АЛТЫН БАЛАЛЫК АРМАНГА АЙЛАНБАСЫН ЖЕ БАЛДАРДЫН ЭМГЕГИ ЭМНЕНИ ТҮШҮНДҮРӨТ?

  • 07.05.2016
  • 0

Бүгүнкү күндөгү «Эмгектин эл аралык уюмунун» (МОТ) толук эмес маалыматтары боюнча азыркы күндө дүйнөдө 200 миллиондон ашуун балдар өз жандарын жана үй-бүлөсүн багуу максатында иштөөгө мажбур. Кабыргасы катып, бели бекий элек балдардын оор жумуштарда иштөөгө аргасыз болушу, бул эч бир өлкөнү жакшылыкка алып барбай турган терс көрүнүш экендиги айтпасак да баарыбызга белгилүү. Биз көп учурда балдардын эмгеги деген түшүнүк менен балдарды эмгекке тарбиялоо деген түшүнүктү бирдей карап, мунун натыйжасында бул маселеге орчундуу көӊүл бурбай жаткансыйбыз. Эгерде бул эки түшүнүктүн ортосундагы айырмага маани бере турган болсок, балдардын иштөөсүнө карата көз карашыбыз башкача болот эле.

Көп учурда оор тачканы бели майышып, кыйралаӊдап араӊ түртүп бара жаткан баланы карап, кадыресе көрүнүш катары кайдигер жанынан өтөбүз. Ал түгүл «Жол, жол!» деп артыбыздан шаштырып кыйкырган балага ачуубуз келип, тилдеп, атайылап жол бербей сөгүп да өтөбүз. Жүк салып калсак, акчасын бербей, ыйлатып айласын кетиргенибиз да четтен чыгат.  Мунун баары биздин бул маселеге карата кош көӊүлдүгүбүздү далилдеп турбайбы. Мындай мамилеге ууккан бала аргасыздан өзүн-өзү коргоо максатында, катыра каяша айтып, өзүн өтө эле  орой алып жүрүүгө аргасыз. Бул акырындап адатка айланып, базардын ызы-чуусунан таалим-тарбия алган бала «заманыӊ түлкү болсо түлкү бол, карышкыр болсо карышкыр бол» деген терс идеяга сугарылып, адамдык кадыр-барк, ар намыс, уят, сый деген тээ алмустактан келе жаткан  улуу түшүнүктөрдөн алыс болуп, кылмыш жолуна түшүүнүн босогосунда тургансыйт.

 Акча үчүн ата-энесинен тартып, жолунда турган ар бир адамды алдап, ал түгүл өмүрүнө зыян   келтирүүдөн  кайра тартпаган балдар, дал ушул биздин көӊүл коштугубуздун натыйжасы экендигин кантип тана алабыз.        Жакшы билим, таалим-тарбиядан, жылуу мамиле, мээрим – сүйүүдөн жашынан кур жалак калган бул  балдарыбыздын келечеги кандай болот…

Эми жана башында айтылган «балдардын эмгеги» жана «эмгекке тарбиялоо» деген эки түшүнүктүн ортосундагы айырмачылыкты  биргелешип карап көрөлүкчү. Өзүӊөр эле былтыркы жылы балдардын эмгегине карата берген аныктамаӊарга дагы бир жолу көӊүл бурсак:    Баланын, жалпы эле өлкөбүздүн келечегине орду толгус зыян келтирип, баланы балалык аруу таза дүйнөсүнөн, адамдык кадыр-баркынан, ар-намысынан, анын жан дүйнөсүн, аӊ-сезимин  байытып,   баланы  балалык баео жан дүйнөсүн, ички күч кубатын андан ары өнүгүп  өсүү  жөндөмүнөн зордук-зомбулук кылуу менен ажыратып,  анын  дене боюнун  жана аӊ-сезиминин өнүгүүсүнө, жалпы эле ден соолугуна чоӊ  зыян келтирип, толук кандуу, татыктуу билим алууга болгон мүмкүнчүлүгүнөн  кур жалак калтырып, анын келечегине орду толтурулгус зыянын тийгизген жумуш кылуунун өзүн балдардын эмгеги деп айтабыз.    Демек, өзүӊөр баамдагандай,  мындай эмгектин баланын келечегине тийгизген терс таасирин бирден санап чыгуунун өзү да бир топ татаал тура. Көп учурда баланын дене түзүлүшүнө карап, «сендей эле балдар акча таап жатышпайбы? Бош жүргөнчө иштегениӊ оӊ» деп да калабыз. Бул жерде биз баланын психологиялык жактан өсүүсүн эч көӊүлгө албайбыз.    Иштөөгө аргасыз болгон бала башка балдардан дайыма өзүн кем сезет. Айтпаса да ал үчүн кам көрүүгө милдеттүү болгон ата-энесине болгон ишеними азайып, аларга болгон таарынычы күч алат. Өзү теӊдүү окуп жаткан балдарды карап, келечекке болгон ишенимин жоготот. Аларга болгон ич күйдүлүгү күчөп, бул ооруга же болбосо кылмышка алып келет. Кийин чоӊойгондо өзүнүн талкаланган тагдыры үчүн ата-энесин, бир туугандарын, коомчулукту күнөөлөп, кара мүртөздүккөөтүп, кемтигин тежик адат менен толтурууга аракет кылат.         Мындан сырткары, ал көтөргөн оор жүк,  иштөө шарты анын ден соолугуна да чоӊ зыян келтирип, кийин оорукчал гана болбостон, таптакыр эле майып болуп калышы да мүмкүн. Кыскасын айтканда, балдардын эмгеги дегенибиз, ата-энелик бийликти ашыкча колдонуу менен аны оор жана зыяндуу иште иштөөгө мажбурлоо болуп жатпайбы.

Балам өзү «окубайм» деп жатпайбы

  «Баламдын өзү эле окугусу келбей жатат», — деп сүйлөнгөн    ата-энени  угуп жатып,  байыркы дүйнөнүн акылманы Сократтын айтканын бир жерден окуганымды эстедим. Акылмандан окуучулары: — «Сиз эмне үчүн чоӊ адамдарга караганда балдарга көбүрөөк көӊүл буруп, алар менен бирге болуп насаат айтканды  артык көрөсүз?» — деп сурашканда, ал: – «чоӊдорго караганда бала колдогу жумшак камыр өӊдүү нерсе, аны кандай ийлеп, кандай формага келтирсеӊ дал ошондой болот. Мен ошон үчүн жаштар менен көбүрөөк маектешкенди жакшы көрөм», — деп айткан экен.

    Чындыгында эле, бала деген жумшак камыр өӊдүү, ага кандай тарбия-таалим берип,  өз жүрүм-турумубуз менен үлгү көргөзүп, туура багыт бере алсак, ал бала биз каалагандай жүрүм-турум, мүнөзгө ээ болуп, биз каалагандай калыпка  түшөт. Бала баарын өз боюна сиӊирип алган губка сымал, айланасындагы болуп жаткан ар бир нерсени, ар бир сөздү, кыймыл-аракетти өз боюна тартып алат. Кийин баланын инсан болуп калыптанышында дал ушул төрөлгөндөн тартып жан дүйнөсүнө, өз боюна сиӊирип алган адаттардын баардыгы тиешелүү учурда өз ролун ойноорун эч убакта эстен чыгарбашыбыз керек. Мурда суунун маалымат сактап кала ала турган касиети тууралуу азыраак сөз кылган элек. Биз жансыз деп түшүнгөн сууда мынчалык касиет болгондон кийин, акыл-эстүү адам баласы түйүлдүк кезинен тартып эле энесинин ар бир кыймылы түгүл, ичиндеги ар бир сезимин, кайгыруу-сүйүнүүсүн, санаа тартуусун да эч кандай өзгөртүүсүз өзүнө сиӊире баштайт тура. Мындай болгондон кийин бала төрөлгөн күндөн тартып эле, бүткүл денеси, жан дүйнөсү менен тегерегиндеги болгон бардык нерселерди өзүнө кабыл ала баштайт. Акырындык менен анын тажрыйбасы артып, эмне гана кылбасын ата-энесинин көӊүлүн табууга аракет кылгандыгы да байкалат.  Баланын жан дүйнөсү менен сезими ушунчалык таза болгондуктан, ал дайыма  жаӊы нерсеге умтулуп, кандай гана маалымат болбосун  өзүнө алууга  аракет жасайт. Аӊдап билүүгө тажрыйбасы аз болгондуктан ал  «жаман», «жакшы» деп ылгабастан эле өзү көрүп, уккан нерселерин өзүнүн  тунук балалык дүйнөсүндө колдоно баштаарын баарыбыз жакшы билебиз.

Ал эми билим алуу тууралуу, ар бир бала өзүүчүн эмес, ата үчүн окуп жатам деп ойлоорун эч убакта эстен чыгарбай жүрөлүк. Биз көп учурда  бала капа болгонду, санаа тартканды билбейт, бала баладай эле болушу керек деп ойлойбуз. А чындап келгенде, бала деле чоӊдор сезгенди сезип, акылга  салып айта албаса да жан дүйнөсү менен туюп-билип турат. – Мен окугум келбейт, – деп бала жөндөн жөн эле айта бербейт. Эгерде антип айтып жатса, сөзсүз түрдө анын бир себеби бар. Ата-эненин милдети баланын окууга болгон талабына тоскоол болуп жаткан нерсени баамдай билип, аны алдын ала билүүгө милдеттүү экендигин унутпасак.

 

Эмгекке тарбиялоо деген эмне?

Бул — жакшы билим, сүйүүгө, мээримге негизделген таалим тарбия менен айкалышып, баланын келечекке болгон ишенимин калыптандыруучу тажрыйба топтоо, өнөргөүйрөтүү. Мында эч кандай мажбурлоо, күчкө салуу деген жок.  Бала жаш кезинен ата-энесинен, айланасындагы башка адамдардан үлгү алуу менен алар жасаган ишке кызыгып, өз күчүн, жөндөмүн сынап, өзү жасаган ишине өзү сыймыктанып, өнөр үйрөнүп, өзүнө болгон ишеними, жоопкерчилиги акырындык менен артат. Жанындагы улуу адам, устаты болобу же ата-энеси болобу, баланын жасаган ишине астейдил баа берип, жакшысын мактап, жаманын оӊдоп түзөп, көзөмөл кылып, көӊүлүн калтырбай, көпөлөктөй аяр кармап, жетиле элек канатын улам сылап, күүгө келтирип таптайт. Оор жумушка жолотпой, омурткасына карап оокат кылдырат. Ак сүйлөп, акырын айтып, сезимин өстүрүп, аны билим менен айкалыштырат. Мына ушунун өзүн эмгекке тарбиялоо дейбиз. Өнөргөүйрөтүү, таалим-тарбия берүү дейбиз. Мындай мамиледен баланын көӊүлүөсөт, ак менен караны ажырата билер сезими артат, улуу сөзгө кулагы канып, улууну урматтап, кичүүнү сыйлаганды үйрөнөт.

Баланы угуп, ага сабырдуу мамиле кылуу парз

 Эми баланын окууга барбайм деп айтышынын кандай себептери болушу мүмкүн:

— Өз курбуларынан өзүн кем сезет.

— Мугалими аны катуу айтып тилдеп, башкалардын көзүнчө кемсинтип же шылдыӊ кылып койгон;

— Өз курбулары же болбосо жогорку  класстын окуучулары уруп-согуп, коркутуп коюшкан;

— Айлана тегерегиндеги балдар мектепке барбай ойноп жүрүшсө, аларды көрүп, оюнга кызыгып да барбайм дешет;

— Улуу эжелери же агаларынын жогорудагыдай проблемалары болсо, алардын сөзүн угуп калган бала да мектептен качат, баргысы келбейт;

— Үйдөн мектептеги окууга байланыштуу бир уруш-талаш болуп калса, аны угуп көргөн бала мектепке бара элек жатып эле көөнү калышы да мүмкүн;

— Башка балдардан кабыл алуусу кечирээк болуп, сабактан жетише албай жаткан  бала  башкалардан уялып баргысы келбейт;

— Ата-эненин билим алуу тууралуу терс пикирлерин уккан бала, ага толук макул болуп, окуудан баш тартат;

— Башка балдардан  бир-эки жаш айырмасы  болсо да баргысы келбейт.

— Үй-бүлөдө ата-энеси баланын билим алуусуна кош көӊүл мамиле жасаган учурда да балдардын билим алууга болгон кызыгуусу жоголот.

Бул себептер баланын жүрүш-турушунан, сүйлөгөн сөзүнөн дароо эле байкалып тургандыктан, аны аныктоо эч кандай аракетти  талап кылбайт, жана аны чечүү ата-эне үчүн  кыйынчылыкты деле туудурбайт. Болгону бул  жерде ата-энеде баласынын билим алышын жана аны түшүнө билүүнү күчтүү каалоонун болушу  зарыл.  Бул себептер биз үчүн анчалык деле көйгөй катары сезилбеген менен бала үчүн бул эӊ татаал проблемалар. Демек, ата-эне  балдарга жардам берүүнүн жолдорун издеп, ага жардам берүүгө дайыма даяр болушу зарыл. Көпчүлүк учурда бул проблемалар өзүнөн өзү эле чечилет. Болгону баланын бул тууралуу айткандарын  сабырдуулук менен угуунун өзү эле, баланын  өз алдынча чечим кабыл алуусуна түрткү берет. Андыктан ар бир баланы жөн гана угууну үйрөнүү ар бир ата-эненин биринчи милдети.

Таалай Жакыпов

 “Балдарды коргоо” борборунун материалдары боюнча даярдаган М.Кайыпов,  «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии