Алмазбек АТАМБАЕВ: «БИЗ ЖАӉЫ, ӨНҮККӨН КЫРГЫЗСТАНДЫ КУРАБЫЗ»

  • 05.07.2013
  • 0

Өткөн жумада Президент Алмазбек Атамбаев Жалпы республикалык тестирлөөдөн эӊ жогорку балл топтоп, алтын сертификатка ээ болгон 50 бүтүрүүчүгө жана жогорку окуу жайларында мыкты окуган студенттерге Президенттик стипендия тапшырды.

Алмазбек АТАМБАЕВ:   «БИЗ ЖАӉЫ, ӨНҮККӨН КЫРГЫЗСТАНДЫ КУРАБЫЗ»

Алмазбек АТАМБАЕВ:   «БИЗ ЖАӉЫ, ӨНҮККӨН КЫРГЫЗСТАНДЫ КУРАБЫЗ»

Алмазбек АТАМБАЕВ:   «БИЗ ЖАӉЫ, ӨНҮККӨН КЫРГЫЗСТАНДЫ КУРАБЫЗ»

Алмазбек Атамбаев алдыӊ-кы бүтүрүүчүлөр жана студенттер менен жолугушуп, Президенттик стипендия жана «Алтын сертификаттарды» өз колу менен тапшырып жаткандыгына кубанычта экендигин жана алар бул ийгиликке өз күчтөрү менен жетишкендиктерин баса белгилеп, өзүнүн студенттик күндөрүнө токтолуп кетти. Ал күндүзү окуп, кечинде короо шыпырып иштеп, түнү бою котормо менен алек болгон күндөрү тууралуу айтып берди.

— Кандай гана кыйынчылык болбосун, андан качпай чыдамкайлык менен жеӊе билүү адамды күчтүү кылат жана жаркын келечекке алып барат, — дейт Президент.

Мамлекет башчы өз сөзүндө Алтын сертификаттын жеӊүүчүлөрүнүн арасында айылдык мектептин бүтүрүүчүлөрү аз болуп жаткандыгы өкүнүчтүү экендигин айтып, бул жүйөлүү  проблеманын үстүнөн иштөө керектигин баса белгиледи. Андан сырткары Президент Кыргызстан бүгүнкү күндө татаал учурду башынан өткөрүп жаткандыгына токтолду.

— Учурда Кыргызстан оор кырдалды башынан кечирип жатканы менен  биздин алдыбызда мамлекеттин жакшы келечеги турат. Биз чоӊ улуттук долбоорлорду ишке ашыра баштадык. Кудай буюрса, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоо алдында турабыз. «Датка» подстанциясы ишке берилгени турат. Мындан сырткары мамлекетке жеке инвесторлор келе башташты. Ошондуктан азыр биз абдан көп эмгектенип, ийгиликтерди жаратышыбыз керек. Эгерде мамлекетте тынчтык жана туруктуулук болсо, сөзсүз түрдө алдыга койгон максатыбызга жетебиз. Биз жаӊы, өнүккөн Кыргызстанды курабыз, — дейт А.Атамбаев.

Мамлекет башчы бүтүр-үүчүлөрдү жана студенттерди эч качан келечекке болгон үмүттү үзбөөгө чакырып, өзүнө, өзүнүн мамлекетине, өзүнүн келечегине ишенүүгө үндөдү.

— Мен Кыргызстандын келечектеги элитасы менен жолугушуп жатканыма кубанычтамын. Силер менен маектешүү мага абдан жардам берет. Силердин ар бириӊерге жаркын келечек, бакыт жана ден-соолук каалайм. Силер – Кыргызстандын келечегисиӊер!», — деп баса белгиледи өз сөзүндө А.Атамбаев.

Президенттин Аппаратынын маалымат саясаты бөлүмү билдиргендей, Президенттик стипендияга талапкерлерди тандоо Президенттик билим берүү программаларын ишке ашыруу  комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн. Тандоо эки турда өтүп, анда комиссия тарабынан күндүзгү бөлүмдө окуган, окууда жакшы ийгиликке жетишкен жана илим, маданият, спорт жаатында республикалык, эл аралык деӊгээлде өткөн иш-чараларда ийгилик жараткан студенттердин талапкерлиги каралган. Биринчи тур окуу жайлардын илимий жана педагогикалык кеӊештеринде өтүп, талапкерлердин тизмеси Президенттик билим берүү программаларын ишке ашыруу  комиссиясына жөнөтүлгөн.

Комиссия мүчөлөрү ЖК депутаты Н.Никитенко, Билим берүү жана илим министри Канат Садыков, Маданият, маалымат жана туризм министри С.Раев сунушталган талапкерлердин документтерин карап чыгып, комиссиянын отурумунда бекитилген. Жалпы 97 документ тапшырылса, комиссия тарабынан анын 27си тандалып алынган.

Ал эми Жалпы республикалык тестирлөөдө Алтын сертификатка ээ болгон бүтүрүүчүлөр өздөрү каалаган окуу жайынын каалаган адистигине сынаксыз тапшыруу укугуна ээ болушат. Мындай абитуриенттерди кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан биринчи тур башталганга чейин жүргүзүлөт.

Чолпон Кийизбаева

 

Поделиться

Комментарии