“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” ЖАНА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” СЫНАГЫНЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

  • 04.10.2022
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагынын IV этабы башталды.

Сынакка буга чейинки баскычтардан ийгиликтүү өткөн тогуз мугалим  катышууда. Алар: Ноокат районундагы Р.Хушамов мектебинин информатика мугалими Максатбек Маккамбаев, Жалал-Абад шаарындагы N5 мектебинин химия мугалими Максат Абилов,    Тоң районундагы Алтымышбаев атындагы мектептин биология мугалими Кундуз Бердибекова, Ош шаарындагы N52 мектеп-лицейдин математика мугалими Нурсултан уулу Акылбек (Ош шаардык сынакта 1-орунга чыгып, унаа жеңип алган), Бишкек шаарындагы N68 ОТКнын  информатика мугалими Гулзат Мукамбетова, Кемин районундагы А.Казакбаев атындагы тарых мугалими Дильназ Айталиева, Кадамжай Өрүкзар мектебинин физика/математика мугалими Арзыкан Үрүстөм кызы, Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Нурзат Шыгаева жана Бакай-Ата районундагы Э.Капалов атындагы мектептин тарых мугалими Алмакан Алтынбек кызы билим берүү сынагында күч сынашууда.

“Билим берүү тармагы абдан оор тармак. Бул тармакта жаңы нерсени өздөштүрүп, анын жемишин алууга 10-12 жыл кетет. Андыктан бардык катышуучулар сынактан жаңы тажрыйба, билим, идея аласыздар деп ишенем. Эң башкысы сынак ачык-айкын, адилеттүү өтүп, чыныгы кесипкөйлөр жеңишке жетишин каалайм”, — деп билдирди сынактын салтанаттуу ачылышында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова.

Сынактын IV эабы 3-4-октябрь күндөрү №69 жалпы билим берүү орто мектебинде жана №182 бала бакчада өтөт.  Анда педагогдор чеберчиликтерин жана көндүмдөрүн көрсөтүү үчүн ачык сабактарды өтүшөт. Мугалимдер үчүн мастер-класстар дагы уюштурулат.

Сынактын өзүн-өзү тааныштыруу номинациясында сынактын катышуучуларынын басымдуу бөлүгү заманбап мугалим экенин көрсөтө алышты. Быйылкы сынактын өзгөчөлүгү — үч агай катышып жатканы.  Анан калса үчөө тең биринен бири калбай сынактын биринчи турунда заманбап мугалим экенин тастыкташты.

Белгилей кетсек, республикалык сынактын жеңүүчүлөрү 5-октябрь күнү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер