“Жылдын мыкты куратору” конкурсу өтүүдө
- 03.10.2024
- 0
2-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Жылдын мыкты куратору” конкурсу өтүүдө. Ал окуу-тарбия процессин уюштурууда куратордук ишти жакшыртуу, жаштардын социалдык чөйрөгө аралашуусуна шарт түзүү, мыкты кураторлордун иш тажрыйбаларын алмашуу жана жайылтуу максатын көздөйт.
Конкурска университеттин бардык түзүмдөрүнөн каалоочулар катталып, натыйжада 16 куратор катышты.
Ал 2 этаптан туруп, 2-этапка 5 куратор чыкты.
Конкурстун жобосуна ылайык, куратордун тиешелүү документтери, окуу процессиндеги жетишкендиктери, куратордук сааттарды өткөрүүнүн деңгээли, ата-энелер менен иштешүү, студенттердин кураторго баа берүү талаптары каралган.
Конкурста ар бир куратор жасаган иштерин, келечек максаттарын, чыгармачыл изденүүлөрү жөнүндө айтып бериши шарт.
Жеңүүчүлөр баалуу белектер жана сертификаттар менен сыйланат.
1-орунга – ноутбук;
2-орунга – планшет;
3-орунга – смартфон коюлган
Конкурска калыстык кылуу үчүн КРЭАУнун окуу иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жылдыз Өмүрзакова жана К.Скрябин атындагы КУАУнун Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, профессору Светлана Батаканова келди.
Комментарийлер