АДАМ ТАРБИЯЛООНУН АЗАБЫ ЖАНА АКЫБЕТИ

  • 13.03.2015
  • 0
АДАМ ТАРБИЯЛООНУН АЗАБЫ ЖАНА АКЫБЕТИ

Адамга эӊ кыйыны — күн сайын адам болуу.                          Ч.Айтматов.

ЖАМУнун доценти Жеӊишбек КУВАКОВ менен жазуучу Аким АКЖОЛОВдун дил маеги

• Жазуучу Аким Акжолов: — (Мындан ары — жазуучу) Жеӊишбек Мамадалиевич, Сиз ЖАМУда белгилүү математиксиз, турмушту жакшы билесиз. Жашоо — бул феноменалдык көрүнүш. Мени дайыма ойлондурган нерсе — бул адамзат коому канча доорду, канча кылымды, кандай цивилизациялык алкакты жашап өтпөсүн, эч качан адам турмушунан кетпеген, дайыма бирге жашаган жакшылык менен жамандык деген түшүнүк бар. Сиздин оюӊузча бул кандай түшүнүк?

• Доцент Жеӊишбек Куваков: — (Мындан ары — доцент) Бул маселе өтө оор маселе. Аны бир сөз менен да, бир нече мисалдар менен да так аныктама берүү — бул жеӊил-желпи иш эмес. Коомдук аӊ-сезимден алганда бул эки нерсе дароо эле же кокусунан эле пайда болгон нерсе эмес. Математикалык тил менен алганда сандык катыштар кандай өзгөрүлүп олтурса, адамдагы мамиледен ке-лип чыккан процесстердин системага айланышы же алардын дал келбей бузулуп калышы сыяктуу эле жакшы-лык менен жамандык процесс катары жөнөкөйдөн татаалга өсүп чыккан турмуштук зарылчылык болсо керек — деп ойлоп калам.

• Жазуучу: — Ар кандай нерсе айталы предмет — жок жерден эле пайда боло койбойт. Айталы бытья-нын закондорун (онтология) жана таанып билүүнү (гнесология) ким иштеп чыкты? Эмне үчүн иштеп чыкты? — деген суроолор сөзсүз пайда болот. Башкача айтканда коомдук өнүгүш эмнеден  башталды?  Коомдук  аӊ-сезимдин алгачкы булактарын эмне түзөт? — деген суроого байыркы Грек, Рим философтору абдан баш каты-рышкан. Маселен, Пирменид «бытьянын» окуусун тапса, Анаксимандр жаныбарлар дүйнөсүн тапкан. Ал эми Демокрит коомдук өнүгүштүн диалек-тисин ачса, Сократ өзүӊдү таанып бил! — деп чыкпадыбы?

  • Доцент:   —  Ошол  сиз  айткан Сократтын өзүӊдү таанып бил! – деген сөзү адамдагы ишмердүүлүктү, акыл-эсти, таанып билүү жөндөмүн аныктоого түрткү болгон. Дал ушундай учурда түшүнүктөрдүн бири-бирине дал келебеси менен менин оюмча жакшылык менен жамандыкты иштеп чыккан болуу керек.

• Жазуучу: — Сиз айткан пикир туура. Бирок мен бул жерде жакшылык менен жамандыкты түшүнүк катары эмес, аны проблема катары караганыбыз жакшы го — деп турам. Себеби бул эки субъект коомдук аӊ-сезимде тарбиядан улам чыккан нерсеби — деп калам. Тарыхый чындыкты карасак тарбия — бул мамиледен улам баш-талып, ал эми мамиле — адамдардын көз карашынан, идеялык абалдарды иштеп чыгуудан, б.а. аракет менен ишмердүүлүктүн деӊгээлинен улам пайда болгон нерсе. Бул жагынан алганда жакшылык менен жамандык түбөлүктүү темалар.

• Доцент: — Кайсыл философ айтты эле — мүмкүн Сократтыр — ал айтат: «Жакшылык — бул адилеттүүлүк, ал эми жамандык — азаптын натыйжасында пайда болгон» деп. Чындыгында эле бул экөө теӊ бытьянын негизги пробле-масы катары көрүнөт. Албетте пробле-ма тарбиядан, мамиледен келип чыгат. Ошондой болсо да жанагы сиз айткан мамиле маселеси — көп нерселерди чечет. Эӊ башкысы адилеттүүлүктүн эки формасы, б.а. анын негизин эмне түзөт деген суроону мен айтпасам дале көп учурларда айтылып кетиши мүмкүн. Менин оюмча бул эки феноменалдык кубулуштун негизин мамиле түзсө ке-рек. Мамиле категория катары коомдук түзүлүштө жана өнүгүштө форма катары пайда болгону анык.

• Жазуучу: — Сиз бир нерсени аб-дан туура айттыӊыз, Жеӊишбек Мама-далиевич, жакшылык менен жамандык коомдук аӊ-сезимде форма жана ка-тегория катары да, көрүнгөн социалдык көрүнүш экени ырас. Ошондой болсо да жакшылык – бул түшүнүк катары алганда этикалык көрүнүш. Античный доордун философу Сократтын этикасында – жакшылык – бул адилеттүүлүк, ал эми адилеттүү болуш үчүн адамга билим керек. Ошондо жакшылык тарбияга айланат. Ал эми француз философу Ламетри — тарбия — бул эӊ мыкты уюшулган акыл эстин өзү. Эгер адам тарбияны жоготсо, анда ал өзүнүн баалуулугун жоготот деп айткан.

• Доцент: — Сиздин идеяӊызды кыргыз философиясы аркылуу бекем-дегим келип жатат. Анткени бардык элдердей эле биздин кыргыздар да жакшылык менен жамандык, адам-дын жан дүйнөсүндөгү өзгөчө кате-гория катары жашап келе жаткандыгын ким билбейт. Ал турмак бул эки түшүнүккө байланыштуу кыргыздар-да «Көрө албастык», «Ичи тардык», «Жек көрүүчүлүк», «Жактырбоо» ж.б. ушул сыяктуу терс түшүнүктөр менен жакшылыкка байланыштуу ондогон жакшы түшүнүктөр пайда болгондугу кокусунан эмес.

  • Жазуучу: — Билесизби, ар кандай нерсе жөнөкөй жерден пайда болбойт. Мына экөөбүз сөз кылып жаткан масе-ле – бул эӊ алгачкы доордо отурукта-шуу ыргалдуу жүрүп, коомдук чөйрөдө эӊ алгачкы пайда болгон үстөмдүк, башкаруу, лидер болуу, башкалардан өзгөчөлөнгөн сапаттарды иштеп чыгуу бирөөлөргө жакшы көрүнүш болсо, кээ бирлерине жаккан эмес. Ортодо талаш тартыш (аперема) ички жек көрүү  (конфликтизм),  бир  ойлорго макул болбой коюу, өзүнүн пикирин таӊулоо сыяктуу мамилелер – жак-шылык менен жамандыктын келип чыгышын шарттаган.

• Доцент: — Туура, бийлик саясатын зомбулукка өтүшү, үстөмдүктүн чексиздикке умтулушу, адам укугун-дагы  параллелизмдин  жоголушу, жанагы сиз айткан бир чөлкөмдөгү, бир аймактагы жалпы биримдиктеги ички кризис – бул эки булактын келип чыгышын шарттады.

• Жазуучу: — Туура – бул маселелер тарбия берүү менен чечүү керек деген түшүнүктү пайда кылды. Эми адамдар тарбия — бул түшүнүк эмес, ал проблемалуу объект экендигин сезип калышты. Маселен, үй-бүлө ма-селеси. Аялдын ишмердүүлүгүндөгү көп функционалдуулук, б.а. эркектин аялды башкара башташы, коомдогу айрым  теӊсиздиктер,  конфликтер, чыр-чатактар балдардын тарбиясына терс таасирин тийгизе баштады. Эми ата-энелер балдарын жаман сапаттардан сактап калууга өзгөчө маани берип калышы жамандык менен жакшылыктын функциялоону колго алып, ал жалпы социализациялоого муктаж

АДЕП САБАГЫ ТААСИРДҮҮ БОЛСУН ДЕСЕК..

  • Доцент: — Аким Акжолович, ошондуктан  адамдар  тарбия берүүнүн методдорун иштеп чы-гууга аргасыз болушту да. Жанагы жомоктор, уламыштар, санжыра-лар, көркөм образдар, аӊгемелер кокусунан чыккан эмес да. Мен мектепте көп иштегем. Мектепте билим жана тарбия берүү деген түшүнүк бар. Бирок бул эки масе-ле – эки проблемага айланып, ал бүгүн да жакшы боло албай жатат. Бул бүткүл коомдун проблемасы болуп калбадыбы. Тарбия масе-леси – бул дүйнөлүк проблема!
  • Жазуучу: — Жакшылык менен жамандык проблемасы – чын эле сиз айткан дүйнөлүк проблема болуп калды. Бир мезгилде бул маселени  чечип  берем  –  деп «Адабият» — деген чоӊ фактор келди эле, тарбия идеологияга айланып кетти. Азыр болсо би-лесиз тарбия маселесин ММК (массалык маалымат каражатта-ры) колго алышты. Айрыкча тар-бия маселесине телевидение эӊ активдүү, оперативдүү, тасирдүү формалар аркылуу киришти. Азы-рынча жакшы натыйжа болбой жатат. Дагы эле согуштар, зомбу-лук, кулчулук, көз каранды болуу процесси токтой элек.
  • Доцент: — Телевидениени айтасыз да. Алар иштеп жатышат. Ошондуктан мектептерге адеп, укуктук, ыйман сабактары киргизилди. Буларда азырынча жакшы натыйжа жок.
  • Жазуучу: — Булардын себеби эмнеде? – деген суроо дагы да мээни эзет. Сиз айткан ыйман, адеп, укук сабактары – сабак катары эӊ аз саатта окутулат экен. Кеп сааттын санында эмес, кеп сабактын сапатында болуп жат-пайбы. Бир кызык нерсе бар экен мектептерде. Угушума караганда ыйман сабагын, адеп сабагын дин кызматкерлери өтсө таасирдүү болот деген пикирлер бар. Масе-лен, мен буга эч кошулбаймын. Ыйманды да, адеп сабагын да – мыкты философдор, социологдор, илимдүү педагогдор, психологдор өтүшү керек. Болгондо да систе-малуу түрдө.
  • Доцент: — А, бирок бизге эӊ жакшы түзүлгөн программа – сабакты өтө турган окуу китепери, адабияттар жок болуп жатпай-бы!
  • Жазуучу: — Ачык эле айтыш керек,  азыркы  китептер  менен балдарга ыйман менен адепти окутууга болот деп кесе айтууга болбойт.
  • Доцент: — Демек «Антропо-логия» илимин өнүктүрүү, аны модернизациялоо маселесин иштеп чыгуу зарыл деп жатасызбы?
  • Жазуучу: — Ойлоно турган бир олуттуу жагдай бар. Сөз жа-мандык менен жакшылыкты карама каршы коюуга болбой турган-дыгы белгилүү. Азыр биз бул эки феноменин тарбия маселесине кызмат кылууга алып өтүшүбүз керек. Ошондо жаман айтпай жакшы жок деген эӊ жакшы түшүнүк алдыӊкы орунга чыгат.
  • Доцент: — Кантип?
  • Жазуучу: — Себеби адамзат коомунун өнүгүшү бирдей эмес. Түшүнүк да, мамиле да бирдей болушу мүмкүн эмес.
  • Доцент: — Жалпы түшүнүк болушу мүмкүн да.
  • Жазуучу: — Болушу мүмкүн. Бирок биздин билим деӊгээлибиз, ички маданиятыбыз, тарбиябыз, жашоо деӊгээлибиз, социалдык абалыбыз бирдей эмес да! Жа-мандык менен жакшылыктын жа-шашы дал ушул принциптердин ичинде болуп жатпайбы.
  • Доцент: — Демек этнопедаго-гикалык мазмунда жашоо формасын жаӊы нукка бурушубуз зарыл.
  • Жазуучу: —  Ооба,  биз өзүбүздүн улуттук илимибизди, улуттук аӊ-сезимибизди дүйнөлүк тарбия берүүнүн контекстинен ка-рап, салыштырып, алардын жакшы гана жактарын алып, пайдалансак жашоо сиз айткан улуттук баалуулуктарыбызды өркүндөтө алабыз. Маселен, Кытайдын эко-номикага болгон идеологиялык тажрыйбасын, Корея, Япония сы-яктуу өлкөлөрдүн улуунун кичүүгө, кичүүнүн улууга болгон тарбиялык тажрыйбасын, айрыкча улуттук менталдык психология же моралдык сапаттарын өздөштүрүүбүз керек! Ансыз да мифологиялык интеграция менен глобализация – биздин ички турмушубуздан эч качан чыгып кете албайт.
  • Доцент: — Туура. Биз азыр коомго да, акын адамдарына да (жаш-кары деп бөлбөй) жашоо, турмуш,  адам  дүйнөсү  деген түшүнүктү алдыӊкы планга алып чыкпасак болбойт да.
  • Жазуучу: — Абдан туура сөз. Ошол  сиз  айткан  жашоо,  тур-муш, адам дүйнөсү деген жалпы түшүнүктү  аӊ-сезимге  кантип, кандай жолдор менен жеткире-биз? Кептин баары ушунда турат. Кеп  адамдын  өзүн  тарбиялоо-до турбайбы. Бул жагынан биз Өзбекстандын телевидениесинен, Кореянын адабиятынын тажрый-басынан үйрөнсөк болот. Болбосо Россиянын детективи, Америка-нын  фантастикасынан  биздин балдар эмнелерди үйрөнүп жа-тышат. Эми азыр интернет ко-шул-ташыл болуп калды. Тарби-ялык мааниси начар фильмдер Кыргызстандын ТВсынын башкы кумири болуп калгандай көрүнүп калды.
  • Жазуучу: — Адамдарга тар-бия берүүдө Крыловдун тамсили эске түшөт.
  • Жазуучу: — Жеӊишбек Мамадалиевич, Сиздин оюӊуз абдан туура. Ошондой болсо да бир нерсени тактап койсок жакшы болот эле. Эмне үчүн адамдар жакшылык менен жамандыкты ойлоп табышкан? Эмне үчүн алардын аӊ-сезиминдеги  баалуулуктун бири катары пайдаланышкан?
  • Доцент: — Сиз эмне бул эки түшүнүктү баалуулук катары карап жатасызбы?
  • Жазуучу: — Башкасын айт-паганда да «Адамдар» өздөрү ойлоп  тапкан  тил,  каада-салт, ой  жүгүртүү,  жамандык  менен жакшылык – бул «Адамзат» үчүн эӊ зор баалуулук — деп ойлой-мун. Эгер кырсык болуп коомдук чөйрө өзгөрүп кетсе тил, каада-салт өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ал эми жакшылык менен жамандык Адам жашап турган мезгилде жо-голбойт — деп ойлоймун. Себеби, адамдагы дагы бир эӊ жогорку баалуулук бул – сезим. Ал эми сезим — адамдын жан дүйнөсүн өзгөртүп  туруучу  интуицияга тыгыз байланышкан. Интуиция-француз окумуштуусу, философу Дуис Скоттун (1268-1388) пики-рине таянсак ал индивидуалдуу, конкреттүү көрүнгөн образ катары эсептеген. Демек жамандык менен жакшылык – бул түшүнүк катары адамдагы индивидуалдуу пайда болгон образ десек болчу-дай экен.
  • Доцент: — Бул абдан туура. Себеби «Жаман» менен «Жакшы» деген түшүнүктүн өзү адамдагы жашаган образ. Мына ушуга байланыштуу адамдар жакшылык кылууну да, жамандык кылууну да атайын ойлоо сезимдери аркылуу иштеп чыгып, анан аны ыгы ме-нен, максаттуу пайдаланышкан. Бирок, бул традиция эмес.

            ГАМЛЕТТИН ТРАГЕДИЯСЫ ЭМНЕДЕ?

  • Жазуучу: — Байыркы Рим философу Луций Сенека адамдар бирөөгө жамандык да, жакшылык да кылуу үчүн «Адам» өзү менен өзү дос болушу керек. Себеби өзү менен өзү дос болгон адамдын ички руханий дүйнөсүндө психологиялык гармония, б.а. адамдагы ма-миленин формалары келип чыгат деген ойду айтып жатпайбы. Карабайсызбы, адамдын өзү бардык мамилелерди, алардын ичинде жа-мандык менен жакшылыкты иштеп чыгат. Буга далил катары Шекспирдин чыгармаларынан Гамлетти алыӊызчы. Бир ушактын айынан чоӊ трагедия жасады. Муну ким жасады? Ушакка ишенген ким? – Гамлет. Трагедияны жасаган ким – Гамлеттин өзү. Индивидуалдуулук деген ушул да.

• Доцент: — Эми бул маселенин психология-лык абалы жөнүндө сөз кылсак кандай болот? Себеби жамандык менен жакшылыктын не-гизин психологиялык абалдар түзөт эмеспи?

  • Жазуучу: — Туура айтасыз. Талдап карасак жамандык менен жакшылыктын типтери да, сиз айткан формалары да көп. Башкасын айт-паганда да жаратылыш тарабынан жасалган жакшылык менен жамандыкты алып көрөлүчү. Дүйнөдө от менен суудан жапа чеккендер канча? Болгондо да адам өмүрүн жок кылган жамандыктар жыл сайын эле катталып жатпай-бы. Күчтүү урагандар, көзү ачык Ванга кемпир айткан жаратылыш кырсыктары — булардын бардыгы жаратылыш берген жамандыктар. Ал эми жаратылыштын адамга берген жакшы-лыгы абдан көп. Маселен тоону алалы. Бул асман тиреген тоолор өзүнүн структурасына миллиарддаган акчага айлана турган бай-лыкты камтып, кармап турат. Биздин Кумтөр, Каракече, Чаткалдын алтыны, Теӊир Тоонун темирлери — бул биз үчүн тоонун кылган жак-шылыгы. Ал эми тоодогу сырткы байлыктар — айталы чөптөр, жыландар, мөмөлөр — булар да миллиарддаган акчаны камтып турат. Мына жаратылыштын жакшылыгы.
  • Доцент: — Илим жасаган жакшылыктар гана адамзаттын улуу цивилизациясын кам-сыз кылбадыбы. Өзүбүзгө жакын Ибн Сина, Улукбек, Кулкожо Яссави, Махмуд Кашкари, Аль-Фараби сыяктуу илимпоздор бүтүндөй дүйнөнү өзгөртпөдүбү! Бул жакшылыкты та-рых кантип унутсун!
  • Жазуучу: — Жеӊишбек мырза Манасты, Чыӊгызханды, Барсбекти айтсаӊыз. Ар бири-нин жасаган бир кездеги жакшылыгы — азыр да изилденип бүтө элек. Манастагы: «Кулалы таптап куш кылдым, Бүлүнгөн элди-журт кылдым» — деген сөздө эмне деген жакшылыктын феномени турат. Ошол эле мезгилде Нескара, Чалкалмак сыяктуу ичи кара, көрө албас, адилеттүүлүктү жек көргөн бул адамдардын Манасты жек көрүү сезими — бул ошол мез-гилдин чыныгы саясатына айланып кеткен. Болбосо Чыӊгызхандын саясатын алып карай-лы. Анда элди бириктирүү, ынтымак жашоо — идеясы биринчи орунда турат. Сыртынан караганда Чыӊгызхан чыныгы баскынчыдай көрүнүп калгандай туюп жүрүшөт. Менин оюмча Чыӊгызхан — чыныгы акылман, ар бир сөзү өтө даанышмандык көрүнүп турган улуу инсан.
  • Доцент: — Тарыхты окуган катары байыр-кы доордогу цивилизациянын келип чыгышы-на албетте падышалар, шаар башчылары өз элине курулуш куруп, шаар куруп түптөгөн, мамиле маданиятын жолго коюшуп, келечек муундарга көп жакшылыктарды жасашкан. Кокусунан орто кылымды тарыхта улуу ци-вилизациянын доору деп аташкан эмес да. Ошол мезгилде эле урбанизация, социализа-ция, инженерия, архитектура күчтүү жүргөн. Бул ошол мезгилдин өз дооруна жасаган жакшылыгы болгон.
  • Жазуучу: — «Мен — илим-адамдардын жашоосу үчүн жакшылык кылам, бирок илим жасаган жакшылык адамдарга орду толгус жамандыкты алып келиши мүмкүн. Карачы азыркы жасалган бомбалар, сансыз ракеталар, куралдар, октор – адамга жамандык үчүн даяр турган субъект болуп жатпайбы!
  • Доцент: — Кыргыздар «Жаман айтпай жакшы жок!» — деп абдан туура айтышкан экен да.
  • Жазуучу: — Жеӊишбек Мамадалиевич, жамандык менен жакшылык азыркы мезгилде активдүү позициядабы же пассивдүү позици-ядабы?
  • Доцент: — Сиз мага бул маселени адам-дардын аӊ-сезиминен алып таштоого бо-лобу? — деп сурап жатасыз да. Бир кызык парадокс — адабиятта, тарыхты карап көрсөӊүз тээ байыркы мифологиядан тартып бүгүнкү жомокторго чейин жанагы сиз айткан жаман-дык менен жакшылык коомдук турмушта да, коомдук аӊ-сезимде да бири-бирин кубалаган, бири-бири менен күрөшкөн кубулуштар сы-яктуу көрүнөт. Дүйнөлүк тажрыйбада тарбия маселесинин негизги өзөгүн биз адамдарга жамандык менен жакшылыктын позицияла-рын конкреттүү жеткирүү үчүн концепция улам мезгилге, шартка жараша өзгөрүп ту-руусу зарыл. Маселен, бүгүнкү жаштарды ÕÕ кылымдын позициясы менен тарбиялоого болбойт. Азыр коомдук өнүгүштүн да, коомдук аӊ-сезимдин да технологиясы түп тамырынан өзгөрдү.
  • Жазуучу: — Туура айтасыз, Жеӊишбек Мамадалиевич, жамандык менен жакшылык эмне үчүн бул турмуштук сахнадан түшпөй келе жатат? Бул кандай социалдык көрүнүш? – деген суроолор бүгүн да көптөгөн адамдардын мээсин эзип келет. Ошол мезгилде жашоонун принциби деген чоӊ түшүнүк да биз сөз кылган объект менен тыгыз байланышта. Байыркы Римдик философ Сенека мынтип жазган экен. Адамдын бактылуу жашоосу үчүн жүрүм — турум, адеп-ахлакты, анын эрежелерин система катары өздөштүрүү зарыл. Мында адамдык принцип талап кылынат — деп белгилеген экен. Караӊызчы, жашоонун принциби менен «Адамдык» принцип – аны өздөштүрүү абдан татаал процесс. Ал эми жа-мандык менен жакшылык – дал ушул эки принциптин алкагында жашап жатпайбы?

ӨНҮГҮҮ — БУЛ ЖАМАНДЫКТАН ЖАКШЫЛЫККА ӨТҮҮ ДЕГЕНДИК

  • Доцент: — Педагог катары айтсам сиз сөз кылган жашоонун жана адамдыктын принциптеринин негизин тарбия түзөт. Ал тарбия – этиканын, моралдык объектинин башкы, б.а. конкреттүү көрүнүшү. Бул жерде жашылык да, жамандык да тарбиянын жыйындысы. Кыргыздардагы «жаман айтпай жакшы жок», — деген сөзү эмне деген феноменалдык түшүнүк.
  • Жазуучу: — Адабияттын теориясында оӊ жана терс образ же каарман деген түшүнүк бар. Бул жамандык менен жакшылыктын туундусу катары оку-туп келе жатышы мага жага бербейт. «Оӊ образ», «Терс образ» — бул тарбиянын алкагынан алганда түбөлүктүүдөй түр калтырат. Менин оюмча адам турмушунда жаӊылат, кемчилдик кетирет, катачылыкка жол берет. Бирок ал адам бойдон калып жатпайбы. Жакшылык менен жамандык деле дал ушундай. Кээде жакшылык жамандыкка айланып кетиши мүмкүн да. Маселен, адамдар ойлоп тапкан октор, бомбалар, снаряддар, автоматтар, танктар — бул эмне жакшылыкпы же жамандыкпы?
  • Доцент: — Туура айтасыз. Татаал функционал-дык математика, кибернетика – көптөгөн адамдар үчүн азап. Мындай илимди бардык эле адамдар жакшы көрө беришпейт. Бирок илим катары керек нерсе! Илимдин жакшылыгы көбүрөөк.
  • Жазуучу: —  Математика  мугалими  катары айтсаӊыз жамандык менен жакшылык салыштыр-малуу жашоодогу орду кандай?
  • Доцент: — Жашоодо бардык нерселер са-лыштырмалуу каралат: а>в, а≥в барабарсыздык (теӊсиздик), а=в, а≡в барабардык (теӊдештик), а<в, а≤в барабарсыздык (теӊсиздик). Ушул үч катыштын бузулушу – карама-кашылыкка, б.а. жамандыктын келип чыгуусунун себеби болуп калат. Адилеттүүлүк, чынчылдык, акыйкаттык орундалса, анда жаман-дыкка жол берилбейт. Жашообузда жакшылык < жамандык барабарсыздыгы орун алууда. Ошон-дуктан: жакшылыктан жамандыкка өтүүнү азайтып, жамандыктан жакшылыкка өтүү процесси көбөйсө. Адегенде: жакшылык = жамандык орун алышына жетишип, андан соӊ жакшылык > жамандык катышына жетүү — бул өнүгүү. Өнүгүү – жамандыктан жакшылыкка өтүү жолу менен гана жүргүзүлөт.
  • Жазуучу: — Мектептеги жакшылык менен жа-мандык боюнча сиздин оюӊуз?
  • Доцент: — Сиз мектеп рэкетчилиги жөнүндө айтып жатасыз го. Бул азыр сары чырмооктой эле каптап кетти. Жаштар суу сыяктуу, кай жакка бурса ошол жакка агып кете берет десе болот. Жаман ойго, сөзгө, ишке жаш жеткинчектер тез таасирленет, б.а. оӊой алданат. Мындагы баардык иш-аракеттер – жа-мандыкка гана багытталган. Турмуш көрсөткөндөй натыйжасы өкүнүч менен аяктоодо. Буга бирдей талап, катуу тартип, ар бир окуучу ата-эненин, улуулардын, коомчулуктун көзөмөлүндө гана болуп жакшылык аркылуу жоюуга болот деген ойдомун.
  • Жазуучу: —  Эми  маекти   жыйынтыктасак, Жеӊишбек Мамадалиевич, кандай болгондо да биз сөз кылган жакшылык менен жамандык – бул адамдын психологиясы аркылуу жашаганда, б.а. ал реалдуу көрүнүш катары биз менен кошо жашаган тарбия деген улуу феномендин өнүгүшүнө, өсүшүнө, таасирдүү болушуна өтө маанилүү объект жана субъ-ект экендигин биз көрүп турабыз. Болгону экөөнө теӊ өтө аяр мамиле керек. Ошондо коомдук аӊ-сезим турмуштун жүгүн көтөрүп тура берет турбайбы!
  • Доцент: — Бул эки түшүнүк параллель жашаганы үчүн биз аларга жоопкерчиликтүү мамиле болгондо гана ал реалдуу көрүнүш катары жашайт!
  • Жазуучу: — Турмуштун татаалдыгы дал ушул эки процесс аркылуу кызык жана баалуу.

Аӊгемелешкен: Аким АКЖОЛОВ,

ЖАМУнун профессору, жазуучу

Поделиться

Комментарии