ЖРТнын ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭМНЕДЕН КӨЗ КАРАНДЫ?

  • 19.07.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын жыйынында министр Каныбек Иманалиев республика боюнча ЖРТдан 110дон жогору жана андан аз балл топтогон бүтүрүүчүлөрдүн он пайыздык тизмегин жарыялады.

ЖРТнын ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭМНЕДЕН КӨЗ КАРАНДЫ?

Анда ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жогору балл топтогон бүтүрүүчүлөр Бишкек шаарында 79.10% түзсө, Талас шаары 73.70%, Каракол шаары 70.30%, Токмок шаары 69.80%, Майлуу-Суу шаары 68.60%, Ош шаары 65.10%, Токтогул району 60.50%, Кара-Кулжа району 60.50%, Кызыл-Кыя шаары 60.20%, Жалал-Абад шаары 60.10% экени белгилүү болду.

ЖРТнын ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭМНЕДЕН КӨЗ КАРАНДЫ?

Ал эми 110дон аз балл алган бүтүрүүчүлөр Ысык-Көл районунда эң көп 46.80% менен катталса, Манас району 46.60%, Ак-Суу району 45.70%, Таш-Көмүр шаары 45.50%, Кадамжай району 44.70%, Жумгал району 44.20%, Панфилов району 44.0%, Сүлүктү шаары жана Лейлек району 43.90%, Кемин району 43.70%, Өзгөн району жана Өзгөн шаары 42.30% болду.

ЖРТнын ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭМНЕДЕН КӨЗ КАРАНДЫ?

Ысык-Көл району ЖРТнын жыйынтыгы боюнча 110 баллдан аз алган бүтүрүүчүлөрдүн пайыздык тизмегинде 46.80% менен биринчи орунга чыкты.  Мындан улам, Ысык-Көл району эмне үчүн мындай көрсөткүчкө ээ болду деген суроо жаралбайт койбойт. Бул тууралуу  Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Зинагүл Сулаймановага кайрылдык. Бөлүм башчынын айтымында, мыкты окуучулар чет өлкөлүк окуу жайларга тапшыргандыктан, ЖРТга катышууга муктаждык болгон жок. Мындан сырткары, пандемия убагындагы окууга тоскоолдуктар, ЖРТ дагы тапшырмалардын мектеп программасына туура келбегендигинен улам жакшы жыйынтыкка жеткен жок.

— Быйылкы жылы 832 бүтүрүүчү ЖРТга катталган. Мыкты окуган окуучуларыбыздын көбү жалпы республикалык тестирлөөгө чейин эле Россия, Казакстан ж.б чет өлкөдөгү окуу жайларына тапшырып, студент болушту. Окуучулардын төмөн балл алгандыгынын бир нече себеби бар. 2020-2021-жылдары пандемия убагында бир жарым жылдай окуубузга тоскоолук болуп, жыйынтыгында, билим берүү сапаты начарлаганын баамдадык. Бүтүрүүчүлөр менен маектешсек, тесттин тапшырмалары абдан оор экендигин, мектеп программадан сырткары экендигин баса белгилешти. Биздин район боюнча Алтын сертификат алган окуучулар да, Алтын тамга ээлери да бар. Мисалы, Ысык-Көл кыздар лицейинен бир окуучу Алтын сертификатыа, А. Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын бир окуучусу Алтын тамгага ээ болду. Район боюнча он бир бүтүрүүчү 200 дөн жогору балл алган, — деди Зинагүл Сулайманова.

Бөлүм башчынын айтымында, былтыркы көрсөткүч боюнча эң жогорку балл 223 болгон. Окуучулардын билим сапаты жалпы республикалык тестирлөөдө 56% көрсөткөн.

2023-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай топтоп, «Алтын сертификат» алуу укугуна ээ болгон 54 окуучунун 39ун Бишкек шаарындагы мектептерде билим алган окуучулар түздү. Белгилей кетчү жагдай, 2023-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай алган окуучулардын көпчүлүк бөлүгү жеке менчик мектептерде билим алгандар. Мисалы,  Е. Б. Якирдин атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин жети бүтүрүүчүсү жогорку упайга ээ болду.

  • Бишкек шаары, №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси;
  • Бишкек шаары, Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы орто билим берүүчү мектеби;
  • Бишкек шаары, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекс;
  • Бишкек шаары, №12 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Бишкек шаары, “Келечек” билим берүү комплекси;
  • Ош облусу, Ош шаары “Сема” Ош лицейи;
  • Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи;
  • Бишкек шаары, №9 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Бишкек шаары, №13 мектеп-гимназиясы;
  • Бишкек шаары, А.Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Бишкек шаары, А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы;
  • Бишкек шаары, №25 жалпы орто билим берүүчү мектеби;
  • Бишкек шаары, №31 мектеп-гимназиясы;
  • Бишкек шаары, №33 мектеп-гимназиясы;
  • Бишкек шаары, №66 “Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби ” гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Бишкек шаары, №67 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Бишкек шаары, К.Бобулов атындагы №88 жалпы орто  билим берүүчү мектеби;
  •  Бишкек шаары, “Айчүрөк” Бишкек лицейи;
  • Бишкек шаары, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи;
  • Бишкек шаары, “Ыйык Апостоль князь Владимир мектеби” билим берүү мекемеси;
  • Бишкек шаары, “Маариф” билим берүү комплекси;
  • Бишкек шаары, “Эврика” гимназия билим берүү комплекси;
  • Бишкек шаары, “Гарвард Интернейшнл Скул” окуу-тарбия комплекси;
  • Бишкек шаары, “Газпром Кыргызстан” мектеби;
  • Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, “Билимкана- Жалал-Абад” орто мектеби;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи;
  • Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чок-Тал айылы, З.Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейи;
  • Нарын облусу, Ак-Талаа району, Кош-Дөбө айылы, Э.Мейманов атындагы орто мектеби;
  • Нарын облусу, Ат-Башы району, Кызыл-Туу айылы, К.Керималиев атындагы орто мектеби;
  •  Ош шаары, №4 С.Киров атындагы орто мектеби;
  • Ош облусу, Кара-Суу району, А.Сматов атындагы орто мектеби;
  • Талас облусу, Талас шаары, Э.Айылчиев атындагы №7 орто мектеби;
  • Талас облусу, Талас шаары, “Мээрим-Себат” Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицей;
  • Чүй облусу, Жайыл району, Ново-Николаевка айылы, Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүүчү лицейи;
  • Чүй облусу, Кара-Балта шаары, “Билимкана-Кара-Балта” мектеби.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 51 миң 73 адам катышса, анын 58,3% 110 баллдан жогору алды. Максималдуу көрсөткүчү – 236 упай, эң азы – 29 упай, орточо – 121,8 упай болду. ЖТРдан 97 балл алган Жаныбек кызы Айзирек Чаткалдын Айгыр-Жал айылында билим алган. Бүтүрүүчүнүн айтымында, ЖРТ дан жогорку балл алуу максатында жеке менчик кошумса даярдоо курстарынын биринде атайын айылдан келип, бир ай окуган. Тилекке каршы, анда да каалаган жыйынтыкка жеткен жок. Анткени, ЖРТдагы тапшырмалардын көпчүлүк бөлүгү мектеп программасына туура келбейт.

  • ЖРТдан жогору балл алуу үчүн атайын борборго келип окугам. Тест учурунда мектеп программасынан башка дагы көп суроолор келди. Аларга окшош тапшырмаларды жеке менчик борбордо окуп жатканда кездештиргем, бирок, жаңы программа болгондугуна байланыштуу бир ай окуу жетишсиз экен. Негизи биздин айылда даярдоо  курстар жок, бир гана мугалимдер даярдашат. Классташтарымдын арасында кошумча окууну каалагандар көп болгон. Шаарга чейин келип окуганга кээ бирлеринин шарты жок дегендей. Ошол себептен айыл жергесинде дагы  ЖРТга даярдоо курстары ачылса, жакшы жыйынтыкка жетмекбиз деген ойдомун, — дейт Айназик.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер