ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ЖЫЛДЫЗБЕК

  • 01.03.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинин жигиттер арасында өткөн “ОшТУ мырзасы 2024” сынагында табигый-техникалык факультеттин студенти Самарбек уулу Жылдызбек жеңүүчү деп табылды.

Окуу жайдын жаштар комитети уюштурган бул иш-чарага ар бир факультеттен жана гуманитардык колледжден сегиз жигит катышты. Сынак жаштарды коомдук иштерге аралаштыруу, бири-бири менен достук мамиледе болуу, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жашоо образын чагылдыруу жана ошондой эле мекенчилдикке тарбиялоо максатын көздөйт.

ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ЖЫЛДЫЗБЕК

Катышуучулар сынактын шарты боюнча улуттук жана классикалык баалуулуктар, эл алдында өзүн алып жүрүү маданиятын көрсөтүп, өнөрлөрүн тартуулашты.

Сынактын калыстар тобу баш байгени табигый-техникалык факультеттин студенти Самарбек уулу Жылдызбекке ыйгарышты. “ОшТУ мырзасы-2024” аталган жигит Ташкент шаарына эс алууга жолдомо жана “Ош шаарынын мырзасы” сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алды.

ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ЖЫЛДЫЗБЕК

Экинчи орун технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин студенти Бекмамат уулу Маметисага, үчүнчү орун экономика жана башкаруу факультетинин студенти Айбек уулу Арленге ыйгарылды.

Ал эми “ОшТУ Инстаграм мырзасы” номинациясына гуманитардык-технологиялык колледжинин студенти Султанбек уулу Мухамедумар татыктуу болду.

Жеңүүчүлөр университеттин жетекчилигинин жана кесиптик бирлик комитетинин диплом, акчалай жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер