы Г.Гмайнер атындагы орто мектебинин окуучусу.
Орус класстар: 1-орун – Нурбек Абдыразаков, Бишкек шаарындагы №49 орто мектебинин окуучусу; 2-орун – Мадина Саканова, Жалал-Абад шаарындагы З.Нурматова атындагы кыргыз-түрк кыздар лицейинин окуучусу; 3-орун – Мыктыбек Нурлан уулу, Ош шаарындагы “Ош-Сема” кыргыз- түрк уландар лицейинин окуучусу.
3-багыт — долбоорлорду жактоо боюнча:
Кыргыз класстар: 1-орун – Эрназар Шаршенбек уулу, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы кыргыз-түрк лицейинин окуучусу; 2-орун – Жаӊыл Абдылдаева, Чүй областынын “Беш-Күӊгөй” орто мектебинин окуучусу; 3-орун – Бегимай Мамбеталы кызы, Жалал-Абад шаарындагы З.Нурматова атындагы кыргыз-түрк кыздар лицейинин окуучусу.
Орус класстар: 1-орун – Сайкал Болотбекова, Ысык-Көл областынын З.Бектенов атындагы кыргыз-түрк кыздар окуу комплексинин окуучусу; 2-орун – Шергазы Турдукулов, Жалал-Абад областынын М.Бабкин атындагы орто мектебинин окуучусу; 3-орун – Диана Акмат кызы, Ош шаарындагы “Ош-Себат” кыргыз-түрк кыздар лицейинин окуучусу.
Орхан ИНАНДЫ,
Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин президенти:
— Биз олимпиаданын жүрүшүндө мектептерде окуган балдардын талантына таӊ бердик. Тилди, тарыхты, санжыраны билип чоӊойгон эӊ жакшы. Ал эртеӊки күнгө чоӊ үмүт берет. “Манас” айтканда ушунчалык эргип, токтоно албай калган балдарды көрүп, бул өзү түгөнбөгөн сырдуу кенч, улуу аалам экен го дедим. Балдарга түрткү, шарт түзүп берсек гана алардын таланты ар тараптан ачылып баштайт деп ойлойм. Биз өткөргөн олимпиада ошондой шартты түзүп берди. Кыргыз тили жана адабияты боюнча республикалык олимпиаданын максаты — улуттук баалуулуктарды, маданиятыбызды сактап өнүктүрүү, окуучулардын эне тилин, мекенин сүйүүгө шыктандыруу, оозеки, жазуу кебин калыптандыруу, сабаттуулугун арттыруу, илимий көз караштарын өнүктүрүү болуп саналат. Өз тилин мыкты билүү менен бирге башка тилдерди да мыкты үйрөнүп, заманбап дүйнөнүн чыныгы, абийирдүү инсандары кылып тарбиялоо мектептен башталат. Ошондуктан мектептерде уюштурулуп жаткан ар бир иш таасирдүү болууга тийиш. Олимпиадага катышкан окуучулар чындыгында көп нерсеге жөндөмдүү экенин көрсөтө алышты.
Раина АСАКЕЕВА,
“Себат” билим берүү мекемесинин вице- президенти:
— Былтыр бул аталыштагы сынак “Себаттын” алкагында эле өткөрүлгөн болчу. Быйыл болсо республикалык мааниде өткөрөлү деп, Билим берүү жана илим министрлигине сунуш кылып кайрылып, колдоо тапканбыз. Натыйжада, жобосун, убакыт мөөнөттөрүн атайын буйрук менен бекитип, иш-чараларды иреттүү уюштурдук. Биз балдарга бир нерсени сунуштабай туруп эле эч нерсеге кызыкпайт, билбейт дей беребиз. Ал эми тил сынагында окуучулардын өнөрлөрүн көрүп таӊ калдык. Былтыр “Себаттын” ичинде 7-8-класстарды катыштырсак, республикалык сынакка быйыл 9-10-класстарды кийридик. Анткени аларда билгичтик көндүмдөр калыптанып калган. Олимпиада үч багытта өткөрүлдү. Биринчиси: эссе жазуу. Окуучуларга мунун чен-өлчөмү көрсөтүлдү. Бизде кийинки күндөрү жалаӊ эле дилбаян жаздыра беребиз. Анын жүздөгөн үлгүлөрү чыккан. Бирок дүйнөлүк практикада бир ишке орношордо дилбаян эмес, эссе жаздырат. Ошондуктан эссени тандап алдык. Экинчиси: көркөм окуу жана фольклор болду. Мында окуучу элдик ырларды, санжыра, тарыхты, чечендикти жана жеке чыгармачылыгын көрсөтмөк. Бул абдан кызыктуу, чоӊ атаандаштыкта өттү. Үчүнчү багыт бул — долбоорлор болду. Сынактын шартына жараша окуучу өзүнүн долбоорун кыргыз тилинде так, түшүнүктүү кылып жактап берүү керек болчу.
Долбоорлордогу олуттуу ойлор
Абдыкерим МУРАТОВ, долбоорлор боюнча калыстар тобунун төрагасы, И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору:
— Мен олимпиаданын үчүнчү багытына – долбоорлорду жактоо багытына калыстар тобунун жетекчиси катары катыштым. Окуучуларга алдын ала болжолдуу 9 тема сунуш кылынган. Ошол боюнча долбоор жазып, аны жактап берүү милдети коюлган. Ал үчүн ар бир жактоочуга 20 мүнөттөн убакыт берилди.
Ысык-Көл областтык “Чок- Тал” кыздар лицей комплексинин окуучусу Сайкал Болотбекова кыргыз тилинин өнүкпөй жатышынын себебин, сапаттуу китептердин аздыгы, жетишсиздиги, саясатчылардын кыргыз тилин колдонбой жатышы менен түшүндүрүп, бала бакчалар үчүн кыргызча китептерди, кыргыз улутунун өзгөчөлүктөрү чагылдырылган оюнчуктарды, фильмдерди чыгаруу зарыл деп айтса, Жуманазар Асанов Кыргыз тили министрлигин түзүү керек деп, өз мектептеринде ушундай министрликтин иштеп жаткандыгын билдирди.
Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинин окуучусу А.Туратбек уулу “Манас-ааламы” аталышында web-баракча түзүп, аны интернетке киргизүү далалатын көрсөтүп жатса, “Ош-Себат” лицейинин окуучу кыздарды кыргыз тилин үйрөтүүчү абдан майнаптуу web-баракча иштеп чыккан.
Кыргыз салттарын жана тилин мыкты үйрөтүү үчүн шаардык окуучуларга жайлоолордо жайкы лагерлерди ачуу зарылдыгын Ж.Асанов, өзүнчө “Бөбөк” деген аталышта телеканал негиздөөнү Т.Акунов сунуштады.
Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы орто мектептин окуучусу Ш.Турдугулов кыргыз элинин байыркы салттары азыр түп тамырынан бери өзгөрүп кеткенин изилдеп чыгып, кыз ала качуу, калыӊ сыяктуу салттардын терс жактарын далилдеп берди. Нарындык окуучу Э.Шаршенбек уулу макал-лакаптарды көчөлөргө чоӊ көрнөк кылып илүү, андай сөздөр менен кепкаларды, футболкаларды кооздоо технологиясын иштеп чыккан. Жалалабаддык Бегимай Мамбеталы кызы кыргызда 3050дөй оюм-чийим түрү бар экендигин айтып, элдик кол өнөрчүлүк боюнча атайын журнал чыгаруу, Элдик кол өнөрчүлөр күнүн белгилөө, бул багытта улут ичинде, улуттар аралык таймаштарды өткөрүү, белекке жалаӊ улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарын берүү сунуштарын киргизди.
Чүй областынын “Беш-Күӊгөй” орто мектебинин окуучусу Ж.Абдылдаева кол өнөрчүлүктөгү кыргыз дүйнө таанымын изилдеп, накта улуттук куурчактарды, кийим-кечелерди жасаганын көрсөтө алды.
Ош областынан келген Т.Турдумамат уулу жана Ош шаарынын окуучулары Б.Нематулла уулу менен А.Шеров тарбиялык мааниси тереӊ видеороликтерди тартышкан жана аларды интернетке киргизебиз деп турушат.
Ошентип, долбоорлор боюнча окуучулар өздөрүнүн улуттук салтты, кыргыз тилин коргоо, аларды элге жайылтуу боюнча долбоорлорун жогорку даражада көрсөтө алды. Мындай окуучулар барда улуттук мурастарыбыз, анын ичинде эне тилибиз ишенимдүү колдо деп айтууга негиз бар.
Бетти даярдаган М.ТОКТОРОВ, «Кутбилим»
Комментарии