ЖУМГАЛДАГЫ АЛГАЧКЫ БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

  • 07.07.2025
  • 0

Эгиздин түгөйү Медина Жокиева Жумгал районундагы Чаек айылында 20 жылдан ашуун кыргыз тил жана адабиятынан мугалим болуп иштеп келе жатат. Быйыл жазында райондо биринчилерден болуп, “ Жумгал билим инсайт” билим берүү борборун негиздеди.  Борбор балдарды мектепке даярдоо, шар окуу, англис тили, кыргыз тили жана учурда абдан актуалдуу логопедия жаатында билим берүүдө.  Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен да иш алып барып жатышат.

-1ЖУМГАЛДАГЫ АЛГАЧКЫ БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ997-жылы Көк-Ой айылындагы орто мектепти аяктагам. 1996-жылы кыргыз тили жана адабияты боюнча өткөрүлгөн райондук олимпиададан  биринчи орунду алып, облустук олимпиададан  дагы жеңүүчү болгом.  Республикалык олимпиадага жолдомо алып, андан  үчүнчү орунду ээлегем.  Ошол олимпиадалардагы жетишкендиктеримдин аркасынан  И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине бюджеттик негизде окууга кабыл алынып, 2002-жылы ийгиликтүү аяктагам. Алгач эмгек жолумду өзүбүздүн эле айылдагы Султан Турусбеков атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн баштагам. Алты ай иштегенден кийин районубуздун борбору Чаек айылына турмушка чыгып, 2003-жылдан бери  М. Алыбаев атындагы мектепте мугалим болуп иштеп келе жатканыма быйыл 22 жыл болду. Жолдошум  Турумбеков Үрүстөм Жумгал РЭСте эсепчи-бухгалтер болуп иштейт, төрт баланын ата-энесибиз. Апам эл агартуунун мыктысы, мектепте жетекчи болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Апамдын жолун жолдоп эгизим экөөбүз тең мугалимдик кесипти тандап алганбыз,-деп  Медина өзүн тааныштырды.

-Жеке менчик билим берүү борборун ачууга сизге эмне түрткү болду?

-Окуучуларыма дайыма адаттан тыш башкача, жаңыча сабактарды өтсөм, алардын эсинде кыргыз тилден сабак берген эле мугалим эмес, “ушул эжей мени ийгилик жолуна багыттады эле, мага чоң максаттарга жетүүмө түрткү болду эле” деп эскергендей мугалим болсом экен, деп аракет кылып келем. Апам 2010-жылы катуу ооруп калып, ден соолугуна байланыштуу мектепте иштебей калган. Бирок кесибин абдан сүйгөндүктөн үйдө отура албай, каалоочуларды жекече окутуп жүрдү. Өзүбүздүн эле айылдан эмес, башка айылдардан да окуучуларга сабак берчү. ЖУМГАЛДАГЫ АЛГАЧКЫ БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУОшондо мага “Эртеби-кечпи ишкердик менен алектениш керек. Сен райондун борборунда эмессиңби, бир ижарага жай алып, окуу курстарын ачсаң боло”, деп калчу. Бирок апамдын минтип айткандарын аткаруу таптакыр мүмкүн эместей сезилчү. Мектепке баш-отум менен берилгендиктен, ага анчалык маани бербей келиптирмин. Акыркы эки жылдан бери мектепте сабак берүү мен үчүн оор боло баштады. Азыркы Z муундун балдарына мурунку ыкмалар менен сабак берүү өзүнүн жемишин бербей, мурда алдыңкы орунда жүргөн мектебибиз район боюнча артта калып баратат.  Олимпиадаларда ийгилик жарата албай, ЖРТде да жакшы жыйынтык көрсөтө алган жокпуз. Ошондо башкача бир жаңы ыкма менен иштешибиз керек экенин түшүндүм.

Бир жолу инстаграмды барактап отурсам, мугалимдерди өнүктүрүүчү “Алиппе Про” аянтчасынан “Окутуу борбор ач” деген  долбоордун жарнамасын көрүп, ал жакка арызымды жөнөтүп койдум. Менеджерлер байланышып, шарттарын түшүндүрүп беришкенден кийин  окуу борборун ачууга бел байладым.

ЖУМГАЛДАГЫ АЛГАЧКЫ БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУДолбоордун шарттары боюнча бул ишке команда менен катышыш керек. Мектепте өз ара тажрыйбаларыбыз менен бөлүшүп, билим берүүнү жакшыртуу боюнча кеңешип жүргөн төрт мугалим  биригип, бир команда катары бул долбоорго катыштык. Натыйжада “Жумгал билим инсайт билим берүү борбору ачылды. Ага кеткен чыгымдарды жолдошум экөөбүз  көтөрдүк. Ал эми командадагылар ар кимибиз өз багытыбыз боюнча бир ай бою билим алып, акысын өзүбүз төлөдүк.

— Окутуу борбору кайсы багыттар боюнча билим берип, окуулар кимдерге ылайыктуу?

-Долбоордун алкагында бизге эки мугалимди даярдап берип, өзүм менен кошо үчөөбүз окудук. Апам шар окуу боюнча, мектепте бир кесиптешим логопедия боюнча, өзүм ишти алып кетүү, борборду ачуу жана жетектөө боюнча билим алдык. Андан тышкары, СММ, мобилограф адистерин даярдап беришти. Борборду окутууну шар окуу жана логопедия менен баштадык. Бир аздан соң менталдык арифметиканы да коштук. Биздин борбор быйылкы жылдын 8-апрелинен баштап окуучуларды кабыл ала баштады. Учурда англис тилин жана улуттук жаңы модель 12 жылдык билим берүү системасына ылайык мектепке даярдоону да колго алып жатабыз.

ЖУМГАЛДАГЫ АЛГАЧКЫ БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУЖумгал районунда буга чейин мектептен тышкары балдарды ар тараптан өнүктүрүүчү курстарга бергенге эч кандай окуу борборлору, тил курстары жок болчу. Азыр айрыкча логопедияга балдар көп келүүдө. Көпчүлүк ата-энелерден “ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды да окутасыңарбы?” деген суроолор болууда. Андай балдардын көпчүлүгү мектепке бара алышпайт, барса да айрымдары сүрмө топ менен аралашып, партанын артында отуруп эле кете беришет. Айрыкча мындай балдардын ата-энелери “эч нерсе билбей, коомдон обочолонуп калып калбасын, кичине болсо да бирдеме үйрөтүп бергилечи” деп алып келип жатышат. Аларды да кабыл алып, толук кандуу билим бербесек да, санаганды, өңдөрдү айырмалаганды, үй-бүлө мүчөлөрүн ажыратканды, турмушта керек эң жөнөкөй көндүмдөрдү үйрөтүп жатабыз.

 Балдарды канча жаштан кабыл аласыздар? Окуу мөөнөтү канча убакыт болот?

-Негизи логопедияда бир күндө жарым сааттан гана окуу болушу керек. Бала логопедгеби же шар окуу боюнча келеби, айырмасы жок, алгач диагностика кылып, баланын менталдык жана физикалык абалын аныктап алабыз. Ата-энеси менен биргеликте баладагы көйгөйлөрдү так билип, андан ары кандай иш-аракеттерди кылуу керектигин белгилейбиз. Эгерде сүйлөө тилинде көйгөй көп болсо, бир эле эмес, бир нече тыбышка тили келбесе, анда ага бир айлык окуу жардам бербейт, ал 2-3 ай машыгыш керектигин ата-энеге түшүндүрөбүз.

ЖУМГАЛДАГЫ АЛГАЧКЫ БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУШар окуу боюнча сабак бир күндө бир саат сөзсүз болушу керек жана башкалардан айырмаланып, жуманын бардык күнүндө окууга келүүсү зарыл. Ушундай таризде 15 күн катары менен окуу болот. Ошондо бала бир деңгээлден экинчи деңгээлге чыга алат. Биздин шар окутуудагы максатыбыз — ушундай. Таптакыр тамга тааныбаган баланы алып келип, 14 күндө шар окуткула деген туура эмес. Тамга тааныбаган бала 15 күндө тамга таанып, бир тепкич гана көтөрүлөт. Тамга таанып, бирок кошуп окуй албай жатса, 15 күндө кошуп окуп калат. Кошуп окуп, бирок нормативге жетпей жатса, 15 күндө шар окуп калат. Салттуу ыкмалардан окуу борборундагы окутуунун айырмасы — ар бир балага жекече мамиле кылуу. Окутууларыбыз көбүнчө оюн түрүндө жүргүзүлөт. беш мүнөт ойноп, беш мүнөт окуп отуруп, бир сааттын кантип өтүп кеткенин билбей калышат. Курска келүүгө кызыккандардын себеби да ушундай оюн менен билим  берүү ыкмасы. Оюн аркылуу баланын майда моторикасы өнүгөт, нейрогимнастикаларды жасашат, эки колу менен тең бир учурда иштегенге үйрөнүшөт. Айрым балдардын көңүл буруусу — концентрациясы өтө начар болот. Мисалы, апрелден бери бир окуучу кызыбыздын концентрациясын араң жакшырта алдык. Ата-энелер баланы алып келип, жакшы окутуп бергиле дешет. Ал баланын концентрациясы, майда моторикасы, көрүү талаасы менен иштебей туруп, аны тез эле жакшы окута салуу мүмкүн эмес да. Баланын жагдайын толук, так аныктоо керектигин ата-энелер туура түшүнүүсү керек.

-Окуу борборунун имараты жана жабдылышы маселелери кандай чечилүүдө?

Конституциябызда да, билим берүү боюнча мыйзамдарда да менчиктерди түрлөрүнө карабастан жергиликтүү бийлик колдоого алышы керек деген мыйзам бар экен. Андыктан, долбоор башталганда эле район жетекчилигине, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына, айыл өкмөтүнө кайрылуу кылгам.  Имарат табуу да өтө кыйын болду. Учурда райакимиаттын биринчи кабатындагы мурда ашкана болуп турган бөлмөлөрдү окуу борбору кылып кайра жасадык. Биздин максат — идеалдуу кылып жасалгалоо эмес, алгач окууну баштап кетүү болчу. Ушундай аракеттерди көрүү менен ишибизди баштап улантып жатабыз. Жакынкы аралыкта проектор, интерактивдүү доска, дагы башка керектүү нерселерди алуу алдында турабыз. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды камкордукка алуу боюнча жолугушууга келип, бир классты толук жабдып берем деп, убадасын берип кетти.

ЖУМГАЛДАГЫ АЛГАЧКЫ БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУУчурда М. Алыбаев орто мектеби капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Биз райондук жетекчиликке жеке окуу борборуна имарат керек деп сураганыбызда, учурда капиталдык ремонттон өтүп жаткан М. Алыбаев атындагы жалпы билим берүүчү  мектептин астыңкы кабатынын  бир корпусун окуу борборуна беребиз, дешкен.  Эгерде имарат чоң, класстары кенен болсо, биз инклюзивдүү балдар менен иш алып барууну да колго алат элек. Биздин райондогу ар бир мүмкүнчүлүгү чектелген бала көңүл сыртында калбай, бир нерсе менен алек болушу керек деп ойлойм. Бул оюмду ишке ашыруунун аракеттерин колумдан келишинче кыла берем.

-Учурдагы жайкы каникул убагында борбордун ишмердүүлүгү кандайча уланып жатат?

-Окутуу борборлорунун жакшы иштей турган убагы — бул жайкы эс алуу мезгили. Балдардын бош убактысы көп болгондуктан, жаңы окуу жылы башталганга чейин ата-энелер баладагы жетишпеген көйгөйлөрдү чечип, ар кандай курстарга берүүнү пландашат. Биз иштеп баштагандан бери байкаганым, мектепте окуу болуп жаткан убакта балдар кошумча курска келгенде окуусунан алагды болуп калат экен. Андыктан, жайында толук кандуу иштегенге аракет кылып, англис тили жана мектепке даярдоо курстарын баштадык.  Азыр дагы бир чоң көйгөй — балдардын кыргыз тилинде жакшы сүйлөй албаганы. Балдар тили чыкканда эле телефондо көп отургандыктан, тилдери орусча же англисче чыгып жатат. Бизге көп ата-энелер “кыргыз тилин үйрөтүп бергиле” деп кайрылып жатышат. Андыктан, улуттук нарк менен айкалыштырып, кыргыз тилин үйрөтүү курстарын да киргизели деген максат бар. Азыр ата-энелер эртеден-кечке жумушта болушуп, баласында кандай көйгөй бар экенин байкабай жүрө беришет. Биздин алдыбызга келгенде гана баладагы жетишпестиктерди байкашып, “ырас алып келген турбайымбы” дегендер да болуп жатат. Учурда  окуу борборунда 30га жакын окуучу билим алып жатат. Жакынкы күндөрү 50-60 окуучуну окутууга мүмкүнчүлүгүбүз болот.  Бирок, кадр маселеси да кыйынчылыкты жаратууда. Окуу борборубузга дефектолог- логопед жетишпей турат. Ошондой эле заманбап англис тилин мыкты билген мугалим табуу да кыйын экен.

Мен азыр биздин борборго кызматка ала турган мугалимдерге сөзсүз билим берүүнүн эң акыркы инновациялык ыкмалары боюнча билим алып келиши керек, деген талапты коюп жатам. Анткени кадимки мектептен 30 жылдык тажрыйбасы болгон күндө да окуу борборуна келип иштөө таптакыр башка тажрыйбаны, балдарга башкача мамилени талап кылат. Бул жерден айта кетпесем болбойт, мен да өзгөчө баланын энесимин. Баламдын кичинекей кезинде мугалими “балаңды атайын мектепке беришиң керек”  дегенде атасы экөөбүз ал сунушка макул болбой койгонбуз. Бала ал жактан кандай болуп калат деп күмөнсүнүп, өзүбүздүн жаныбызда эле чоңоюп, тамга таанып, буту-колу иштеп турганына шүгүр кылганбыз. Мен ошол кезде баламды апама берчүмүн, ал аны жанында алып жүрүп, көп нерсени үйрөткөн эле. Негизи Жумгал районуна атайын инклюзивдүү балдар менен иштөө үчүн өзүнчө борбор керек. Биздин борборубуздун компетенциясына азырынча инклюзив балдарды окутуу кирбейт, ал үчүн өзүнчө лицензия алышыбыз зарыл. Учурда ата-эне менен түзгөн келишимдин негизинде баланы оорудан айыктырып жибербесек да, таптакыр үйдө камалып, коомдон четтеп калгандан көрө бир саат болсо да балдарга аралашып, жашоодо эң керектүү болгон сөздөрдү, иш-аракеттерди үйрөнүп алсын деген максат менен окутуп жатабыз. Ата-энелер да ушуга макул болушуп, балдарын алып келип жатышат.

ЖУМГАЛДАГЫ АЛГАЧКЫ БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУИнклюзивдүү балдардын акыл-эси толук балдарга караганда аракети күчтүү болот, ар бир нерсени кунт коюп угуп, ошону үйрөнүп алганга аракет кылышат. Мындай өзгөчө балдардын ичинде катылып жаткан бир таланты да болот. Ошолорду ачуунун үстүндө иш алып баруучу атайын окуу борборлору абдан керек.

 Учурда Арал,  Байзак, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айылдарынан  келип окуп жаткан балдар бар. Жайкысын көпчүлүгү бош болгондуктан, алыскы айылдардан келип окушса да болот. Айылдык окуучулар үчүн билимге болгон талпынуунун азайып кетишине айылдагы тиричилик түйшүгү да чоң таасир этет. Улам бала чоңойгон сайын ата-эне оор жумуштарга тарта баштайт да, окуусу экинчи планда калып калат. Учурда балдардын көпчүлүгү түнү менен телефондо отуруп, эртең менен сабак окууга таптакыр көңүлү жок болуп калып жатат. Ошондуктан ар бир балага жекече мамиле кылып, ар биринин ичинде катылып жаткан жөндөмдүүлүгүн ачуу үчүн жеке мектепте окуткан жакшы деп ойлойм.

Кабыл Макешов, 

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңиген ишмер, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер