ЖЫЛДЫЗДАР ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЛИМДЕР

  • 19.07.2024
  • 0

Өткөн аптада Айгине МИБ  изилдөөчүлөрү “Жылдыз санак” долбоору — кыргыздын салттуу астрономиялык жана астрологиялык билимдер системасы боюнча анимациялык видеосабактын  негизги мазмунун  түзө баштаса, дагы бир топ Борбордук Азиянын мушташ өнөрүнө, анын ичинде кыргыздын салттуу Көк бөрү, Алыш жана Оодарыш оюндарына арналган ири илимий басылма үчүн илимий материалдарды түзүүнү баштады.

ЖЫЛДЫЗДАР ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЛИМДЕР ЖЫЛДЫЗДАР ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЛИМДЕР

Маалыматка таянсак,  «Жылдыз Санак» долбоордун негизги максаты — балдарга асман дүйнөсү жана асман чөйрөлөрү тууралуу байыркы жергиликтүү билимди жана түшүнүктөрдү тартулоо жана кенен жайылтуу болуп саналат.

Долбоордун күтүлгөн натыйжалары — кыргыз тилинде үч жергиликтүү уламышты камтыган кооз китеп чыгаруу, ошондой эле асман чөйрөлөрүнүн кыймылы жана жылдыз топторунун жайгашуусу боюнча салттуу билимди жана түшүнүктөрдү, Саймалуу-Таштагы айрым чийимташтар менен алардын өз ара байланышын ачып берген анимациялык тасманы тартуу. «Жылдыз санак» (Жылдыз санагы) — кыргыздын салттуу астрономиялык жана астрологиялык билимдер системасы, айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн ыңгайлуу жана жагымсыз күндөрдү, убакытты жана башка маанилүү окуяларды аныктоо үчүн колдонулган. Ал жылдыздардын жана планеталардын кыймылдарына байкоолорду, ошондой эле тиешелүү божомолдорду жана кеңештерди камтыйт. “Жылдыз санак” кыргыз элинин маданий мурасында чоң роль ойноп, муундан муунга өтүп келет. Бул долбоор салттуу билим системаларын заманбап мультимедиалык платформалар аркылуу жаш муундарга берүүгө өбөлгө түзөт. Өткөн жумада долбоордун тобу жарыялоо үчүн уламыштарды тандап, кыргыздын салттуу астрономиялык жана астрологиялык билимдер системасы боюнча анимациялык видеосабактын  негизги мазмуну  түзө баштады.

Айгине изилдөө борборунун тобу Борбордук Азиянын мушташ өнөрүнө, анын ичинде кыргыздын салттуу Көк бөрү, Алыш жана Оодарыш оюндарына арналган ири илимий басылма үчүн илимий материалдарды түзүүнү баштады. Бул басылма Түштүк Кореяда жайгашкан ЮНЕСКОнун алдындагы Жаштарды өнүктүрүү жана тартуу боюнча эл аралык мушташ өнөрүнүн борборунун колдоосу менен түзүлөт. Бул жумада  Айгине МИБ тобу А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын жана К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын архивдерин карап чыгып, кыргыздын салттуу мушташ өнөрүнө жана мелдештерине тиешелүү материалдарды издеп чыгышты. Жакынкы арада фокус-группалар, анын ичинде түз оюнчулар жана балбандар менен чогулган маалыматтарды текшерүү жана тактоо боюнча иш алып баруу пландаштырылууда.

Маданий мурастар жана заманбап технологиялар жолугушуусу: Айгине маданий борборунун жамааты Солтек менен биргеликте “Маданий мурастар жана заманбап технологиялар жолугушуусу” долбоорунун экинчи кадамын ишке ашырууга даярданууда. Долбоордун экинчи кадамы үч санарип продуктуну иштеп чыгууну камтыган эки компонентти камтыйт. Биринчи компонент ар бири 3-5 мүнөткө созулган эки кыска анимациялык тасмаларды жаратууга багытталган. Бул тасмалар эки ыйык жердин келип чыгышы, негизги билдирүүлөрү жана руханий жана маданий мааниси тууралуу уламыштарды чагылдырат. Мурунку долбоордо Кулунду-Ата жана Ажыдаар-Таш жөнүндөгү уламыштарды тасма адаптациялоонун ийгилиги азыркы коомдо, өзгөчө ушул куракта маалыматты жигердүү өздөштүргөн жаш мектеп окуучулары үчүн кыргыз тилиндеги мындай буюмдардын өтө муктаждыгын жана маанилүүлүгүн көрсөттү. Долбоордун экинчи компоненти кыргыз жана орус тилдеринде өспүрүмдөр үчүн инновациялык мобилдик пикселдик видеооюнду иштеп чыгууну камтыйт. Оюн орус тилдүү шаардык өспүрүмдөр арасында салттуу “Көк-Бөрү” ат оюндарын жайылтууга багытталган. Бул продукт Кыргызстанда түзүлгөн биринчи мобилдик экшн оюну болот жана App Store жана Google Play эл аралык тиркеме платформаларында жеткиликтүү болот.

Мындан сырткары “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында, Бейзаттык маданий мурасты (БММ) сактоо боюнча ЮНЕСКОнун 2003-жылкы Конвенциясынын эң маанилүү түшүнүктөрүн ачып берүү үчүн видео инфографикаларды даярдоо иштери улантууда. Бул видео инфографикалар кыргыз жана орус тилинде жети багыт боюнча иштелип чыгат. Азыркы тапта багыттарды баяндоону тасмага түшүрүү баскычы улунтууда. Аталган долбоор Конвенциянын Эл аралык фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер