ЖРТнын КҮҢГӨЙҮ ЖАНА ТЕСКЕЙИ

  • 22.05.2023
  • 0

ЖРТнын КҮҢГӨЙҮ ЖАНА ТЕСКЕЙИ

2002-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл 47 миңден ашуун абитуриент катышат. ЖРТ – абитуриенттер үчүн жогорку окуу жайына тапшыруу мүмкүнчүлүгү. Бул алар үчүн оңой сыноо эмес. Алардын канча пайызы босого баллдан өтө алат?

НЕГИЗГИ ТЕСТТИН СУРООЛОРУНА ТОЛУК ЖООП БЕРГЕН АБИТУРИЕНТ БОЛО ЭЛЕК

Акыркы алты-жети жылдарды салыштырсак, тестке катышуучулардын саны дээрлик бирдей эле. Ошого карабастан окуучулардын билим деңгээлинин укмуш өсүп кеткени деле байкалган жок. Коомчулуктун көпчүлүгү буга себеп катары тестте мектеп программасынан алысыраак суроолор берилет деп эсептешет. Жада калса, бул маселе Жогорку Кеңеште да депутаттар тарабынан бир канча жолу көтөрүлгөн. Алар: жакшы окуган, башкаларга үлгү болуп жүргөн окуучулар тесттен өтпөй, начар окуп жүргөн балдар босого баллдан өтүп кетип жатышат, мунун себеби эмнеде? Бул нерсе жакшы окуган окуучулардын билимге болгон кызыгуусун жоготуп койбойбу? Тестте канча пайыз мектеп программасындагы суроолор берилет? — деген суроолорду айтышкан. Бирок ББОУБнун директору Чынара Батракеева мындай ойлорго кошулбайт. Анын массалык маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде, ЖРТ – билимдүү, ой жүгүртүүсү мыкты окуучуларды иргеп алуучу эң жакшы ыкма экенин баса белгилеп, ошондуктан 20 жылдан ашуун убакыттан бери өз ишин кынтыксыз аткарып келе жатканын айткан. Тест мектеп программасындагы суроолор менен түзүлүп, болгону көбүнесе логикага басым жасаларын билдирген. Кээ бир окуучулар мектепте мугалимдердин түртмөлөгөнү менен же тартиптүү жүрүм-туруму үчүн деле жакшы баа алып жүрүшөт. Ал эми ЖРТ бардык катышуучуларга бирдей шарт түзүп берет, ал жерде кимдин мээси жакшы иштеп, логикасы күчтүү болсо жакшы жыйынтык көргөзөт. Балдардын жарымынан көбү ЖРТга 11-класстан баштап даярданышат. Окууну бүтөөрдө даярдыкты баштагандар он бир жылдык программаны кантип бир жылда кайталап бүтө алат? Демек, ЖРТны ийгиликтүү тапшыруу үчүн, мектептеги окуу жылдарынын бардык аралыгында көңүл бурулушу керек. Арадан канчалаган жылдар өтүп, ар тараптуу билим алуу шарттары түзүлүп жатканы менен ЖРТдан жакшы жыйынтык көргөзгөн окуучулардын санынын өсүүсү көп байкала элек. Абитуриенттердин 60% босого баллдан өтсө, калганы өтпөй калат. Тесттин суроолоруна толук түрдө жооп берген бир да учур каттала элек. Бардык суроолорго туура жооп берген абитуриент 245 упайга ээ болот. Учурда ЖРТнын тарыхындагы эң көп балл алган окуучу 2019-жылы бүтүргөн Элдияр Чормонов, ал 238 упай алган.

БИР КАНЧА ДИРЕКТОРГО ЭСКЕРТҮҮ БЕРИЛДИ

Ушул жылдын башы менен билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жети облусту кыдырып, ар бир аймактын билим берүү деңгээлин салыштырып, кээ бир райондук билим берүү башчыларынын жана мектеп директорлорунун кызматтык ордун кароо, айрым директорлорго эскертүү жана сөгүш берүү тууралуу чараларды көрдү. Буга эмне себеп? Албетте, ЖРТда босого баллдан өтпөй жаткан окуучулардын санынын көптүгү жана кээ бир мектептердин таптакыр ЖРТга катышпагандыгы буга негиз болду. Министр жалпы республикалык тестирлөө бир канча жылдан бери өтүп келе жатканы менен тест тапшырган окуучулардын дээрлик жарымы босого баллдан өтпөй жатканы абдан өкүнүчтүү жагдай экенин белгиледи. Ошондой эле статистика боюнча башка аймактардан артта калган Чүй жана Жалал-Абад облустарынын бир канча райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына жана мектеп директорлоруна эскертүү берип, бир катар тапшырмаларды берди.

ТӨЛӨМ ӨЗГӨРДҮ, ЭРЕЖЕЛЕР ӨЗГӨРГӨН ЖОК

Бир канча жылдан бери өтүп келе жаткан ЖРТнын төлөм акысы быйыл 100 сомго кымбаттап, бир предмет үчүн 470 сомду түздү. Бул баа өлкөдөгү инфляцияга байланыштуу болгонун ББОУБнун директору Чынара Батракеева билдирди. Анын айтымында, эрежелер эч кандай өзгөргөн жок. Тапшырмалардын мазмуну дагы мурдагыдай эле. Абитуриенттер толкунданбай кунт коюп тапшырса, өтө деле кыйынчылыгы жок.

ЖРТга ДАЯРДАГАН МЕКЕМЕЛЕР

Жаңы окуу жылы башталаары менен эле ЖРТга даярдайбыз, 100% кепилдик, деген өңдүү жарнамалар социалдык тармактардан жыбырап чыга баштайт. Алардын кээ бирөө чындап эле мыкты мугалимдерди топтоп, тестирлөөгө тереңирээк окутуп даярдашса, көбүнчөсү эптеп эле акча тапмайдын айласын кылышат. Курс окутуп, кошумча билим берүү үчүн мекемелер атайын министрликтин лицензиясын алышат. Алар маал-маалы менен министрлик тарабынан текшерилип турат, ал жакта жогорку билимдүү дасыккан педагогдор билим берет. Бирок интернеттин, телефондун жардамы менен онлайн окутуу деген түшүнүк пайда болуп, көпчүлүк бүтүрүүчүлөр ушул өңдүү жеңил акча тапкандарга азгырылып калышууда. Маселен, мурунку жылдын алтын сертификат алган бүтүрүүчүсү окуучуга эң жогорку балл алгандын жолдорун үйрөтөм деген өңдүү жеңил жарнама менен абитуриенттерди кызыктырышат. Бирок былтыр бүткөн окуучу башкаларга билим бере алабы? Өзүң окуп үйрөнгөн башка, бирөөгө үйрөтүп билим берген башка маселе да. Ата-энелер дагы балдарын кайсы бир кошумча билим берүү мекемесине жиберип жатканда, ал мекеменин иш тажрыйбасына, лицензиясына, сабак берген мугалимдерине көңүл буруп анан окутушса, балдарынан жыйынтык жакшырак чыгар эле…

Фархат КАНЫБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер