Жыл ичиндеги жылдыздуу окуялар
- 30.12.2024
- 0
Бул жылы орто жана башталгыч кесиптик билим берүү тармагы дагы өнүгүүнүн дагы бир чоң тепкичин аттады. Эң башкысы өтүп бара жаткан жылы кесиптик лицейлердин дээрлик 67% дуалдык окутууга тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жыл жыйынтыгына арналган конференциясында билдрди.
Мисалы, Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицей шаар боюнча «Учкун» басмаканасы, «Адвент принт» сыяктуу 120 полиграфиялык ишкана менен келишим түзсө, бул лицейге «Дастан» заводу атайын бир класс бөлүп берип, бардык чыгымдарды көтөрүп берди. Бул жакта окуучулар эки нөөмөт менен кезектешип практика өтүшөт. Окуучулар эмгек акы да алышат. Мисалы, былтыр темир усталар айына 9000 сомдон тапса, азыр ашпозчу-кондитерлер 10 миң сомго чейин эмгек акы алат. Дуалдык билим алгачкы жемишин берип, өткөн жылы окууну аяктаган бардык окуучулар жумуш менен камсыз болгон. Он беш бүтүрүүчү ошол эле заводго жумушка кабыл алынса, калган ону жеке ишканаларда иштөөдө.
Колледждерде түзүлгөн алдыңкы тажрыйба борборлору болсо студенттердин өз алдынча ишкердик жүргүзүүсүнө жол ачып берди. Азыр бүтүрүүчүлөрдүн үч пайызга жакынынын өз бизнеси бар. Мындай борборлор сегиз колледжде иштеп жатат. Бул жерлерде студенттер айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, ветеринария, тигүү өндүрүшү, этти кайра иштетүү, унаа оңдоо, эмерек жасоо, вентиляциялоо, конструкциялоо, курулуш материалдарын сыноо багыттарында иштей алышат. Борборлор инновациялык окутуу программаларын пайдаланууда, жаңыча окутуу технологияларын жайылтууда жана кесиптик билим берүү уюмдарына колдоо көрсөтүүдө. Анда студенттерге бир гана мыкты билим бербестен, аларды тарбиялап, лидерлик сапаттарын өнүктүрүп, турмуш жолуна багыттайт. Мындан улам бүтүрүүчүлөрдүн 77% кесиби боюнча ишке орношкон.
Алдыңкы тажрыйба борбору түзүлгөн окуу жайлардын катарында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи бар. Анын алдында түзүлгөн окуу өндүрүштүк комплекси — “Issyk-Kul” мейманканасы кирешелүү бизнестерди бири. Мейманкана букинг сервиси аркылуу кардарларды топтойт, бир күндүк жатакана акысы 20 долларды түзөт. Ага көбүнесе чет элдик жарандар келет. Окуу жай 2024-жылы он айда эле 1 млн 505 миң сом киреше тапты.
Өтүп бара жаткан жылы колледждердин студенттери да жакшы ийгиликтерге жетишип, элди кубанычка бөлөдү. Бүткүл россиялык чемпионат кыймылы тарабынан 26-30-ноябрда Санкт-Петербург шаарында өткөн кесиптик чеберчиликти көрсөтүүгө багытталган “Профессионалдар — 2024” чемпионатына күмүш медал жеңип алышты. Алар Бишкек автомобиль-жол колледжинин, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Бишкек техникалык колледжинин жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Кесиптик колледжинин студенттери.
“Профессионалдар — 2024” — жогорку квалификацияны талап кылган кесиптерди өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле профессионалдык стандарттардын деңгээлин жогорулатуу максатында өткөрүлүүчү ири иш-чара. Анын алкагында катышуучулар маалыматтык технологиялар, курулуш, сулуулук индустриясы, инженерия, тейлөө кесиптери, мугалимдик жана башка тармактарда өздөрүнүн кесиптик чеберчиликтерин көрсөтүшөт.
Ошондой эле 2024-жылы Кыргызстан расмий түрдө WorldSkills International ассоциациясынын мүчөсү болуп, биринчи жолу ашпозчу, ширетүүчү, мода технологиясы багытында Улуттук чемпионат өткөрүлдү. Анын жеңүүчүлөрү Франциянын Лион шаарындагы WorldSkills дүйнөлүк мелдешине катышты.
Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”
Комментарийлер