АЛА-ТООДОН КӨРҮНГӨН АНАДОЛУ

  • 15.05.2015
  • 0

1992-1993-окуу жылы Республикалык Кыргыз-Түрк Анадолу лицейинин ачылганын кыргыз-түрк элдеринин достук мамилелеринин башаты десек болот. Муну лицейдин эмгек жамааты сыймыктануу менен айтып калышат. Ошондон бери эки өлкөнүн ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду. Бул келишимдер алгач гуманитардык багытта билим, илим маданият чөйрөлөрүн камтыса, кийинчерээк экономикалык багытта дагы байланыштар күчөп, келечектеги ийгиликтүү иштерге жол ачылды.

Эркиндиктин алгачкы чабалекейи

Эгемен мамлекет болгонубузда эң алгачкылардан болуп түрк республикасы тааныган. Андан соң Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосунда билим жана маданият чөйрөлөрүндө өз ара кызматташуу жөнүндө 1993-жылдын 3-мартында келишим да түзүлгөн. Бул келишимге кол коюлгандан көп өтпөй эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги менен Түрк Улуттук агартуу министрлиги Кыргыз-Түрк Анадолу лицейин келишимге кол койгон. Анын негизинде Чүй облустук мамлекеттик акимчилиги Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жатак мектептин базасында Исмайил Таранчы уулу атындагы Кыргыз-түрк Анадолу уландар лицейи ачылган.

Лицейдин материалдык, техникалык базасын түзүү, окуучуларды тамак-аш, лицейдин атын тагынган төш белгиси бар атайын форма менен камсыздандыруу, жакшы окуган окуучуларды Түркияга практикага алып баруу, окууга эң керектүү жабдуулар жана окуу куралдары менен камсыздоо милдетин түрк тарабы көтөргөн. Ал эми педагогикалык кадрлар менен толуктоону эки тарап биргелешип чечүүнү макулдашкан. Техникалык кызматкерлерди ишке алуу жана уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүү милдети Чүй облустук билим берүү башкармалыгына жүктөлгөн.

Заманбап шарт ийгиликтин башаты

Лицей Бишкектеги Широкая көчөсүндөгү имаратка көчкөндө, аны капиталдык ремонттон өткөрүү чыгымын да Түркия көтөргөн. Анын ичи окуучунун көркөм дүйнөсүн байытууга, эстетикалык табият талабына жараша жасалгаланып, көрнөктөр, ар түркүн сүрөттөр менен кооздолгон. Кыргыз мамлекети менен Түрк мамлекетинин гимни, желектери илинген. Бул имараттан кийинчерээк лицей көчүрүлүп, «Манас» университетинин «Жал» кичи районунда жайгашкан кампусунда эки кабаттуу окуу корпусуна жайгаштырылды. Учурда эки өлкөнүн министрлиги бекиткен өзгөчө программа менен жаштарга билим берип жатат. Азыркы окуу корпусунда билим берүүгө толук шарт түзүлгөн. Кичи спорт зал, китепкана эки тилде окуу китептери менен толукталган. Окууга керектүү материалдар, шаймандар жетиштүү. Компьютердик класс, акыркы моделдеги лаборатория, телевизор, магнитофон ар бир класста бар. Сабакка тиешелүү бардык техникалар менен жабдылган. Окуучулар арасында президенттик парламент иштейт. Булактын башаты болот дегендей, лицейдин өткөнүнө көз жүгүртүп, төмөнкүлөрдү билдик. Алгач ирет 1992-1993-окуу жылында Исмайил Таранчы уулу атындагы уландар лицейине 80 кыргыз уланы кабыл алынган. Лицейдин биринчи мүдүрү жана уюштуруучусу болуп түрк тили жана адабиятынын мугалими Бекир Бозгой болгон. Ал 1993-жылдан баштап 1996-жылга чейин эмгектенген. 1996-жылдан 1999-жылдын ортосуна чейин мүдүрлүк милдетти Түрк тили жана адабияты мугалими Хамза Кочак аткарды. Ачык айрым, жылдызы жарык, ким менен болсо да тил табыша алган, ыкчам кыймылдаган бул түрк жараны лицейди түптөөдө чоң иштерди бүтүрүп кетти. Анын эмгегин лицейдин жааматы дайыма эстейт.

Жакшы жетекчи ийгиликке жол баштайт

Андан кийин 1999-2000-жылдан баштап мүдүрлүк милдетти Ибрагим Ашчы, 2000-2002 — Халюк Бүтүкер, 2002-2004 — Есхен Билен, 2004-2006 — Мовлюд Етлик, 2006-2007 — Муса Хүснү, 2007-2009- Мурат Ельма, 2009-2010 — Мухаррем Танрыверди, 2010-2010 — Ислам Күчүк, 2010-2013 жылдары Нежати Гюнал аткарышты. 2013-2014 жылдан тартып Кадыр Бурак Салимоглу аткарып жатат. Азыркы мүдүр жаш болсо да ишине тыкан, так иштейт. Өзүнүн милдетин жакшы аткарып жатканына жалпы жамаат ыраазы.

Жогоруда жасалган иштерди айтуу менен бирге лицейде мүдүрдүн жардамчысы болуп көп жылдардан бери эмгектенип келе жаткан Иманалиева Бурул Жанаровнанын эмгегин айтпай кетүүгө болбойт. Агартуу тармагында өмүр бою эмгектенип, топтогон иш тажрыйбасы, уюштуруучулук жөндөмү, психолог, мугалим катары элдин менталитетин терең түшүнгөндүгү эженин ишинен дайыма көрүнүп турат. Бурул эже «Агартуунун мыктысы», бир нече мактоо баракчалары менен сыйланган. Түрк мамлекети тарабынан да мактоо баракчасына татыган.

Лицейдин келечеги кең

Бүгүнкү күндө лицейде жогорку категориядагы мугалимдер эмгектенишип, балдарга билим берүүдө. Алардын мугалимдик иш тажрыйбасын арттырууга дайыма көңүл бөлүнүп, бул үчүн лицейде бардык шарттар түзүлгөн. Лицейде майрам күндөрү ар кандай оюн зооктор өтүп, жолугушуу кечелер уюштурулуп, мугалимдерге жана техникалык кызматкерлерге материалдык кызыктыруучу сыйлыктар берилип турат. Бул болсо лицейдин жамаатынын жакшы эмгектенүүсүнө өбөлгө болууда.

Лицейге балдар жана кыздар 8-классты бүткөн соң тестирлөөдөн жогору баага жеткендер тандалып алынат. Мында окутуу кыргыз, түрк, англис, орус тилинде жүргүзүлөт. Лицейди бүтүргөн жаштар түрк тилинде эркин сүйлөп чыгышат. Англис, орус тили дагы күчөтүлгөн багытта окутулат. Бүтүрүүчүлөр Түркиянын жогорку окуу жайларында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жана башка жогорку окуу жайларда окуусун улантып жатышат. Андан сырткары Кыргызстанда иштеп жаткан түрк фирмаларында орношконго мүмкүнчүлүгү чоң. Кыскасы лицейдин эмгек жамааты учурдун талабына жооп берген жаш муундарды тарбиялап өстүрүүдө өз үлүшүн кошуп жатат десек болот. Кыргыз эли менен Түрк элинин бир туугандык мамилесинен улам жылдан жылга өнүгүп бараткан экономикалык, руханий, маданий жана аскердик коргонуу багытындагы байланыштарды чечүү үчүн биринчи кезекте эки элдин тилин мыкты билген инсандар керек. Буга лицейди бүтүргөн жаштар активдүү катышып, өз салымын кошуп жатышат. Келечекте лицейди бүтүргөн жаштардан мыкты кесипкөй адистер, котормочулар, дипломаттар чыгат деп ишенебиз.

Буга лицейди бүтүргөн жаштардын 90 пайызы жумушка орношуп, дүйнөнүн ар тарабында эмгектенип жатышканы далил.

Бизден окуусун бүткөн балдар Түркияда эле эмес, Жакынкы Чыгышта, Европа өлкөлөрүндө да иштееп, окуп жатышат. Лицейде билим деңгээли модулдук система менен аныкталат. Класста балдардын саны 25 окуучудан ашпоо керек деген талапты катуу сакташат.

Лицейди бүткөндөн кийин Кыргыз Билим берүү, илим министрлиги тарабынан аттестат, Түркия Эл агартуу министрлиги тарабынан диплом, англис, түрк тилдеринен сертификат алышат, компьютерди терең үйрөнүп чыгышат. Ак жол сага Ала -Тоодогу Анадолу лицейи! Арышың арта берсин!

Ататүрктүн айтканы келди

Түрк Республикасын түзүүчүлөрүнүн бири, көрүнүктүү аскер башчы, мыкты жетекчи Мустафа Кемал Ататүрк жөнүндө кыскача айта кетели.

Түрк султанатын таркатып, өлкөнү республика деп жарыялап, сырткы жана ички душмандарды жеңип, каршылаштарын саясий күрөштө уткандан кийин Мустафа Кемал Ататүрк өлкөдө аскердик көзөмөл орнотуп, тартипти бекемдеген. Мамлекеттин түзүмүнө партиялык башкарууну киргизген: кайсы партия саясий күрөштө жеңип чыкса, премьер-министрди шайлап, өкмөттү түзүп, мамлекетти башкарганга укук алган. Ал экономиканын өнүгүү жолуу батыштын моделинде болот деп айткан экен. Ушундан улам батыш менен эркин соода жүргүзүүгө, алардын капиталын алып келүүгө жол ачылган. Араб жазуусунан латын тамгасына өткөрүлгөн.

Мустафа Кемал Ататүрк өз мезгилинин мыкты, саясатчысы эле. Аскер билим бар, дүйнө таануусу терең, тарыхты мыкты билген, айткан сөзүнө бекем, көздөгөн максатына көшөрө жеткен адам экен. Анан дагы ал алыста көрө билген прагматик болгон дешет. Кырдаалга жараша тез чечим кабыл алып, жоопкерчиликти өз мойнуна алып, тез жүрүш жасап, дайыма жеңишке жетиптир. Жогоруда белгилегендей, мыкты сапаттары менен Мустафа Кемал Ататүрк түрк элинин тарыхында аты жазылып калды. Бишкек шаарынын сейил бактарынын бирине анын ысмы берилип, айкели тургузулган. Муну Кыргыз элинин боордош түрк элинин чыгаан уулуна болгон сый-урмат деп түшүнсө болот. Анын айткан накыл сөздөрү бүгүнкү күнгө үндөшүп, актуалдуу бойдон элдин эсинде, муундан муунга калууда. Орто Азия элдери жөнүндө Мустафа Кемал Ататүрк өз мезгилинде минтип айткан экен: «Орто Азия элдери биздин боордоштор, мезгил келет, алар эркиндикке жетишкенде биз жардам беришибиз парз. Биз буга даяр болушубуз керек».

Лицейге кабыл алуу тартиби

Лицейге өтүү тестирлөөсүнө катышуу үчүн Кыргызстандын окуучулары 6-апрелден 29-майга чейин төмөндөгү документтерди тапшырууга тийиш:

8-класста окугандыгы тууралуу өз мектебинен далилдеме;

1. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн жана көчүрмөсү.

2. (3х4) өлчөмүндөгү 2 сүрөт.

Биздин дарегибиз:

Бишкек шаары, Жал кичи району, Тыналиев көчөсү, 44-А; Тел: 49-10-95.

Тестирлөө 31-майда 2015-жылы саат 10.00дө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өткөрүлөт.

(Бишкек ш. Жал к/р.)

 Элдин уулу Эрдоган

Түрк элинин мекенчил, чыгаан уулу он жылдан ашык Түрк Республикасынын премьер-министри болуп иштеп, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салымын кошкон, азыркы өлкө президенти Реджеп Тайип Эрдоганга.

Элдин уулу Эрдоган,

Эрки күчтүү бул адам.

Айткан сөзүн аткарган,

Ачык мүнөз, шар адам.

 Элдин уулу Эрдоган,

Элине калп айтпаган.

Басса, турса элин ойлоп,

Эли үчүн жашаган.

 Элдин уулу Эрдоган,

Мекенин дайым даңктаган.

Европада эл намысын,

Эрдик кылып жактаган.

 Элдин уулу Эрдоган,

Мекенчил уулу түрк-элдин.

Тарых жазаар тастыктап,

Эрдоган кылган иштерин.

 К. Алиев, Ч. Чабыкеева

Поделиться

Комментарии