ЗОР ШЫКТАНУУНУ ЖАРАТТЫ

  • 21.12.2023
  • 0

ЗОР ШЫКТАНУУНУ ЖАРАТТЫ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен биргеликте “Санарип академиясы” уюштурган “Санарип мугалим” курсунун окуучусу катары сиздерге бул курс тууралуу кененирээк маалымат менен бөлүшүүнү туура көрдүм.

Үч айлык курстун программасы боюнча биринчи айдын аталышы “Заманбап мугалимдин жеке бренди” деп аталып, «Туура максат коюу, өзүнө болгон ишеним”, «Кайдзен» методу боюнча пландоону үйрөнүү», «Минимализмди жашоодо колдонууну үйрөнүү», «Личный бренд», «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр-түндүк системасы» темалары боюнча тренер Асылбек
Мадалиев агай сабак өтсө, «Долбоорлор менен иштөө» деген темада Султан Рахманов агай, ал эми «Коом күткөн мугалим болуу»  деген темада Арзыева Самара эжей сабак өттү. Курстун биринчи айында эле кадыресе өнүгүүгө бет алдык десем болот.

Экинчи айыбыздын жалпы темасы Виртуалдык практикум: «Санарип билим берүүнүн инструменттери» деген аталышта болду. Бул айда физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент тренер Канетова Динара эжейдин билим берүү чөйрөсүндөгү санариптик технологияларды интеграциялоо: кыргыз тилиндеги билим берүүгө багытталган сайттарга обзору, билим берүүнү санариптештирүүдө булут кызматтары жана технологиялары, баалоонун түрлөрү, санарип куралдар (Google Forms, ZipGrade, Plickers), окуу процессинде геймификацияны колдонуу: Google класс мисалында, ВЕБ-ресурстарды тез түзүү инструменттери: жеке сайт түзүү мисалында сабактар эң жакшы деңгээлде болду десем жаңылышпайм. Анткени ар бир сабактын аягы кубануу быйтыкчалары, сабакка болгон ыраазычылык сөздөр, сүйүнүүлөр, кубануулар менен бүтүп жатты.

ЗОР ШЫКТАНУУНУ ЖАРАТТЫ

Үчүнчү айыбыз “STEM жана PISA билим берүү заманбап мектепте» деген аталышта болуп, төмөндөгү мугалимдер сабак берип, эмгектеништи: «Математика сабактарындагы STEM билим берүү» деген темада ага окутуучу Бекмурзаева Бүажар эжей, окуп түшүнүүдөгү PISAнын талаптары, критерийлери боюнча профессор Эсеналиева Кенжеке эжей, Инклюзивдик билим берүүдөгү мугалимдин орду боюнча ага окутуучу Абдылдабеков агай, интерактивдүү методдорду ага окутуучу
М.Азимова, Мектеп психологиясын- ага окутуучу Шапиева Насыйкат эжей, Гиперактивдүү балдар менен иштөөнүн сырларын Арзыева Самара эжейлер өтүп, «эң жакшы» деңгээлде 72 сааттык билим алуу менен заманбап мугалим болууну үйрөнүп, педагогикалык квалификациябызды жогорулаттык. Ошондой эле «Санарип мугалим» төш белгиси менен сыйландык. «Manas travel» туристтик компаниясы тарабынан турларга 3000 сомдук арзандатуу картасына ээ болдук. Ошондой эле өтүлгөн 72 сааттын негизинде «Санарип мугалим – Дубай» онлайн тестинин жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө Дубай, Ташкент, Алматы шаарларына сегиз акысыз жолдомолор тапшырылды.

Сертификат тапшыруу аземи 13-декабрда Ишенаалы Арабаев атындагы университетинин башкы корпусунда 140 мугалим жана коноктордун катышуусунда өттү. Кеченин жыйынтыгында «Kahoot» программасынан катышуучулар арасында кызыктуу тест болуп, жеңүүчүлөргө Алматы шаарына акысыз жолдомо жана «Санарип мугалим» футболкасы менен китептер белекке берилди.

Ушундай жогорку деңгээлдеги курска катышкандан кийин, санарип технологияларын колдонуп, өзүбүзгө болгон ишеним артып, шыктануу пайда болуп, сабагыбызды ишенимдүү өтүп калдык десем болот. Андыктан, уюштуруу тобуна жана бизге алтындай убактысын арнап окуткан ар бир мугалимге терең ыраазычылык, чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

Венера КУДАЯРОВА,
Тоң районундагы Туура-Суу айылындагы Сагынтай атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер