АЛГАЧКЫ АСКЕРДИК ДАЯРДЫК САБАГЫН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРСЕК

  • 15.05.2015
  • 0

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө кызмат өтөөгө чакырылган уландарыбыздын даярдыгы  азыркы шартка жооп береби? Бул суроого союздун тушундагы алгачкы аскердик даярдык сабагынын мугалими, катарында «Жок!» деп жооп берет элем.

Аскерге даярдыксыз барган балдарга аскердик илим-билимди кыска мөөнөттө үйрөтүш өтө оор. СССРдин тушунда бул маселе туура жолго коюлган эле. Азыркы убакта бул көрүнүш өткөн чак болуп калды.

Союз тарагандан кийин жогорку эшалондогу жооптуу адамдарыбыздын: «Биз Швецариялык вариант менен өнүгөбүз, эч кимге тийишпейбиз, эч ким бизге тийишпейт», — деген позициялары АЧД сабагы эмес куралдуу күчтөрүбүздүн дагы шала-ботосун чыгарды. Армиябыз бир ууч бандиттерге туруштук бере албай далбастады. Аргасыздан афган согушуна катышкандарды, мергенчилерди кайра чакырууга туура келди. Мындай мисалдар көп.

АЧД сабагына тийиштүү 10 элементтен  турган окутуу базалары талкаланды. Военруктун штаты кыскаруу менен окуучуларга патриоттук тарбия берүү аксады. Балдар аскерге даярдыксыз барууда. Кыска мөөнөттө Ата мекенди татыктуу коргоочуну даярдоо кыйынчылыктарды туудурууда. Ар кандай кырсыктар да катталууда.

Билим системасына жана мугалимдерге приоритет берилбегендиктен, Кыргыз мамлекетинин дене тарбия институтунда военруктарды даярдап жатканы менен алардын мектептерге келип иштөөсү аксоодо. Эми эмне кылабыз?

Биринчи кезекте, мектепте иштеп жаткан чала сабат военруктардын билим деӊгээлин көтөрүү керек. Ал үчүн союз тушунда военрук  болуп иштеген, азыр эс алууда жүргөн ардагерлерди колдонсо болот.  Ар бир райондон бир-экиден ардагер табылат. Дагы 5-10 жылда бул ресурсубуздан да, мүмкүнчүлүгүбүздөн да ажырап калабыз. Ар бир райондо, областтарда, жатак лицейлердин базасында,  военруктардын билим деӊгээлин көтөрүү боюнча үч-төрт күндүк семинарларды уюштурса болот.  Албетте, мындай иш кошумча материалдык чыгымдарды талап кылат. Мамлекетибиздин капчыгы жука. Ошон үчүн бул ишке кызыкдар министрликтер тартылыш керек. Алар: Билим берүү жана илим, коргоо, ички иштер министрликтери. Ар бир министрлик өз үлүшүн кошсо, чоӊ иш аткарылары бышык. Себеби алдыдагы максат бир болуп жатпайбы. Ошондуктан тийиштүү министрлер катышкан кеӊейтилген кошмо кеӊешме өткөрүп, бул кеӊешмеге иш тажрыйбасы бар өз сунушун айта ала турган адамдар катышыш керек. Жыйынтыгында ар бир министрлик өзүнө тийиштүү милдеттенме алышы керек.

Эмки сөз, аскердик терминдерди, командаларды, колдонмолорду, окуу китептерин кыргызчага которуу маселеси жөнүндө болмокчу. Бул багытта тийиштүү каражаттар жокко эсе. 1990-жылдарынын башында АЧД сабагынын окуу китебин кыргызчага которуу аракети болуп, редколлегия тобу да түзүлгөн. Тилекке каршы, жогорку тийиштүү уюмдардан колдоо көрсөтүлбөгөндүктөн бул иштен майнап чыкпай калган. Кыргызчага которуш керек десе эле, баарын аӊтарып-төӊкөрүп салбаш керек. Орус тилинде деле батыштан келген көп терминдер өзгөрүүсүз өз тилиндей колдонулуп жүрбөйбү.

Аскердик терминдерди жана командаларды кыргызчага которобуз деп сөздүн маанисине карата которбой, сөзмө-сөз которуп, команданын тактыгы жана өкүмдүүлүгү бузулган учурлар жок эмес.

Мисалы: орусчасы «напра-во!», кыргызчасы «оӊ-го!»

Бул маселе боюнча атайын комиссия же топ түзүлүп, атайын колдонмо иштелип чыгышы парз. Алгачкы аскердик даярдык сабагы боюнча окуу китеби да, эгемендүү мамлекетибизге жана менталитетибизге ылайык которулушу керек. Бул мыйзам ченемдүү талап.

Эсен Кашкаралиева,

Талас району, Ак-Сай айылы, ардагер, билим берүүнүн отличниги

Поделиться

Комментарии