ЖЫЛДЫЗЫ КМШДА ЖАНГАН АКАДЕМИК

  • 26.12.2017
  • 0

ЖЫЛДЫЗЫ КМШДА ЖАНГАН АКАДЕМИК

Жаңы жыл алдында Москва шаарында КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XII форуму жана “Кызматташтык жылдызы» («Звёзды Содружества») лауреаттарына сыйлык тапшыруу аземи өттү. Анда КР УИАнын академиги, физика жана математика илимдеринин доктору, профессор Алтай БӨРҮБАЕВ КМШ мамлекеттер аралык башкы «Кызматташтык жылдызы» («Звёзды Содружества») сыйлыгын алды.

Сыйлык илимпозго дүйнөлүк илим жаатындагы биринчи класстагы илимий-изилдөөлөрдү байыткандыгы, математикалык ири маселелерди чече билгендиги, орто жана жогорку мектептер үчүн оригиналдуу базалык окуу куралдарын жана бир катар окуу-өндүрүштүк комплекстерди жазгандыгы үчүн ыйгарылган.

Алтай Бөрүбаев Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын 2 жолку лауреаты, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, 150дөн ашуун илимий жана илимий-методикалык эмгектердин, 8 монографиянын жана 6 окуу китебинин автору. Андан сырткары, дүйнөлүк масштабдагы окумуштуу М.В.Ломоносов атындагы ММУнун Ардактуу профессору жана Түрк дүйнөсүнүн математиктер коомунун президенти.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер