ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯСЫН ӨТКӨРҮҮ ЖƟНҮНДƟ ЖОБО

  • 11.04.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим
берүү жана илим министрлигинин
2025-жылдын 8-апрелиндеги
№ 373/1 буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасындагы менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы билим
берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү
программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жɵнүндɵ

ЖОБО 

I. Жалпы Жоболор.
II. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жумушчу органдарынын
функциялары.
III. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын катышуучулары.
Окуучуларга кирүү укугун берүүнүн тартиби.
IV. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны ɵткɵрүү мɵɵнɵтү жана
узактыгы.
V. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны ɵткɵрүү.
VI. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген, өзгөчө билим берүү
муктаждыктары бар окуучулар үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик
аттестацияны ɵткɵрүүнүн тартиби.
VII. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын сынак иштерин
текшерүүнүн тартиби жана аларды баалоо.
VIII. Апелляцияларды кабыл алуу жана карап чыгуу.
IX. Окуучуларды бүтүрүп чыгаруунун тартиби. Бүтүрүүчүлɵрдү сыйлоо.
X. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны каржылоо.
I. Жалпы Жоболор
1. Кыргыз Республикасындагы менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы билим
берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү
программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны (текстте мындан ары –
ЖМА) өткөрүү жɵнүндɵ Жобо аттестацияны өткөрүүнүн түрүн, катышуучуларын, мɵɵнɵтүн
жана узактыгын, сынак иштерин текшерүүнүн жана аларды баалоонун тартибин, арыздарды
(апелляцияларды) берүү жана карап чыгуу, аттестациянын жыйынтыктарын ɵзгɵртүү жана
(же) жокко чыгаруунун тартибин аныктайт.
2. ЖМА Кыргыз Республикасындагы менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы
билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү программаларын
өздөштүргөн окуучулар үчүн ɵткɵрүлɵт.
ЖМА негизги мамлекеттик сынак катары жазуу жана оозеки экзамен түрүндѳ
өткөрүлөт (сынак материалдары тапшырмалар менен берилүүчү тексттер жана башка
көзөмөлдөөчү — өлчөөчү материалдар түрүндө берилет.
3. ЖМАнын максаттары тɵмɵнкүлɵр болуп эсептелет:
• Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнүндɵ”
Конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жɵнүндɵ”
Мыйзамынын аткарылышын кɵзɵмɵл кылуу;
• окуучулардын негизги жалпы жана жалпы орто билим берүүнүн билим берүү
программаларын өздөштүрүүсүнүн натыйжаларын Кыргыз Республикасынын мектептик
жалпы билим билим берүү стандартынын талаптарына дал келүүсүн аныктоо;
• билим берүүнү башкаруу системасына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү үчүн мектеп ичинде
мониторинг жана талдоо жүргүзүүнү ишке ашыруу.
4. ЖМА мектептин предметтик комиссиялары тарабынан жүргүзүлɵт.
5. ЖМА окутулуп жаткан тилде, Базистик окуу планына ылайык белгиленген тартипте
ɵткɵрүлɵт.
II. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жумушчу
органдарынын функциялары
6. ЖМАнын жумушчу органдары болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана
илим министрлиги (текстте мындан ары – Министрлик), Кыргыз Республикасынын Билим
берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти
(мындан ары — Департамент) Кыргыз билим берүү академиясы ( мындан ары – КБА), билим
берүүнү башкаруунун аймактык органдары, жалпы билим берүү уюмдары, предметтик
комиссиялар жана талаш-тартыш маселелерди чечүү комиссиясы эсептелет.
7. Министрлик ЖМАнын формаларын жана түрлөрүн, аны өткөрүү жана сынак
материалдарын колдонуу жана сактоо тартиптерин аныктайт.
8. Министрлик төмөнкү функцияларды аткарат:
• ЖМАны өткөрүү үчүн көзөмөлдөөчү — өлчөөчү материалдарды иштеп чыгуу боюнча
Департаменттин жана КБАнын ишин, ЖМАны ѳткѳрүүнүн тартибин жана окуучулардын сынак
иштерин баалоо критерийлерин жѳнгѳ салат;
• билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары, жалпы билим берүү уюму менен бирге
массалык маалымат каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү, ыкчам байланыш
телефондорунун ишин жана атайын сайттарда же интернет булактарындагы расмий сайттарда
атайын бѳлүктү жүргүзүүнү уюштурат.
9. Департамент жана КБА сынак материалдарын, предметтик сынактарды
ѳткѳрүүнүн процедуралары боюнча нускамалык каттарды жана ЖМАнын жыйынтыктарын
баалоо критерийлерин иштеп чыгууну камсыздайт.
10. ЖМАны ѳткѳрүүдѳ билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары, жалпы
билим берүү уюмунда белгиленген тартиптин сакталышын камсыздайт, анын ичинде:
• ЖМАны ушул Жобонун талаптарына ылайык ɵткɵрүүнү;
• ЖМАга даярдыктын жана аны ɵткɵрүүнүн жүрүшүнɵ кɵзɵмɵл жүргүзүүнү;
• сынактык материалдарды сактоодо, пайдаланууда жана ɵткɵрүп берүүдɵ маалыматттык
коопсуздукту камсыз кылууну жана алар жеткиликтүү болгон адамдарды дайындоону;
• окуучуларга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнɵ) ЖМА боюнча жалпы
билим берүү уюму аркылуу маалымат берүүнү;
• ЖМАны ɵткɵрүүдɵ белгиленген тартипти сактоо маселелери боюнча коомдук байкоочулар
менен ɵз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу;
• ЖМАны ɵткɵрүүдɵ белгиленген тартиптин бузулушу боюнча текшерүүлѳрдү жүргүзүүнү
уюштурууну;
• ЖМАнын жыйынтыктарын карап чыгууну;
• предметтик комиссиянын ишмердүүлүгүн жѳнгѳ салууну;
• талаш-тартыш маселелерди чечүү боюнча комиссияны түзүүнү жана анын ишмердүүлүгүн
жѳнгѳ салууну;
• ѳзгѳчѳ учурларда ЖМАнын жыйынтыктарын бекитүү, ѳзгѳртүү же жокко чыгаруу жѳнүндѳ
чечим кабыл алууну камсыздайт.
11. Жалпы билим берүү уюму ЖМАны ѳткѳрүү үчүн ушул Жобонун 2-пунктуна ылайык
тɵмɵнкү милдеттерди аткарат:
• белгиленген окуу дисциплиналары боюнча предметтик комиссиянын курамын түзɵт
жана анын ишмердүүлүгүн жɵнгɵ салат. Предметтик комиссиянын курамына тɵмɵнкү
талаптарга жооп берген педагогдор кирет: жогорку педагогикалык билими бар, билим берүү
ишмердүүлүгүн жүргүзгɵн жана негизги жалпы жана (же) жалпы орто билим берүүнүн билим
берүү программаларын ишке ашырган уюмдарда иш тажрыйбасы бар болгон;
• негизги жалпы жана жалпы орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү
программаларын өздөштүргөн 9-жана 11-класстардын окуучуларынын тизмесин карайт жана
бекитүүгө сунуштайт;
• ден соолугуна байланыштуу ЖМАны тапшыруудан бошотулган окуучулардын тийиштүү
документтерин карап чыгат жана аларды билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарына
жиберет;
• окуучуларга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнɵ) ЖМАны ɵткɵрүү
мɵɵнɵттɵрү тууралуу өз убагында, анын башталышына чейин эки жума мурда билдирүүнү
уюштурат;
• жалпы билим берүү уюмунда ЖМАны ɵткɵрүүгɵ даярдык жɵнүндɵ билим берүүнү
башкаруунун аймактык органдарына сынактардын башталышына бир жума калган мɵɵнɵттɵ
маалымат берет;
• жалпы билим берүү уюмунда окуучулар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу ɵкүлдɵрү)
үчүн “ЖМАга даярданабыз” аталышындагы маалымат тактасына, маалыматты сайтка
жайгаштырууну камсыз кылат;
• белгиленген мɵɵнɵттɵргɵ тестирлɵɵ ɵткɵрүү жайын даярдоону (санитардык-гигиеналык
шарттарды, коомдук тартиптин сакталышын, педагогдордун жана медициналык
кызматкерлердин арасынан нɵɵмɵтчүлɵрдү) камсыз кылат;
• бүтүрүүчүлɵрдү ЖМАнын жыйынтыктары менен тааныштырууга жооптуу болот.
12. Предметтик комиссиянын курамы педагогикалык кеңештин сунуштамасына ылайык
аныкталат жана жалпы билим берүү уюмунун буйругу менен бекитилет.
Тийиштүү окуу дисциплинасы боюнча предметтик комиссиянын тɵрагасы болуп жалпы
билим берүү уюмунун директору, окуу — тарбия иштери боюнча директордун орун басары же
директордун кɵрсɵтмөсү менен мектептин мугалимдеринин методикалык бирикмесинин
жетекчиси дайындалат.
Аталган окуу сабагы боюнча предметтик комиссиянын тɵрагасы жалпы
жетекчиликти жүргүзɵт жана ишмердүүлүктү жɵнгɵ салат.
ЖМА ɵткɵрүлүп жаткан сабак боюнча 9 — жана (же) 11 — класста сабак окуткан мугалим
предметтик комиссиянын тɵрагасы болуп дайындалбайт.
Предметтик комиссиянын курамы 3тɵн кем эмес жана 5тен кɵп эмес адамдан турат, анын
ичинде комиссиянын тɵрагасы, сынак алуучу (ошол окуу дисциплинасын окутуучу мугалим
жана ассистент (ассистенттер) болот.
13. Предметтик комиссия жалпы билим берүү уюмунда тийиштүү окуу предметтери
боюнча ЖМАны ɵткɵрүү учурунда:
• белгиленген тартипте окуучулардын сынактык иштерин ɵткɵрүүнү жана баалоону
жүргүзѳт;
• сынактардын жыйынтыктары боюнча протоколдорду түзөт;
• ушул Жобого ылайык окуучуларды ЖМАнын жыйынтыктары менен тааныштырууну
камсыз кылат.
14. Жалпы билим берүү уюмдары ЖМАга кɵмɵк кɵрсɵтүү максатында окуучулардын
жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнүн) кол тамгасын койдуруп алуу менен,
аларга тɵмɵнкүлɵр тууралуу маалымат берет:
• ЖМАны ɵткɵрүү мɵɵнɵттɵрү, формасы жана тартиби жɵнүндɵ;
• сынактан четтетүүнүн, ЖМАнын жыйынтыктарын ɵзгɵртүүнүн же жокко чыгаруунун
себептери тууралуу;
• ЖМАнын жыйынтыктары менен таанышуу мөөнөтү жана орду тууралуу;
• ЖМАны ɵткɵрүүнүн белгиленген тартибинин бузулушу жɵнүндɵ жана (же) коюлган
баалар менен макул эместиги тууралуу арыздарды апелляцияга берүү тартиби жɵнүндɵ.
15. Кѳз карандысыз коомдук байкоочулар ЖМАны ɵткɵрүүнүн тартибинин
сакталышын камсыз кылуу максатында тɵмɵнкү укуктарга ээ:
• ЖМАны ѳткѳрүүнүн тартибин жөнгө салган документтер менен таанышууга;
• ЖМАны ѳткѳрүүнүн жана сынакты ѳткѳрүүнүн тартиби жѳнүндѳ нускама берүүнүн
жүрүшүнɵ тышкы байкоону жүргүзүүгѳ;
• сынак ɵткɵрүлгɵн күнү жанында паспорту жана коомдук байкоочунун күбɵлүгү менен
ЖМАны ɵткɵрүүчү жайда болууга.
Коомдук байкоочуларга тɵмɵнкүлɵргɵ тыюу салынат:
• ЖМАны даярдоонун жана ɵткɵрүүнүн жүрүшүнɵ кийлигишүүгө;
• сынак башталгандан кийин аудиторияга кирүүгɵ же чыгууга;
• сынак учурунда ЖМАнын катышуучулары менен баарлашууга;
— аудиторияларда уюлдук телефондорду, сүрɵттөрдү жана видеоаппараттарды,
компьютерлерди колдонууга;
• предметтик комиссиянын ишине кийлигишүүгɵ.
16. Коомдук байкоочуларды каттоо тартиби билим берүүнү башкаруунун аймактык
органдары тарабынан жүргүзүлɵт. Каттоодон ɵтүү үчүн билим берүүнү башкаруунун
аймактык органына белгиленген тартипте арыз жазуу жана тɵмɵнкү документтерди тапшыруу
керек:3×4 см ɵлчɵмүндɵгү эки сүрɵт, арыз берүүчүнүн оң сапаттарын мүнɵздɵгɵн эки
сунуштама, ошондой эле билим берүүнү мамлекеттик башкаруу органынын жетекчилиги
менен аңгемелешүүдɵн ɵтүү керек.
17. Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, терс психологиялык жагдайга жол
бербөө максатында билим билим берүүнү башкаруунун аймактык органы күбɵлүк берүүдɵн
баш тартууга жана бул тууралуу арыз берүүчүгɵ ЖМАнын башталышына эки күн калган
убакытка чейин билдирүүгө укуктуу.
18. Коомдук байкоочу ЖМАны ɵткɵрүүнүн тартибинин бузулушу боюнча
апелляцияларды караган талаш-тартыш маселелерди чечүү комиссиясынын курамына
киргизилбейт.
19. Бир жалпы билим берүү уюмунда коомдук байкоочулардын саны 3 адамдан кѳп
болбошу керек.
20. Министрликтин, билим берүүнүн билим берүүнү башкаруунун аймактык
органдарынын жана жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлери коомдук байкоочулар
боло алышпайт.
III. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын катышуучулары.
Окуучуларга кирүү укугун берүүнүн тартиби
21. ЖМАнын катышуучулары болуп, ушул Жобонун 2-пунктунда каралган Кыргыз
Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 9, 11-класстарынын окуучулары саналат.
22. ЖМАга 9, (же) 11- класстарынын окуучулары киргизилет:
• академиялык карыздары жок жана окуу планын толук кɵлɵмдɵ аткаргандар (9- жана (же)
11-класстары үчүн бардык окуу сабактары боюнча жылдык баалары «канааттандырарлык»
баадан тɵмɵн эмес болгондор);
• белгиленген окуу планынын ЖМА ɵткɵрүлүп жаткан бир окуу дисциплинасы боюнча
жылдык “канааттандырарлык эмес” баага ээ болгондор (ошол сабак боюнча ЖМАга окуучулар
педагогикалык кеңештин сунуштамасына жана жалпы билим берүү уюмунун буйругуна
ылайык киргизилиши мүмкүн.
23. Үстүбүздѳгү окуу жылында мектеп окуучуларынын республикалык же эл аралык
олимпиадаларынын корутунду этабында байгелүү орундарга ээ болгон окуучулар
(жеңүүчүлɵр) (билим берүүнүн ыйгарым укуктуу органынын белгиленген дипломунун жана
(же) эл аралык олимпиаданын Уюштуруу комитетинин сертификатына ээ болгондор)
тийиштүү окуу предмети боюнча ЖМАны тапшыруудан бошотулат.
24. 9, (же) 11-класстарынын окуучулары, анын ичинде чет элдик жарандар, жарандыгы
жок адамдар, качкындар жана бир жерден экинчи жерге кɵчүүгɵ мажбур болгондор, негизги
жалпы же жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программаларын күндүзгү, күндүзгү-
сырттан окуу (кечки) сырттан окуу, үйдɵ же экстернат түрүндɵ ɵздɵштүргɵн, үстүбүздѳгү окуу
жылында ЖМАны тапшырууга ушул Жобонун 22-пунктунда белгиленген тартибинде
киргизилет.
25. Эки же андан кɵп окуу дисциплинасы боюнча жылдык “канааттандырарлык эмес”
баага ээ болгон 9, (же) 11- класстарынын окуучулары педагогикалык кеңештин сунуштамасына
жана жалпы билим берүү уюмунун буйругуна ылайык ЖМАны тапшырууга киргизилбейт.
26. Өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар окуучулар дарылоо мекемесине
караштуу дарыгердик-кеңеш берүү комиссиянын же психологиялык-медициналыкпедагогикалык кеңеш берүүнүн (ПМПК) корутундусун кɵрсɵтүп арыз бергенде, айрым бир
учурда тийиштүү билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын уруксаты болгондо гана
бошотулат.
IV. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын ɵткɵрүү мɵɵнɵтү жана
узактыгы
27. ЖМАны ɵткɵрүү мɵɵнɵтү министрлик тарабынан бирдиктүү тартипте аныкталат.
28. Окуучулардын ыктыярдуу республикалык тестирлѳѳгѳ катышуусунда
окуучулардын арызы боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кеңештери
негизги (апрель — май, кошумча — июнь) тестирлѳѳнүн жыйынтыктарын (9, 11-класстар)
тийиштүү сабактар боюнча (оозеки сынактардын) сынактык баалар катары эсептеп коюуга
укугу бар.
29. Тийиштүү окуу сабактары боюнча ЖМАны кайталап тапшырууга укук берилген
окуучулар үчүн кошумча, бирок ЖМА аяктагандан кийин бир жумадан кеч эмес мѳѳнѳттө
аныкталат.
Кайталануучу сынактарды ѳткѳрүү формалары ушул Жобонун 39-пунктуна ылайык
аныкталат.
30. Негиздүү себептер менен ЖМАны тапшырууга мүмкүнчүлүгү болбогон окуучулар
үчүн милдеттүү окуу сабактары боюнча ЖМАнын мɵɵнɵтүнɵн мурда, бирок 15-апрелден эрте
эмес мɵɵнɵттɵ ушул Жобо менен белгиленген түрдɵ ɵткɵрүлɵт. Мɵɵнɵтүнɵн мурда ЖМА
ɵткɵрүлгɵн учурда мурунку окуу жылынын сынак тапшырмаларынын, темаларынын “атайын
сакталган (запастагы)” варианттары колдонулат.
31. Кылмыш-жаза аткаруу системасынын түзɵтүү мекемелерине тиешелүү жалпы
билим берүү уюмдарында окугандар үчүн жаза тартуу мɵɵнɵтүнɵн ЖМА башталганга чейин
бир ай мурда бошотулган учурда, билим берүүнү башкаруунун аймактык органы менен
түзɵтүү мекемелеринин уюмдаштыруучулары макулдашылган мɵɵнɵттɵрдɵ, үстүбүздɵгү
жылдын 20-апрелинен эрте эмес убакта ɵткɵрүлɵт.
32. Ушул Жобонун 27-пунктуна ылайык аныкталган мɵɵнɵттɵрдɵ ɵткɵрүлгɵн ЖМА
сынактарынын ортосундагы тыныгуулар үч календардык күндɵн кем болбошу керек.
33. Сынактардын ɵткɵрүү убактысына даярдык иш-чараларына бɵлүнгɵн убакыт
(окуучуларга нускама берүү, сынак тапшырмалары бар тест топтомдорун ачуу, көзөмөлдөөчү–
өлчөөчү материалдарды кѳчүрүү, сынак иштеринин каттоо бɵлүмдɵрүн толтуруу, техникалык
каражаттардын иштɵɵсүн текшерүү, тыныгуулар ж.б.) кирбейт.
Сынактын узактыгы 4 саат же андан кѳп болгон учурда, предметтик комиссиянын
макулдашуусу менен окуучуларга (15-20 мүнѳт) танапис берилет.
34. Жалпы билим берүү уюмунда ЖМА эртең мененки саат 9:00дɵ башталат. ЖМА
боюнча уюштуруу иш-чаралары сынактын башталышына 1 саат калганга чейин жүргүзүлѳт
(каттоо, бүтүрүүчүлѳрдү отургузуу жана нускама берүү, тест топтомдорун ачуу, көзөмөлдөө
өлчөө материалдарын кѳчүрүү, баш баракты толтуруу ж.б.).
V. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны ɵткɵрүү
35. ЖМАнын милдеттүү сабактарынын ѳткѳрүү күнү жана убактысы, ошондой эле окуу
дисциплиналарынын тизмеси Министрлик тарабынан ушул Жобонун 27-пунктуна ылайык
белгиленет.
36. 9-класстарынын окуучулары үчүн ЖМА ɵткɵрүүдɵ төмөнкү 4 милдеттүү окуу
предмети боюнча сынактарды тапшыруу каралат:
• алгебра – комплекстүү жазуу тести;
• эне тили (кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик) – дилбаяндын элементтери камтылган
баяндама;
• Кыргызстандын тарыхы – оозеки сынак;
• кыргыз тили (орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде окутулган мектептер үчүн) же орус тили
(кыргыз тилинде окутулган мектептер үчүн) – функционалдык грамматиканы жана
лексиканы, ошондой эле текстти окуу жана түшүнүү жѳндѳмүн текшерүүнү камтыган
комплекстүү жазуу тести.
37. 11-класстарынын окуучулары үчүн ЖМА ɵткɵрүүдɵ төмөнкү 4 милдеттүү окуу
предмети боюнча сынактарды тапшыруу каралат:
• алгебра (математика ) – жазуу сынагы;
• эне тили (кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик) — эссе;
• Кыргызстандын тарыхы – оозеки сынак;
• кыргыз тили (орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде окутулган мектептер үчүн) же орус тили
(кыргыз тилинде окутулган мектептер үчүн) – функционалдык грамматиканы жана
лексиканы, текстти окуу жана түшүнүү, ошондой эле угуу жана жазуу жѳндѳмүн
текшерүүнү камтыган комплекстүү жазуу тести;
38. Математика боюнча жазуу сынактарын жалпы билим берүү уюмдары математиканы
же гуманитардык сабактарды тереңдетип окутуучу мектептер үчүн аныкталган Базистик окуу
планынын татаалдыгынын деңгээлине ылайык жүргүзүлɵт.
39. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары окуучулардын ооруп калганына
байланыштуу катышпай калгандарга мамлекеттик жазуу иштерин ѳткѳрүү үчүн Департамент
кошумча сынак материалдарына кат жиберет. Билим берүүнү башкаруунун аймактык
органдары тарабынан сынактын тапшырмалары которулган күнгө карата ЖМАны ѳткѳрүүнүн
башталышына чейин бир жума мурда аткарылат.
40. Милдеттүү түрдɵгү оозеки сынактар окуучуларга ЖМАны ɵткɵрүү күнүнɵ чейин
эки ай мурда билдирилет.
41. 9-класста эссени окутуу тилинде жазуу жана баалоо боюнча нускамалык-усулдук
каттар (кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдери министрликтин, Департаменттин сайтында)
ЖМАнын башталышына чейин эки ай мурда жарыяланат.
42. Сынактык материалдар, анын ичинде:
9-класс үчүн
• алгебра боюнча комплекстик тесттер;
• дил баяндын элементтери камтылган баяндамалар;
• окутуу орус, ѳзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгѳн мектептер үчүн кыргыз тили
боюнча комплекстик тесттер, ошондой эле окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгѳн мектептер
үчүн орус тили боюнча комплекстик тесттер;
• Кыргызстан тарыхы боюнча билеттер.
11-класс үчүн
• алгебра боюнча комплекстик тесттер;
• эссе жазуу үчүн тексттер;
• окутуу орус, ѳзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгѳн мектептер үчүн кыргыз тили
боюнча комплекстик тесттер, ошондой эле окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгѳн
мектептер үчүн орус тили боюнча комплекстик тесттер;
• Кыргызстан тарыхы боюнча билеттер.
Жогорудагы предметтер боюнча тест материалдары министрликтин жана
Департаменттин сайтында жүгүртмөгө ылайык саат 6.00дө жайгаштырылат. Мектептин
администрациясы 9, 11-класстын окуучулары үчүн окутуу тилине карата тапшырмаларды
балдардын санына жараша көбөйтөт.
Кыргызстандын тарыхы боюнча сынак билеттер ЖМА башталганга чейин 2 ай мурда
даярдалып коюлат.
43. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары жана жалпы билим берүү
уюмдары сынак башталганга чейин сынактык материалдарды мөөнөтүнөн мурда таратуу,
(чаттарга жайгаштыруу) тексттерде жана тапшырмаларда камтылган маалыматты ачыкка
чыгаргандыгы үчүн административдик жоопкерчилик тартат.
44. Өзгɵчɵ кырдаалдар коркунучу жаралган учурда билим берүүнү башкаруунун
аймактык органдары министрлик менен макулдашуунун негизинде ЖМАны башка жалпы
билим берүү уюмуна же ЖМАны ɵткɵрүүнүн жүгүртмөсүндө каралган башка күнгɵ которуу
жɵнүндɵ чечим кабыл алат.
45. ЖМА ɵткɵрүү үчүн даярдалган жайлардын (мындан ары — аудитория) саны, жалпы
аянты жана абалы сынактарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин
талаптарына ылайык келген шарттарда ɵткɵрүүнү камсыз кылышы керек.
Мамлекеттик жана расмий тилдер боюнча сынак ɵткɵрүлгɵн аудиториялар үн жазмаларын
кайра уктуруу каражаттары менен чет тилдер боюнча сынак ɵткɵрүлгɵн аудиториялар – үн
жаздыруу жана үн жазмаларын кайра уктуруу каражаттары менен айрым сабактар боюнча
сынак ɵткɵрүлгɵн аудиториялар – лабораториялык иштерди аткаруу үчүн жабдуулар менен,
информатика боюнча сынак ɵткɵрүлгɵн, ошондой эле ушул Жободо аныкталган башка
учурлар үчүн аудиториялар — компьютердик техника менен жабдылат.
46. Жабык түрдөгү атайын окутуу-тарбиялоо мекемелеринде, ошондой эле эркинен
ажыратуу түрүндө жаза аткаруу мекемелеринде негизги жалпы билим берүүнүн билим берүү
программаларын өздөштүргөн окуучулар үчүн билим берүүнү башкарууну аймактык
органдары бул мекемелердин жетекчилигинин кɵмɵгү астында ЖМА сынактарын кабыл
алуунун ɵзгɵчɵ атайын шарттарын жана ЖМАны ɵткɵрүү убагында коомдук коопсуздукту
камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен уюштурушат.
47. ЖМАны ɵткɵрүү күнү жалпы билим берүү уюмунда тɵмɵнкү адамдар катышат:
• мектептин директору жана предметтик комиссиянын мүчɵлɵрү;
• программалык камсыздоо боюнча иштеген, маалыматтык-техникалык жардам кɵргɵзгɵн
техникалык адис;
• укук тартибин коргоону камсыз кылуучу кызматкерлер;
• медициналык кызматкерлер жана сынактарды ɵткɵрүү учурунда окуучуларга керектүү
техникалык жардам кɵргɵзүүчү ассистенттер;
• коомдук байкоочулар;
• окуучуларга лабораториялык иштерге нускама берүү жана иштин аткарылышын камсыз
кылуу боюнча адис.
48. Предметтик комиссиянын тɵрагасынын кɵрсɵтмɵсү боюнча окуучулар жазуу сынак
ишинин титулдук барагын толтурушат. Предметтик комиссиянын мүчɵлɵрү жазуу сынак
ишинин титулдук барагы окуучулар тарабынан туура толтурулушун текшеришет. Бардык
окуучулар титулдук баракты туура толтургандан кийин предметтик комиссиянын тɵрагасы
сынактын башталышын жана бүтүрүү убактысын, ошондой эле тыныгуу убактысын жарыялайт,
ал убакыттарды доскага (маалымат тактасына) жазат, андан соң окуучулар жазуу түрүндɵгү
сынак ишин аткарууга киришишет.
Бардык окуучуларга кошумча барактар (черновик) берилет. Иштерди баалоодо керектүү
учурларда предметтик комиссия ал кошумча барактарды да текшерет. Оңдоого мүмкүн боло
турган кошумча барактардагы маалымат туура жооп катары эсептелбейт.
49. Окуучулар ЖМАны ɵткɵрүүнүн белгиленген тартибин сактоого милдеттүү жана ПК
мүчɵлɵрүнүн кɵрсɵтмɵлɵрүнɵ баш ийишет, предметтик комиссия ɵз кезегинде аудиторияда
ЖМАны ɵткɵрүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын камсыз кылат жана буга кɵзɵмɵл
жүргүзɵт.
ЖМАны ɵткɵрүү учурунда окуучунун иш ордунда сынак материалдарынан сырткары
тɵмɵнкүлɵр болот:
• кɵк түстɵгү сыясы бар эки (үч) калемсап;
• жɵнɵкɵй калькулятор (математикадан башка сабакта), жɵнɵкɵй калем,
ɵчүргүчтɵр;
• дары-дармек/ суу (зарыл учурларда);
• атайын техникалык каражаттар (өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар
окуучулар үчүн).
Окуучулардын өздүк буюмдары үчүн атайын орун бөлүнөт.
Аудиториядан сыртка чыккан учурда окуучулар сынак материалдарын жана кошумча
иштɵɵ барактарын предметтик комиссиянын мүчѳлѳрүнѳ тапшырышат.
50. ЖМАны ɵткɵрүү учурунда жалпы билим берүү уюмунда тɵмɵнкүлɵргɵ тыюу
салынат:
• окуучуларга – бири-бири менен сүйлɵшүүгɵ, аудиториянын ичинде эркин басып
жүрүүгɵ;
• окуучуларга – жанында байланыш каражаттарын, электрондук-эсептɵɵ техникасын
(жɵнɵкɵй калькулятордон башка), сүрɵт, үн жана видеоаспаптары, маалымат берүүчү
материалдарды, жазма эскерткич-белгилерди, маалыматты сактоо жана берүүнүн башка
каражаттарын алып кирүүгɵ;
• уюштуруучуларга, зарыл болгон техникалык жардам кɵрсѳткѳн ассистенттерге,
техникалык адистерге сынак материалдарын кагазга жазылган түрдɵ, электрондук
ташыгычтар менен аудиториядан сыртка алып чыгууга, сынак материалдарын сүрɵткɵ тартып
алууга.
Зарыл болгон учурларда окуучуларга аудиториядан чыгууга жана жалпы билим
берүү уюмунда басып жүрүүгѳ уруксат берилет. Окуучулардын басып жүрүүсүн
кѳзѳмѳлдѳѳнү жалпы билим берүү уюмунун буйругу менен бекитилген нѳѳмѳтчү жүргүзѳт.
Уюштуруучуларга, өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарга зарыл болгон
техникалык жардам кѳрсѳтүп жаткан ассистенттерге ѳзү менен байланыш каражаттарын
алып жүрүүгѳ тыюу салынбайт.
51. ЖМАны ɵткɵрүүнүн белгиленген тартибин бузууга жол берген окуучулар сынакты
тапшыруудан четтетилет. Бул үчүн предметтик комиссиянын мүчɵлɵрү сынакты тапшыруудан
четтетүү жɵнүндɵ акт түзɵт жана ЖМАны ɵткɵрүүнүн белгиленген тартибин бузган
окуучуларды сынактан чыгарып жиберет.
52. Эгерде окуучу ден соолугуна байланыштуу же башка негиздүү себептер менен
сынак тапшырмаларын аткарып бүтпɵй калса, ал аудиториядан мɵɵнɵтүнɵн мурда чыгып
кетүүгɵ укуктуу. Мындай учурларда предметтик комиссиянын мүчɵлɵрү медицина
кызматкерин чакырышат, ал негиздүү себептер менен сынакты мɵɵнɵтүнɵн мурда аяктоо
жɵнүндɵ акт түзɵт.
Сынактан четтетүү жана негиздүү себептер менен сынакты мɵɵнɵтүнɵн мурда аяктоо
жɵнүндɵгү актылар билим берүүнү мамлекеттик башкаруу органына жɵнɵтүлɵт.
Жазуу сынак иштерин мɵɵнɵтүнɵн мурда аткарып бүткɵн окуучулар сынактын
аякташын күтпɵстɵн, иштерин уюштуруучуларга тапшырып аудиториядан чыгып кетүүгɵ
укуктуу.
53. 9, 11-класстарынын окуучулары үчүн ЖМАны оозеки түрдѳ ɵткɵрүү учурунда
курамы 20 адамдан ашык топ эки тайпага бɵлүнɵт. Мындай учурда ЖМА ошол эле күнү эки
нɵɵмɵттɵ ɵткɵрүлɵт. Ар бир тайпага билеттердин толук топтому жана аларга тиркемелер
берилет. Эгер бүтүрүүчү биринчи билетке жооп бере албаса, предметтик комиссиянын ага
экинчи билет алуу укугун берет, бул учурда окуучунун алган баасы бир упайга тɵмɵндɵтүлɵт.
Оозеки сынактарда жооп берүүгɵ даярдануу үчүн окуучуга 15-20 мүнɵт берилет.
54. Экстернат таризинде окугандар үчүн ЖМА экстернат таризинде мектептик билимге
ээ болуу жɵнүндɵ Жободо жана ушул Жободо каралган тартипте жүргүзүлɵт. Чет ɵлкɵдɵ
экстернат таризинде мектеп окуучуларынын эл аралык тажрыйба алмашуу долбоору боюнча
окугандар үчүн ЖМАны ийкемдүү график боюнча жүргүзүүгɵ уруксат берилет, бул учурда
билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары Министрликтен ЖМАны ѳткѳрүүнүн
башталышына чейин бир жумадан кеч эмес убакытта кошумча сынак материалдарын суроого
тийиш. Сынакты мындай ɵткɵрүүгɵ негиз болуп окуучулардын окуган жерлеринен Кыргыз
Республикасына кеч келиши жана аралык аттестациялардан ɵтүшү эсептелет.
55. Жазуу сынактарын ѳткѳрүү тартиби министрликтин нускамалык каттарынын
негизинде аныкталат. Сынак материалдары менен тааныштыруу (окуп берүү) предметтик
комиссиянын мүчѳлѳрүнүн катышуусунда сынак башталаардын алдында жүргүзүлѳт.
56. 9-класста дил баяндын элементтери камтылган баяндамаларга жана алгебрага
(математика) 4 астрономиялык саат, комплекстүү жазуу тести – 1,5 астрономиялык саат
бɵлүнɵт. Лицейлерде жана жалпы билим берүү уюмдарында математика сабагы тереӊдетилип
окутулган учурларда (математиканы профилдик окутуу) сынакка 5 саат убакыт бɵлүнɵт.
11-класста эссеге 5 астрономиялык саат, комплекстүү жазуу тестине – 2,5 саат,
алгебрага (математика) – 5 саат, алгебра (математика) тереӊдетилип окутулган класстарда – 6
саат убакыт бɵлүнɵт.
57. ЖМАны кайталап ѳткѳрүү жана (же) окуучунун оорусуна байланыштуу которулган
мѳѳнѳттѳрү жалпы билим берүү үюмдары тарабынан ѳз алдынча аныкталат.
58. 9, (же) 11-класстардын окуучулары окуу-машыктыруу жыйындарынын
талапкерлерине, мектеп окуучуларынын эл аралык олимпиадаларынын, республикалык жана эл
аралык иш-чаралардын (спорттук мелдештер, сынактар, фестивалдар, кароолор ж.б.) курама
командаларына, ошондой эле жашаган жерин ɵзгɵртүүгɵ байланыштуу республикадан
сырткары чыгып кеткен окуучуларга үстүбүздɵгү жылдын 15-апрелинен эрте эмес убакытта
ЖМАны мɵɵнɵтүнɵн мурда ɵткɵрүүгɵ уруксат берилет.
ЖМАны мɵɵнɵтүнɵн мурда ɵткɵрүү жана 9, (же) 11-класстардын окуучуларына ЖМАны
тапшырууга укук берүү чечими билим берүүнү башкаруунун аймактык органы тарабынан
жалпы билим берүү уюмунун ɵтүнүч катынын негизинде ЖМАны мɵɵнɵтүнɵн мурда ɵткɵрүү
зарылдыгын тастыктаган тɵмɵнкү документтер: окуучунун жана анын ата-энесинин
(мыйзамдуу ɵкүлүнүн) арызы, тиешелүү компетенциясы бар мамлекеттик органдын
буйругунун (маалымкат), авиабилеттердин, 10-11-класстар үчүн ведомосттордун
күбɵлɵндүрүлгɵн кɵчүрмɵлɵрү, паспорту, негизги жалпы билими тууралуу күбɵлүгү,
мектептин педагогикалык кеңешинин сунуштамасы жана жалпы билим берүү уюмунун буйругу
бар болгон учурда кабыл алынат.
59. Тийиштүү окуу дисциплинасы (тийиштүү окуу дисциплиналары) боюнча
үстүбүздɵгү окуу жылында кайталанып ɵткɵрүлгɵн ЖМАны тапшырууга педагогикалык
кеңештин сунуштамасына жана жалпы билим берүү уюмунун буйругуна ылайык 9, (же) 11-
класстардын тɵмɵнкү окуучуларына укук берилет:
• ЖМАдан бирден кɵп эмес “канааттандырарлык эмес” баа алгандар;
• сынакка негиздүү себептер менен келбегендерге (ооруп калгандыгына же тиешелүү
документтер менен тастыкталган башка себептерге байланыштуу);
• ЖМАны ɵтүү учурунда сынак ишин негиздүү себептер менен аткарып бүтпɵй калгандарга
(ооруп калгандыгына же тиешелүү документтер менен тастыкталган башка себептерге
байланыштуу);
• ЖМАны ɵткɵрүүдɵ белгиленген тартиптин бузулгандыгы жөнүндө фактылар аныкталган
учурда ЖМАны ɵткɵрүүдɵ белгиленген тартиптин бузулушу тууралуу берген апелляциясы
талаш-тартыш маселелери боюнча комиссия тарабынан канааттандырылып жана алган
жыйынтыктары жокко чыгарылган окуучуларга.
60. Кайталанып өткөрүлгөн ЖМА башка курамдан турган предметтик комиссия
тарабынан ѳткѳрүлѳт.
61. Ден соолугунун абалы боюнча негизги жана даярдоочу медициналык топторго
кирген 9- жана (же) 11-класстардын окуучулары дене тарбия сабагы боюнча зачетторду
тапшырышат, анын жыйынтыктары бул сабак боюнча жыйынтыктоочу бааларды чыгарууда
эске алынат. Дене тарбия сабагы боюнча зачеттор сабактан тышкаркы убакта 14-майдан 25-
майга чейин ɵткɵрүлɵт.
Ден соолугунун абалы боюнча атайын медициналык топторго киргизилген 9, (же) 11-
класстардын окуучулары дене тарбия сабагы боюнча зачет тапшырбайт, алардын дене-бой
даярдыгы окуу жылынын ичиндеги жетишкендиктеринин негизинде “зачет”, “зачет эмес”
түрүндɵ бааланат.
62. ЖМАдан ɵтпɵй калган, же жалпы билим берүү уюму тарабынан аныкталган
кошумча мѳѳнѳттүн ичинде ЖМАны кайталап тапшырууда бул сабактардын ичинен бир
сабактан “канааттандырарлык эмес” баа алган 9, (же) 11- класстардын окуучуларына ушул
Жободо белгиленген түрдɵ жана мɵɵнɵттɵрдɵ, бирок 1 жылдан эрте эмес белгиленген
мɵɵнɵттɵ тийиштүү окуу сабактары боюнча ЖМАны тапшырууга укук берилет.
63. Жүйөөлүү себепсиз 45 же андан көп күн окуу күндөрүн калтырган 9, (же) 11-
класстардын окуучуларына педагогикалык кеңештин сунуштамалары жана жалпы билим берүү
уюмунун буйругунун негизинде кийинки окуу жылында кайталап окуу чечими чыгарылат.
64. Күндүзгү-сырттан (кечки) сырттан окуу формаларында 9, (же) 11- класста окуган,
баланы багуу боюнча ɵргүүдɵ болгон аялдар ЖМАны тапшыруудан бошотулат. Бул учурда
сынактан бошотууга негиз болуп тиешелүү дарылоо мекемесинен алынган маалымкат
эсептелет.
VI. Өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар окуучулар үчүн жыйынтыктоочу
мамлекеттик аттестацияны ɵткɵрүүнүн тартиби
65. Өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар окуучулар үчүн, ошондой эле ден
соолугунун абалы боюнча үйүндө жана (же) билим берүү уюмдарында окугандар, анын
ичинде узак дарыланууга муктаж болгондор үчүн зарыл болгон дарылоо, реабилитациялоо
жана ден соолукту чыңдоо иш-чаралары өткөрүлгөн санаториялык-курорттук уюмдарда
окугандар, ошондой эле саламаттык сактоо жана социалдык коргоо системасынын
стационардык мекемелеринде узак мөөнөттүү дарыланууда жүргөндөр ЖМАны
тапшыруудан бошотулат.
Окуучуну ЖМА тапшыруудан бошотуу ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн)
арызынын негизинде гана дарылоо мекемесине караштуу врачтык-консультациялык
комиссиясынын (ВКК), өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар окуучулар үчүн
психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын корутундуларын, же узак
дарыланууда окуп жаткандарын ырастаган медициналык документтерди берүү менен жүзөгө
ашырылат.
Бул учурда, предметтик комиссиянын ар бир окуу предмети боюнча окуучунун
учурдагы жана чейректик бааларын, ошондой эле баалардын объективдүү коюлушун карайт.
ПК жыйынтыктоочу бааларды коюуда жана бекитүүдө контролдук, практикалык жана
лабораториялык иштердин натыйжаларын, ошондой эле окуучулардын чейректик, жарым
жылдык жана жылдык жетишкендиктерин эске алат.
66. ЖМАнын жыйынтыгы боюнча баа 5 баллдык система боюнча коюлат. Эгерде
сандын физикалык кѳрсѳткүчү бирдиктин жарымы жана андан кѳп болсо, ал чоң санга кѳздѳй
тегеректелет (мисалы: 3,5 4 болуп тегеректелет). Талаш-тартыш учурларда сабак берген
мугалимдин пикири эске алынып, окуучунун пайдасына чечилет.
67. Атайын жалпы билим берүү уюмунун 9-классындагы ден соолугунун
мумкүнчүлүктөрү чектелген акыл-эсинин ɵнүгүүсү жактан кемтиги бар балдар үчүн кесиптик
эмгекке үйрөтүү сабагы боюнча жыйынтыктоочу бүтүрүү сынагы өткөрүлөт. Сынак теориялык
жана практикалык бөлүктөргө бөлүнөт, алар ар кандай күндөрү өткөрүлөт.
Кесиптик — эмгекке үйрɵтүү сабагынан окутуу боюнча экзамендик материал билим берүү
программаларынын талаптарынын чегинде жана балдардын психофизикалык
мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен даярдалат. Көрсөтүлгөн материал педагогикалык кеңештин
сунушу боюнча жана атайын жалпы билим берүү уюмунун буйругуна ылайык кабыл алынат.
VII. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын сынак иштерин
текшерүүнүн тартиби жана аларды баалоо
68. Жазуу түрүндөгү сынактык иштерди текшерүү жана аларды баалоо сынак кабыл
алынган күндү эске албаганда эки жумушчу күндɵн ашпаган убакытта жүргүзүлɵт.
69. ЖМАнын жыйынтыктары 5 упайлык система менен бааланат.
70. 9, (же) 11-класстардын окуучуларынын жазуу түрүндөгү сынактык иштерин
текшерүү жана оозеки сынактарды кабыл алуу предметтик комиссия тарабынан жүргүзүлɵт.
Предметтик комиссия иштерди текшерип бүтпɵй калган учурларда, сынактык иштер атайын
бɵлүнгɵн жерде (күйбѳгөн сейф), мектеп директорунун мɵɵрү басылып, ПК мүчɵлɵрүнүн кол
тамгалары коюлуп сакталат.
71. Жазуу түрүндөгү сынактык иштерди текшерүүнүн тартиби министрликтин
нускамалык усулдук катынын негизинде аныкталат.
72. ЖМАнын “2” (канааттандырарлык эмес) жана “5” (эң жакшы) деген баалар коюлган
жазуу түрүндөгү сынактык иштерге рецензия жазылат.
73. Предметтик комиссия ар бир окуу сабагы боюнча ЖМАнын жыйынтыктарын
карайт жана ушул Жободо каралгандай, аларды бекитүү, ɵзгɵртүү жана (же) жокко чыгаруу
тууралуу чечим кабыл алат.
9-жана (же) 11-класстардын окуучуларынын жазуу түрүндɵгү сынактык иштерин жана
(же) оозеки жообун баалоодо ПК мүчɵлɵрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгон
учурда, маселе кɵпчүлүк добуш менен чечилет жана протоколдо кɵпчүлүктүн чечими менен
макул болбогон ПК мүчɵлѳрүнүн ɵзгɵчɵ пикирлери жазылат.
74. Жыйынтыктоочу бааларды чыгарууда жана бекитүүдɵ предметтик комиссия
окуучулардын жарым жылдык жана жылдык бааларын, ошондой эле ЖМАдан алынган
жыйынтыктарды карайт, бирок бул учурда сынактагыдан жогору баа коюлбайт.
Талаш учурларда жана предметтик комиссия мүчɵлɵрүнүн ортосунда пикир
келишпестиктер жаралган учурларда, окуучулардын жыйынтыктоочу баалары катары
ЖМАдан алынган баалар коюлат. ЖМАдагы 9-жана (же)11-класстардын окуучулары
“канааттандырарлык эмес” деген баа алган учурда, сынактагыдан жогорураак баа коюлбайт.
Предметтик комиссиянын чечимдери протокол менен бекитилет жана анын мүчѳлѳрү
тарабынан кол коюлат.
75. Окуучулардын жыйынтыктоочу баалары класстык журналга (негизги жалпы
билими жөнүндо күбɵлүктɵрдү жана (же) орто жалпы билими жонүндө аттестат берүү
китебине, ɵздүк ишине, ЖМАнын жалпы жыйынтыкталган ведомостко) жазылат.
76. 9-жана (же) 11- класстардын окуучуларына ɵзүнүн жазуу сынак ишин текшерүүнүн
жыйынтыктары менен таанышууга укук берилет. Окуучуларды сынак ишин текшерүүнүн
жыйынтыктары менен тааныштыруу предметтик комиссиянын тɵрагасына жүктɵлɵт.
Жазуу түрүндөгү сынактык ишке коюлган баа менен макул эмес учурда окуучу бир күндүк
мɵɵнɵт ичинде талаш-тартыш маселери боюнча комиссиясына кайрылууга укуктуу.
77. Предметтик комиссия ɵзүнүн отурумунда ар бир окуу сабагы боюнча ЖМАнын
жыйынтыктарын карайт жана ушул Жободо алдын ала караштырылгандай, аларды бекитүү,
ɵзгɵртүү жана (же) жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алат.
VIII. Апелляцияларды кабыл алуу жана карап чыгуу
78. Талаш–тартыш маселелери боюнча комиссия билим берүүнү мамлекеттик
башкаруу органынын чечими менен райондук жана (же) шаардык административдик
бирдиктин аймагында (5 кишиден ашпаган) түзүлɵт. Ведомстволук жана менчик жалпы
билим берүү уюмдары үчүн талаш–тартыш маселелери боюнча комиссиясы министрликтин
чечиминин негизинде түзүлɵт.
Талаш — тартыш маселелери боюнча комиссиясы окуучулардын жана алардын атаэнелеринин (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнүн) ЖМАны ɵткɵрүүнүн белгиленген тартибин бузуу
боюнча маселелерин, ошондой эле коюлган баалар менен макул эместиги жɵнүндɵ
арыздарын кабыл алат жана карайт; окуучунун апелляциясын канааттандыруу же четке кагуу
жɵнүндɵ чечим кабыл алат, кабыл алган чечим тууралуу арыз берген окуучуга жана (же) анын
ата-энесине (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнɵ), ошондой эле предметтик комиссияга маалымат берет.
Талаш — тартыш маселелери боюнча комиссиясынын иштɵɵ тартиби, курамы жана
ыйгарым укуктары билим берүүнү мамлекеттик башкаруу органы тарабынан ЖМАнын
башталышына эки жума калган убакытта аныкталат жана сайтка жайгаштырылат.
Талаш — тартыш маселелери боюнча комиссиясынын курамына билим берүүнү
мамлекеттик башкаруу органдарынын ɵкүлдɵрү, директорлор кеңешинин (коллегиясынын),
көзөмөлчүлүк кеңешинин жана ата-энелер коомчулугунун мүчɵлɵрү тартылат. Предметтик
комиссиянын мүчɵлɵрү талаш – тартыш маселелери боюнча комиссиясынын курамына
кирбейт.
79. Талаш — тартыш маселелери боюнча комиссиянын чечимдери протоколдор менен
бекитилет.
80. Талаш — тартыш маселелери боюнча комиссия сынак материалдарынын мазмуну
жана түзүмү тууралуу апелляцияларды карабайт.
81. Апелляцияны кароо учурунда анда баяндалган фактыларды текшерүү тийиштүү
сынакты уюштурууга жана (же) ɵткɵрүүгɵ катышкан, же болбосо апелляция берген
окуучунун сынак ишин мурда текшерген адамдар тарабынан жүргүзүлбɵйт.
82. Өз функцияларын аткаруу максатында талаш — тартыш маселелери боюнча
комиссиясы ыйгарым укуктуу адамдардан жана уюмдардан керектүү документтерге жана
маалыматтарга, анын ичинде сынак иштеринин жана оңдоого мүмкүн боло турган кошумча
барактарынын кɵчүрмɵлɵрүнɵ, ЖМАны ɵткɵрүүнүн тартибинин сакталышы тууралуу
предметтик комиссиянын текшерүү протоколдорун сурап, камсыз кылат
83. Апелляцияны кароо учурунда талаш — тартыш маселелери боюнча комиссиясынын
отурумуна каалоосу боюнча окуучулар жана (же) алардын ата-энелери (мыйзамдуу ɵкүлдɵрү),
предметтик комиссия мүчɵлɵрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катыша алат. Апелляцияны
кароо адеп-ахлак ченемдерин сактоо менен, тынч жана жагымдуу жагдайда ɵткɵрүлɵт.
84. Окуучу (ушул Жобонун 70-пунктунда кɵрсɵтүлгɵндɵн тышкаркы учурларда)
ЖМАны ɵткɵрүүнүн белгиленген тартибинин бузулушу жɵнүндɵ арызын тийиштүү окуу
предмети боюнча сынак ɵткɵрүлгɵн күнү, мектептен чыкпай туруп берет.
85. ЖМАны ɵткɵрүүнүн белгиленген тартибинин бузулушу тууралуу апелляцияда
көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү максатында билим берүүнү мамлекеттик башкаруу
органы тарабынан предметтик комиссиянын тɵрагасынын, окуучу сынак тапшырган учурда ал
аудиторияда катышпаган программалык камсыздоо боюнча техникалык адистердин,
окуучуларга лабораториялык иштерди аткаруу боюнча кɵрсɵтмɵ берүүчү жана
аткарылышын камсыз кылуучу адистердин, коомдук байкоочулардын, укук тартибин
коргоону камсыз кылуучу кызматкерлердин, медициналык кызматкерлердин катышуусунда
текшерүү жүргүзүлɵт.
Текшерүүнүн жыйынтыктары корутунду түрүндѳ түзүлөт. Апелляция жана
текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча корутунду ошол эле күнү талаш — тартыш
комиссиясына тапшырылат.
ЖМАны ɵткɵрүүнүн белгиленген тартибинин бузулушу тууралуу апелляцияны кароо
учурунда талаш — тартыш комиссиясы апелляция менен бирге текшерүүнүн жыйынтыктары
боюнча корутундуну карайт жана тɵмɵнкү эки чечимдин бирин кабыл алат:
— апелляцияны четке кагуу жѳнүндѳ;
— апелляцияны канааттандыруу жѳнүндѳ.
86. Аппелляция канааттандырылган учурда, апелляция берилген сынактын
жыйынтыктары жокко чыгарылат жана окуучуга ЖМАнын кошумча жүгүртмөсүндө каралган
башка күнү тийиштүү окуу предмети боюнча сынак тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилет.
87. ЖМАны ɵткɵрүү учурунда окуучу тарабынан белгиленген тартиптин бузулушу
тууралуу фактылар аныкталган учурда, билим берүүнү мамлекеттик башкаруу органы
окуучунун ЖМАда тийиштүү окуу сабагы боюнча алган жыйынтыктарын жокко чыгаруу
тууралуу чечим кабыл алат.
88. Жазуу түрүндөгү сынак ишине коюлган баа менен макул эместиги тууралуу
апелляция тийиштүү окуу предмети боюнча ЖМАнын жыйынтыктары жарыяланган
убакыттан баштап бир күндүк мɵɵнɵт ичинде берилет.
Коюлган баа менен макул эместиги тууралуу апелляцияны окуучу түздѳн-түз талаш —
тартыш комиссиясына же белгиленген тартипте ЖМАны тапшырган билим берүү уюмуна
берет. Апелляцияны кабыл алган билим берүү уюмунун жетекчиси токтоосуз түрдɵ аны
талаш — тартыш маселелери боюнча комиссиясына жɵнɵтɵт.
89. Коюлган баа менен макул эместиги тууралуу апелляцияны кароо учурунда талаш–
тартыш комиссиясына жалпы билим берүү уюмуна предметтик комиссиянын сынактык ишин
текшерүү протоколдорунун жана апелляция берген окуучу аткарган сынактык иштердин
кɵчүрмɵлɵрүнɵ сурам жиберет.
Бул материалдар окуучуга (апелляцияны кароо учурунда катышкан кезде) кɵрсɵтүлɵт.
Окуучу (14 жашка чыга элек окуучулар үчүн) ата-энесинин (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнүн)
катышуусу менен ɵзү тарабынан аткарылган сынактык ишинин кɵчүрмɵсү кɵрсɵтүлгɵндүгүн
(апелляцияны кароо учурунда катышкан кезде) жазуу түрүндɵ тастыктайт.
90. Окуучулардын сынактык иштерин баалоо боюнча талаш маселелер жаралган
учурда талаш — тартыш маселелер боюнча комиссиясына апелляцияны кароо ишине бул
сынактык ишти мурда текшербеген, тийиштүү окуу сабагы боюнча калыс баалоочуларды
тартат.
Сынактык ишин текшерүүдɵ кетирилген каталар жана (же) эреже бузуулар аныкталган
учурда талаш — тартыш комиссиясына тийиштүү маалыматты эки күндүн ичинде чечим кабыл
алуу үчүн билим берүүнү башкаруунун аймактык органына жɵнɵтɵт.
91. Талаш — тартыш маселелери боюнча комиссиясы тарабынан ЖМАны ɵткɵрүү
учурунда белгиленген тартиптин бузулушу тууралуу окуучунун апелляциясы
канааттандырылган учурда, предметтик комиссия окуучунун ЖМАда тийиштүү окуу
предмети боюнча алган жыйынтыгын жокко чыгаруу, ошондой эле кошумча мɵɵнɵттɵрдɵ
ЖМАны тапшырууга укук берүү тууралуу чечим кабыл алат.
92. Окуучу коюлган баа менен макул эместиги тууралуу апелляциясы талаш- тартыш
маселелери боюнча комиссиясы тарабынан канааттандырылган учурда, предметтик
комиссия окуучунун ЖМАда алган жыйынтыгын талаш — тартыш маселелери боюнча
комиссиясынын протоколдоруна ылайык ɵзгɵртүү тууралуу чечим кабыл алат.
93. ЖМАны ɵткɵрүү учурунда белгиленген тартиптин бузулушу тууралуу апелляцияны
талаш — тартыш комиссиясына эки жумуш күндүн ичинде, ал эми коюлган баа менен макул
эместиги тууралуу апелляцияны анын талаш — тартыш маселелери боюнча комиссиясына
келип түшкɵн күнүнɵн баштап тɵрт жумуш күндүн ичинде карайт.
94. Эгерде тартип бузуулар ушул Жобонун 51-пунктунда кɵрсɵтүлгɵн же башка
(ɵздүктүгү аныкталбаган) адамдар тарабынан жүргүзүлсɵ, анда предметтик комиссия
окуучулардын ЖМАда тийиштүү окуу сабагы боюнча алган жыйынтыгын жокко чыгаруу
тууралуу чечим кабыл алат.
IX. Окуучуларды бүтүрүп чыгаруунун тартиби.
95. ЖМАны бир окуу дисциплинасы боюнча тапшыра албай калган 9, (же) 11-
класстардын окуучуларына тийиштүү сынак сабагы боюнча баасы жарыялангандан кийин, жеке
арызы менен кайрылган учурда аларга ЖМАны кайталап тапшыруу укугу берилет.
96. Негизги жалпы же орто жалпы билим берүүнү аяктабаган, эки же андан кɵп окуу
дисциплинасы боюнча жалпы билим берүү программаларын өздөштүрбɵгөн, же болбосо
ЖМАдан ɵтпɵй калган 9, (же) 11-класстардын окуучуларына жалпы билим берүү уюму
тарабынан белгиленген үлгүдɵгү маалым кат (справка) берилет.
Маалым катта окуучунун жылдык баалары жана ЖМАдан алган баалары, анын ичинде
белгиленген окуу планындагы 9, (же) 11-класстарда окутулган бардык окуу дисциплиналары
боюнча алган “канааттандырарлык эмес” баалары да кɵрсɵтүлɵт.
Маалым кат алган окуучулар ЖМАны бир жылдан кийин тапшыруу укугуна ээ болот.
97. ЖМАны тапшыруудан ушул Жобонун 65- 66-п. ылайык бошотулган 9, (же) 11-
класстардын окуучуларына билими тууралуу документ жылдык бааларынын негизинде
берилет.
98. Аттестацияланбаган, ден соолугуна байланыштуу дене тарбия жана эмгекке үйрɵтүү
сабактарынан бошотулган 9-класстын окуучуларына билими жөнүндө документте “бошотулду“
деп жазылат.
99. Негизги жалпы билими жөнүндө күбɵлүккɵ белгиленген окуу планындагы билим
берүүнүн II баскычында окутулган бардык окуу сабактары боюнча алган жылдык жана (же)
жыйынтык баалары жана ЖМАдан алган баалары коюлат.
100. Орто жалпы билими жөнүндө аттестатка белгиленген окуу планындагы 9, (же) 11-
класстарда окутулган бардык окуу дисциплиналары боюнча алган жылдык жана (же)
жыйынтыктоочу баалары жана ЖМАдан алган баалары коюлат.
101. Бир же бир нече предметтерди ɵздɵштүрүүдɵ ɵзгɵчɵ жетишкендиктерге жетишкен
9, (же) 11-класстардын окуучулары башка окуу сабактары боюнча жакшы бааларга ээ болгон
учурда “Айрым предметтерди ɵздɵштүрүүдɵгү ɵзгɵчɵ жетишкендиктери үчүн” Мактоо
баракчасы менен сыйланат.
102. Бүтүрүүчүлɵрдү “Айрым предметтерди ɵздɵштүрүүдɵгү ɵзгɵчɵ жетишкендиктери
үчүн” Мактоо баракчасы менен сыйлоо чечими жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык
кеңеши тарабынан кабыл алынат.
X. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны каржылоо
103. ЖМАнын сынак материалдарын каржылоо республикалык бюджеттин
каражаттарынын эсебинен БИМге караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү
департаментинин бюджеттик каражаттарынын чыгымдарынын сметасында тиешелүү
жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.

БУЙРУК ________№______ Бишкек ш.

Кыргыз Республикасынын

негизги жалпы жана орто

жалпы билим берүүнүн окуу

программалары боюнча

2024-2025-окуу жылында

жыйынтыктоочу мамлекеттик

аттестациясын өткөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 373/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жɵнүндɵ Жобого ылайык, Кыргыз Республикасындагы менчигинин формасына карабастан бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарында 2024-2025-окуу жылын уюшкандыкта аяктоо максатында буйрук кылам:

1. 2024-2025-окуу жылы Кыргыз Республикасындагы менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2025-жылдын 26-майында аякталсын.

2. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүүнүн төмөнкү мɵɵнɵттɵрү жана түрлɵрү бекитилсин:

2.1. Окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 2-июндан 17-июнга чейин 4 предмет боюнча: — алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) — 2-июнда; — эне тилинен (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) 6-июнда; — кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) — 11-июнда; — Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) — 16-июнда.

2.2. Окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 2-июндан 17-июнга чейин 4 предмет боюнча: — эне тили жана адабиятынан (эссе) -2-июнда; — алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) — 6-июнда; № 379/1, 10.04.2025 Кол койгон: Джусупбекова Н.С., 10.04.2025 — Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) -11-июнда; — кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) -16-июнда.

3. 9, 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн 2025-жылдын 15-майынан баштап 24-майына чейин сабактан тышкаркы убакта “Дене тарбия” предмети боюнча зачет өткөрүлсүн.

4. Жазуу түрүндɵ өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация саат 9.00дɵ башталсын.

5. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине: — жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын ɵткɵрүү боюнча даярдыктын жүрүшүндɵ мугалимдерге усулдук жардам берилсин; — жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын ɵткɵрүлүшүнɵ жана жыйынтыктарын жалпылаштырууга кɵзɵмɵл жүргүзүлсүн.

6. Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти (Б.С. Шамшидинова): -жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлсүн; — райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу адистерине жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация боюнча окууларды өткөрүшсүн; — мугалимдерге жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны өткөрүү боюнча усулдук жардамдар берилсин.

7. Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти (Б.С. Шамшидинова) 2025-жылга каралган каражаттардын чегинде ишчараларды өткөрүүгө чыгымдар жүргүзүлсүн. 8. Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгы (А.К. Баймуратова) жазуу түрүндɵ өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын сынактык материалдарын даярдоону өз убагында каржыласын. 9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы (А.С. Кусеинова) жүктөлсүн.

Министрдин орун басары Н.С. Джусупбекова

Бөлүшүү

Комментарийлер