2013-14-окуу жылындагы мугалимдердин август кеӊешмелерине карата орус, өзбек, тажик тилдеринде окуган мектептер үчүн кыргыз тили, адабиятын окутуу боюнча методикалык сунуштар КЫРГЫЗ ТИЛИ

  • 02.08.2013
  • 0

1. Кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөнүү проблемалары боюнча

 

Кыргыз тилин экинчи тил катары  үйрөтүүдө эмнелерге көӊүл бөлүнүүгө тийиш?

 

Албетте, кыргыз тилин үйрөтүү – тилдерди үйрөтүүнүн дүйнөдө сыналган алгылыктуу методдоруна таянылмакчы.  Алардагы методологиялык жоболорду эске алуу менен, кыргыз тилин окутуунун төмөндөгүдөй багыттарын бөлүп көрсөтсөк болот, т.а.:

• кыргыз тилин  республикабызда жашап  жаткан түрдүү улуттун өкүлдөрүнүн коомдук жайларда өз ара карым-катышынын куралы катары үйрөтүү; мында окуу материалдарын жаттатып үйрөтпөй, практикалык негизде,  сүйлөшүү аркылуу – сүйлөшүүгө  жана кырдаалдарга ылайык пикир алыша билүүгө машыктыруу айрыкча көӊүлгө алынат;

• кыргыз тилин республикабыздагы ар бир улуттун өкүлдөрүнүн  улуттук маданиятын таанып-билүүнүн  каражаты катары үйрөтүү; мында  дал ошондой окуу-дидактикалык материалдарды темага ылайык орундуу жана максаттуу колдонуу, бул шартка ылайык сабакты  лингвоөлкөтаануу багытында өткөрүү талап кылынат;

• кыргыз тилин үйрөтүүдө  класстагы ар бир баланын инсандык талаптарын эске алуу; мында балдардын инсандык мыкты сапаттарын  кыргыз тилиндеги окуу материалдары аркылуу  өнүктүрүүгө көӊүл бөлүнөт;

• кыргыз тилин   билим алуунун  жана да жашап жаткан чөйрө менен социалдашуунун каражаты катары үйрөтүү; мында кыргыз тилин сүйлөшүү каражаты катары гана эмес,  ал тилдеги окуу материалдарынын мазмунун түшүнүп, талдап үйрөнүүгө, жашап жаткан чөйрө менен мамилелешүү маданиятына көнүктүрүү.

Эгер кыргыз тилин окутууда ушундай методологиялык багыттарга таянсак, анда бул предметке  жандуу мамиле жасайбыз, т.а. кыргыз тилин окутуу эмес, кыргыз тилин үйрөтүү багытында сабакты уюштурууга өтөбүз. Сабакта мугалим менен окуучунун  көӊүлү тилдик материалдарды жаттап окутууга эмес, ал материалдарды турмуштук кырдаалдарга жараша  колдоно билүүгө машыктырууга (окутуунун компетенттүүлүк багытына)  бөлүнмөкчү.

 

Окуу планында кыргыз тилинин алган орду  жана мааниси тууралуу

 

Быйылкы окуу жылында окуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тили өткөн жылга сунуш кылынган окуу планына жараша жүргүзүлөт, тактап айтканда, аталган окуу предмети  1-класстан 11-класска чейин ар бир класста жумасына  3 сааттан, жыл бою – 103 сааттан окутулат. Байкалып тургандай, аталган окуу планында кыргыз тили сабагын талаптагыдай жүргүзүү максатында бир катар класстардын окуу сааттары көбөйтүлгөн. Мунун өзү- кыргыз тилин мамлекеттик тил катары  окуп-үйрөнүүнү колдоо, Мамлекеттик тил мыйзамын турмушка ашыруу боюнча иш-чараларды аткарууга көмөктөшүү, анын кадыр-баркын көтөрүү экендиги талашсыз. Андай болсо, мындай максаттуу түрдө бөлүнгөн окуу сааттарын туура пайдалануу, кыргыз тилин натыйжалуу окутуу, ал тилди турмушунда колдоно билүү тажрыйбасын (компетенттүүлүгүн) өстүрүү — айрыкча маанилүү.

Демек, мунун өзү окутууну талаптын деӊгээлинде, илимий-методикалык негизде жүргүзүүнү, мугалимдердин тил үйрөтүү чеберчилигинин жогору болуусун талап кылат.

 

Окуу программасы менен иштөөдө эмнелерге көӊүл коюу керек?

 

Бул окуу жылында мурдатан  колдонулуп келаткан программа: Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1-11-класстары үчүн кыргыз тили программасы (-Б., 2010-ж., түз: С.Рысбаев, А.Алымова ж.б.)  сунуш кылынат.

Аталган программа боюнча иштөөдө төмөндөгү учурларга көӊүл бөлүү оӊ:

1) Программанын түзүлүшүндөгү окуу материалдарынын концентрлерге бөлүнүп окуп-үйрөнүлүүсүнө:

• 1-баскыч. 1-4-класстар, Багыттоочу жана машыктыруучу мезгил;

• 2-баскыч: 5-7-класстар.  Калыптандыруучу жана активдештирүүчү мезгил;

• 3-бачкыч: 8-9-класстар. Өстүрүүчү жана өз алдынча иштөөчү мезгил;

• 4-мезгил. 10-11-класстар. Жалпылоочу  жана жыйынтыктоочу мезгил.

2) Кыргызча кепке жатыгууларга коюлган талаптарга:

• угуп  түшүнүү;

• сүйлөө (монологдук жана маек кеби)

• жазуу;

• окуу жана  аларга  коюлуучу  талаптарга көӊүл коюу керек.

 

Кайсы окуу китептери пайдаланылат?

1-класс: 

«Кыргыз тилинде сүйлөйбүз»,  авт.: Рысбаев С., -Б., 2010,

«Кыргыз тили»,  авт.: Б.Ставинская, ж.б. -Б., 2011.

2-класс:

«Кыргыз тили», авт.: С.Алаева, Э.Абдраева, -Б., 2010

3-класс:

«Кыргыз тили», авт.: А.Орузбаев, С.Рысбаев, ж.б., -Б., 2011

4-класс:

«Кыргыз тили», авт.: С.Рысбаев, Н.Абылаева, -Б., 2011.

5-класс:

«Кыргыз тили», авт.: А.Алымова, ж.б., -Б., 2009.

6-класс:

«Кыргыз тили», авт.: А.Алымова, ж.б., -Б., 2009.

7-класс:

«Кыргыз тили», авт.: Б. Сыдыкова, Ж.Мамытов, -Б., 2010.

8-класс:

«Кыргыз тили», авт.: С.Ибрагимов, -Б., 2009.

9-класс:

«Кыргыз тили», авт.: И.Абдувалиев, -Б., 2010

10-класс:

«Кыргыз тили», авт.: Абылаева, С.Ибрагимов, -Б., 2009,

11-класс:

«Кыргыз тили», авт.: Н.Абылаева, З.Сарылбекова, -Б., 2009.

1-2-3-4-класстары үчүн «Класстан тышкаркы окуу китептери»,                 авт.: Б.Абдухамидова, К.Ибраимова, ж.б. -Б., 2009

 

Сунуш кылынуучу окуу-нормативдик жана методикалык адабияттар:

 

1. «Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун концепциясы», түз.: С.Рысбаев, К.Добаев, Б.Абдухамидова // «Кутбилим», 03.11.2010.

2. «Окуу орус, өзбек жана тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин окутуунун мамлекеттик стандарты», -Б., 2006.

3. «Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун теориялык-практикалык маселелери», авт.: С.Рысбаев, -Б., 2011.

4. «Окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1-4-класстарынын окуу китептерине методикалык көрсөтмөлөр», авт.: Ш.Адиев, С.Рысбаев, ж.б. -Б., 1993.

5. «Сөз өстүрүү альбому», авт.: С.Рысбаев, -Б., 2005.

6.  «Өзбек мектептеринде кеп маданиятын окутуу», авт.: С.Рысбаев, А.Акматова, Ош, 2004

7.  «Кыргызча кеп адеби», методикалык колдонмо, авт.: Б.Абдухамидова,  -Б., 2007

8. «Окуучулардын кыргызча кебин өстүрүү», методикалык колдонмо, авт.: Т.А.Асанакунов, -Б., 2013

 

Окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн сунушталуучу кыргыз тили окуу китептери:

 

1. «Кыргыз тили», окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1-класстары үчүн (авторлору: Эсеналиева К., Буйлякеева Р., Алыпсатарова А.), Бишкек, 2011.

2. «Кыргыз тили», окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 2-класстары үчүн (авторлору: Назаров А., Ашырбаев Т.), Ош, 2000.

3. «Кыргыз тили», окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 3-класстары үчүн (автору: Ашырбаев Т.), Бишкек, 2004.

4. «Кыргыз тили», окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 4-класстары үчүн (автору: Ашырбаев Т.), Бишкек, 2003.

5. «Кыргыз тили», окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 5-класстары үчүн (авторлору: Тагаева З., Акматова А.), Бишкек, 2003.

6. «Кыргыз тили», окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 6-класстары үчүн (авторлору: Жороев Т., Абдувалиева Б.), Ош, 2001.

7. «Кыргыз тили», окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 7-класстары үчүн (авторлору: Ашырбаев Т., Кадырова А., Ашимбаева З.), Бишкек, 2002.

8. «Кыргыз тили», окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 8-класстары үчүн (автору: Абдувалиева Б.), Бишкек, «Учкун», 2012.

9. «Кыргыз тили», окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 9-класстары үчүн (автору: Абдувалиева Б.), Бишкек, «Учкун», 2012.

10. «Кыргыз тили», окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 10-класстары үчүн (автору: Тагаева З.), Бишкек, «Учкун», 2012.

 

Методикалык колдонмолор

 

1. «Кыргыз тилинин кеп маданияты», мугалимдер үчүн методикалык колдонмо (авторлору: С.Рысбаев, А.Акматова), Бишкек, 2004.

2. Жат жазуулар жыйнагы, өзбек мектептеринин 5-11-класстары үчүн (түзүүчүлөр: Тагаева З., Акматова Б.), Ош, 2011.

3. «Кыргыз тилин өзгө тил катары окутуу методикасынын маселелери», (авторлору: К.Д.Добаев, Т.А.Асанакунов), Бишкек, 2008.

 

Секциялык иштерде төмөндөгү проблемалуу маселелер боюнча талкуу уюштурулса болот:

 

1. Мамлекеттик тил мыйзамынын өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилген жаӊы редакциясы туурасында;

2. Кыргыз тилин  Кыргызстандын бардык жарандарынын өз ара карым-катышынын куралы катары үйрөтүүгө кантип жетишүүгө болот?

3. Кыргыз тилин улуттук маданиятты таануунун каражаты катары үйрөтүүнү мектепте кантип уюштурса болот?

4. Кыргыз тилин  кырдаалдык негизде окутууну кантип уюштурууга болот?

5. Кыргыз тили сабагын жүргүзүүдө окуучунун кызыгуусун жана аны үйрөнүүгө болгон ички талабын  канткенде ойготууга болот?

6. Кыргыз тили сабагында эмне көӊүлгө алынат: тилди окутуугабы же аны үйрөтүүгөбү?

7. Кыргыз тилинин жаӊы концепциясы тууралуу кандай ойдосуз?

8. Жаӊы окуу китептеринин абалы тууралуу пикирлешүү.

9. Окуу планындагы кыскартылган сааттарга жараша окуу материалдарынын мазмунундагы өзгөрүүлөрдү кантип оптималдаштырууга болот?

10. Окуучулардын билим практикалык багыттагы билим жетишкендиктерин (компетенттүүлүктөрүн) баалоо боюнча сиздин тажрыйбаӊыз.

11. Кыргыз тили сабактарында окуучунун мүмкүнчүлүгүнө жараша максат коюу канткенде максаттуу  ишке ашат?

 

С.Рысбаев,

Б. Абдухамидова

Поделиться

Комментарии