АГАРТУУНУН АСЫЛ АДАМЫ

  • 20.01.2017
  • 0
АГАРТУУНУН АСЫЛ  АДАМЫ

buru3

Бишкектеги №93 орто мектептин орус тили жана адабияты сабагынын мугалими, таланттуу педагог Бурул КАШЕНОВА бүт өмүрүн мектепке, балдарга билим берүүгө арнап келет. Анын колунан жүздөгөн мыкты инсандар тарбияланып чыкты. Алар Бурул эжени ар дайым эстешип, эмгегин бийик баалашат.

Бурул эже чын эле бурулуш жасаган

Бурул Амантуровна Кашенова китепти ушунчалык аяр, назик, сылап-сыйпап кармаганын көрүп туруп суктанасың да, эми эле колуңа алып окуп жибергенге шыктанып да кетесиң. Китеп эженин байлыгы да. Ооба, антпесе элчилеп бизнеске өтүп кеткен бойдон кыска мөөнөттө кайра мугалимдик кесипке ким келмек. Ал ошентти, кайрылды кайра. Кыя албады. Орус элинин маданий мурасы болгон орус адабиятына жана орус тилине чумкуп кирди кайрадан. Ошентип, Бурул эже быйыл алтымыштын кырында күлүп-жайнап турат. Ал бүт өмүрүн мугалимдик кесипке арнап, анын бүт түйшүгүн көтөрүп келе жатат.

Бурул эже 1957-жылы 3-февралда Түп районунун Ичке-Суу айылында Амантур атанын удаа бешинчи кызы болуп төрөлгөндө, эми бурулсун деп ырымдап, ысмын Бурул коет. Айткандай эле Күлүмкан, Жаңылкан, Арзыкан, Гүлбүбү эжелеринен соң, энеси Асибел Канатбек, Темирбек, Азизбек деген үч уулду удаа төрөйт. Эң кичүүсү Жайлоокүл сиңдиси. Асибел баатыр эне, сексен сегиз курактын кешигин татып отурат. Ичке-суулук, бир уруудан эжеси Сүйүн, өмүрлүк жары Айтпас экөө Жумгалга чектелип, Бурулду ала кетип, орто мектепти ошол ынтымактуу үй-бүлөдө жашап, бүтүрөт. Сүйүн да, Айтпас да мыкты математиктер болушкан, тартипти катуу коюп окутушкан.

Ал мугалим болуп төрөлгөн

Бурул эженин мугалимдикке болгон сүйүүсү Сүйүн эжеси менен жубайы Айтпас жездесинин үлгүлүү үй-бүлөдө жашашып, балдарга терең билим берүү ыкмаларына суктана карап, мугалимдик асыл кесип экенине ынана баштайт. Бул үлгүлүү үй-бүлөнүн үлгүсү жугат кызга. Буга чейин Бурул эже догдурлук кесипке ыктап турса, эми мугалимдик кесип атаандаш орун ээледи эженин оюнан…

Советтик доордо жаштар билим алыш үчүн бүт сонун шарттар түзүлгөн. Кыска мөөнөттө адис болуп чыгыш үчүн кесиптик техникалык окуу жайынын тармактары айылдык балдар үчүн жатаканасы, ал тургай үч маал тамагы менен камсыз кылып турган. Бурул эже Фрунзедеги мединституттун конкурсунан орун тийбей №10 кесиптик окуу жайына кирип, сүт азыктары боюнча адистик алып чыгат. 1975-жылдан 1979-жылдарга чейин Фрунзедеги сүт комбинатта үлгүлүү иштеп, коллективдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, 1978-жылы КПССтин мүчөсү, Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин депутаты болуп шайланат. Кийинки жылы Фрунзеде жаңы орус тили институту ачылып, иштеген жеринен жолдомо менен келип институтка өтүп кетет.

Коллектив менен иштешүүнү да үйрөнүп, иш-тажрыйбасына да ээ болуп, институтка кирген күндөн баштап окууда активдүүлүгүн көрсөтүп, студенттердин факультеттик парторгу, жайкы каникулда курулуш отряддарын жетектеп, республикада көп курулуштарга катышкан.

Тагдырдын башка салганын татыктуу көтөрдү

1984-жылы институттун биринчи бүтүрүүчүсү болуп бүтүп, Аламүдүн районунун Орто-Алыш орто мектебине орус тили мугалими болуп ишке киришет. Башы бош кызга чоң-арыктык Сексенбайдын көзү түшүп калат. Тагдырга даба жок. Эки жаш баш кошуп, Азирет деген уулдуу болушат. Азирет азыр Великобританияга кеткенине жети жыл болуп, окуусун бүтүп, ал өлкөнүн туруктуу тургуну болуусу күтүлүүдө.

Эки жаш күндөлүк оокатын кадимкидей өткөрүп жатканда Сексенбай өндүрүштө иштеп жүрүп алаканын айнекке тилдирип алып, туюк жара болуп бүтүп газ гангренасы кабылдап кетип, 6-ноябрда 1992-жылы өлүмгө дуушар болот. Уулу кенедей кези, аны бутуна тургузуу маселеси турган. Кыйынчылыкка мүңкүрөп отуруп берген жок.

Кадырың калды билинип,

Камчың калды илинип.

Карааныңа зар кылбай,

Кайрылып келчи тирилип.

Касиетин сезчү элем,

Кармалап койгон колуңдун.

Жакындап жыттап коёмун,

Жакасынан тонуңдун.

Эбелиң эки болгон жок,

Ээриң калып жоргоң жок.

Карс күлүп үйдө отурган,

Казаның кайра толгон жок.

Көзүмдөн кетпей элесиң,

Көргөн түш көп, түр ойдон.

Ээгиңди байлап узаттым,

Эсилим кайран гүл ойрон.

Чоң-Арык айылы тоонун этегинде жайгашкан. Сексенбай жезденин сөөгү этектеги көрүстөн толуп кетип, орто жапыздыктагы наркы тоонун чокусуна коюлган. Кайран жигит кайкалап ошол жерде жатат. Уулу Азирет Англиядан келген сайын атасынын көрүстөнүнө барып, молдо чакыртып, куран окутуп кетет. Турмушту чын өзүндөй тутуу кыйынчылыкка турса да, анын долбоорун кайталап туруу тирүүнүн парзы экен. Азирет дал ушинтет. Бурул эже медик болбой калса да, анын Медакадемияда орус тили кафедрасында иштеп, келечектеги медик студенттерге орус тилинен сабак берип, дарт баянын толтурууда грамматиканын кереги бар экенин түшүндүрүп жүргөн күндөрүн сыймыктануу менен айтып келет.

Манастан Пушкинге чейинки улуулук касиети 

Акын агасы Таңатар Кашенов “Ала-Тоо жана Пушкин” деген ыр повестине корректорлук кылганына  өтө кубанычта болгон. “Колоннадагы жепирейген үй” жана “Жез атчан” ыр повесттерин жазбады беле Пушкин деп, өтө кубаныч менен эскерет эже.

Он миңдеген акындарынын ичинен тек гана жалгыз Пушкин “Евгений Онегин” ыр романынын мурас кенчи катары калтырган эмеспи.

Ошентип, орус адабиятында “Евгений Онегин” жападан жалгыз ыр роман болуп эсептелет. Белинский бекеринен “Онегин” – Пушкиндин бул чыгармасы жан дүйнөнүн ачкычы, … бул жерде бардык турмуш, тикелей жан, анын бардык сүйүүсү” – дегени бар. Орус адабиятынын ар бир барагы ажарлуу, кооз, үйрөнө берчү акыл.

“Игорь полку жөнүндө сөзү” эмне деген эпикалык чыгарма. Күч бирдикте деген мурасты калтырган. XII кылымда Русь өзүнчө княздарга бөлүнүп, ар бир князь өз алдынча бийлик жүргүзүп, Кара деңиздин жээгинде жашаган көчмөндөр бат-бат кол салып талап алып, талкалап турган. Новгороддук эр жүрөк князь кол топтоп жалгыз эки күн салгылашып, үчүнчү күнү колго түшөт. Аны уккан жубайы Ярославнанын ыйы, жаратылыштын күчүнө кайрылганы, шамалга, кубаттуу Днепрге, күнгө кайрылганы, анын тилегин кудай берип, Игорь туткундан качып чыгып жерине келет, “Сөз” ушинтип бүтөт. Кыргыздын шер Манасы кубаттуу душман менен кармашып, катуу жарадар болуп, кырк чоросунан айрылып, жабыркап келип, арманын айтып турганы эмне деген адамгерчилик, эмне деген асыл мээримчилик.

Бурул да жубайы Сексенбайдан ажырап калганда башына айланып турган кара булутту кантип эритиш үчүн жалгыз уулу жөнүндө минтип айтып турбайбы:

Келечекке керегиң,

Керилип өсчү терегиң.

Жарыбай өсөөр турмуштан,

Жалгызы болуп эненин.

Иреттейм ичип жегенин,

Иши го ал эненин.

Алаарбы толук тарбия,

Атасыз бала дегеним.

Кантээр экен билимин,

Караармын жүрүм-турумун.

Тикенек болбой өссө дейм.

Тилин алып улуунун.

Бабалардын мурасын,

Алса экен акыл кенчим деп.

Кармаган адам болсо дейм,

Зымдай кылып эркин бек.

Башыма салса кудайым,

Бактысыздык убайым.

Тарта бербей жата бер,

Тагдырлаш менин жубайым.

Билимдин бийиктигине умтулду

Билимди алып жүрүүчү Бурул эженин өзү болгон соң, өзүнүн мүмкүнчүлүгүн бир эле мекеме менен чектеп койбостон, жогорку окуу жайынан кийин № 93 орто мектепке барууну чечти. Уулу Англияга чакырып жаткан соң чет тилге көбүрөөк убакыт бөлүп, аны үйрөнүү далалатын баштады. Максат бар болгон соң, аракет да шайкеш болууга тийиш ага.

Жөнөкөй адамдын асыл эмгегин даңазалоо юбилейлик жылда арзырлык кубулуш.

Көк асман деле төгөрөк,

Көзүңүз дале көрөөнөк.

Басканыңыз бийчидей,

Баспай калбай өрөөлөп.

Кудурет Сизге кубанат,

Кулагыңыз угаанак.

Койнуңузга акыл жаап,

Койгонбу Сизди дубалап.

Наабайыңыз ак маңдай,

Наристе уктап жаткандай.

Абийирдин сизде үлгүсү,

Асманга ай, күн баткандай.

Кишилер таппайт кайдасыз,

Китептин жаагын айрасыз.

Илебин татып турмуштун,

Иш кылбайсыз пайдасыз.

Окуучуңуз армия,

Ошого тардык барбы ыя,

Беделин элдин өстүрүп,

Бересиз тынбай тарбия.

Кут болсун туулган күнүңүз.

Кубанып эсен жүрүңүз.

Сизге берсин жылуулук,

Сибирдей кышкы гүлүбүз.

Сагыныч Медерова, журналист

Поделиться

Комментарии