ЖРТдан ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАНДАР: ҮЧ БҮТҮРҮҮЧҮНҮН ИЙГИЛИГИ
- 08.07.2025
- 0
Быйыл өлкө аймагында мектеп бүтүрүүчүлөрү тапшырган Жалпы республикалык тесттин сапаттык көрсөткүчү мурдакы жылдарга салыштырмалуу эң жогору болду. Эң жогорку упай алган элүүдөн ашык бүтүрүүчүгө Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Алтын сертификат” жана баалуу белектерди салтанаттуу кырдаалда тапшырды. Быйыл да “Алтын сертификат” алгандардын басымдуу бөлүгү шаарда жана менчик мектепте окугандар болду. Алардын айрымдары менен байланышып, кандай даярдык көрүшкөнүн, кайсы окуу жайларга тапшырып жаткандарына кызыгып көрдүк.
Лицейдеги мээнети акталган Санжар
“Алтын сертификат” алгандардын бири Жалал -Абад облусу боюнча эң жогорку упай алган окуучу Санжар Садырбеков. Ал Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад балдар лицейинин бүтүрүүчүсү. Атасы Садырбек Пусуров күч органдарынын ардагери. Апасы Күлүмкан Көкүмбаева Жалал-Абад мамлекеттик университетинде мугалим. Санжар үч бир туугандын кенжеси. Улуу эжеси Зарина ЖАМУда чет өлкөлүк студенттерге медицина боюнча сабак берип иштейт. Агасы Алишер Бишкектеги Политехникалык университетте геолог адистиги боюнча үчүнчү курста окуп жатат.
Санжар тест тапшырууга кандай даярдык көргөнүн, мээнет кылып “Алтын сертификатка” ээ болгонун, чет өлкөлөрдөгү окуу жайларга тапшырууга ниет кылып жатканын “Кут Билим” медиа борборуна мындайча айтып берди.
“ Мен 10-класстын акыркы чейрегинен баштап ЖРТка даярданууну баштагам. 11-класста көңүлдүн баарын бурдум. Жыйынтыгында жогорку упай топтой алам деп ойлогон эмесмин. Сынак тесттерде 212-229 упай алып жүрдүм. ЖРТга даярдоочу курстар жакшы маалыматтарды берерин билгем. Бирок лицейде эле даярданууну туура көрдүм. Cебеби, 8-класстан баштап информатика багытындагы класста окудум. Каникул күндөрү лагер уюштурулуп, максаттуу даярдык көрдүк. Кошумча тесттерден англис тилинен 145, математикадан 128 упай алдым.
“Алтын сертификатка” ээ болгондон кийин Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кабыл алып, куттуктап, акчалай сыйлык берди. Эми Жалал-Абад облусунун жетекчиси дагы кабыл алганы турат. ЖРТга даярдык көрүүгө салым кошкон лицейдин жетекчиси Жеңиш Байзаковго, анын орун басарлары Эркин Маматкулов менен Анваржон Тиллаевге, орус тили мугалимим Мавлюда Бахавадиновага, жалпы жамаатка ыраазычылык билдирем. Сингапурда же Дубайдагы жогорку окуу жайларга жасалма интеллект адистиги боюнча тапшырайын деп камылга көрүп жатам. Чет өлкөдө билим алып келип, туулуп-өскөн Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө салым кошсом деген тилектемин.
Апасы алдыга сүрөгөн Касиет
“Алтын сертификатка” ээ болгондордун бири Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №11 орто мектепти кызыл аттестат менен бүтүргөн Касиет Догдурбаева Бишкектеги Борбордук Азия Эл аралык Университетинин программалык инженерия бөлүмүнө тапшырып, сынактан өтүп, окуу жайга кабыл алынды.
— Математика боюнча шаардык жана облустук олимпиадада биринчи орунду алып, республикалык турда байгелүү орунга илинбей калганда, көңүлүм чөгүп капа болуп, эч нерсе окугум келбей калган. Көп убактым олимпиадага даярдык көрүүгө кетип калды. Бул учурда апам мага колдоо көрсөтүп: «Кызыл аттестат алганы турасың, эми тоонун туу чокусуна жетейин деп калганда маанайыңды чөгөрбө. Билим алуу -ийне менен кудук казгандай. Кайраттан, ЖРТ сынагында жыйынтыгың жакшы болот» деп мени күчтөндүрдү. Менин “Алтын сертификат” алам деген максатым да бар эле. Ошондуктан “Secom” билим берүү борборундагы даярдоо курстарына барып даярдандым. Себеби, сынак тест тапшырууда упайларым улам жогорулай баштаган эле. Алгач 173төн башталып, 200-206-2012 упайлар болсо, акыркысында 225 болуп, бир-эки упай менен «Алтын сертификатка» жетпей калбасам экен деп сары-санаа да болдум. Жыйынтык чыккан күнү апам экөөбүз Бишкекте элек, “Secom” окуу борборунунан телефон чалганда, «жогорку упай алдым го» деп ойлондум. Алар мага 233 упай алып «Алтын сертификатка» ээ болгонумду айтканда абдан сүйүндүм. ЖРТга даярдоочу “Secom” окуу борборунун мугалимдери Эдиса Исламбекова, Гүлнара Шакенова, Гүлмира Темирбекова эжейлериме терең ыраазычылык билдирем. Өзүм билим алган мектептин жалпы жамаатына, мугалимдерим Дилбара Нурдиновнага жана класс жетекчим Клара Шамилевага ыраазымын. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев кабыл алып куттуктап, ноутбук белек кылды. Каракол шаарынын мэриясы дагы куттуктады. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович кабыл алып, 100 миң сом акчалай сыйлык берди, — дейт Касиет Догурбаева.
Касиеттин атасы Улан Ишенбаев-инженер, апасы- Нурмира-бухгалтер болуп иштейт. Улуу эжеси Акбийкем Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын 3-курсунун студенти. Кичүү сиңдиси Керемет 6-класстын окуучусу. Касиет искусствого да кызыгып, бий ийриминин активдүү мүчөсү катары маданий иш-чараларга да катышып жүрөт.
Фермердин кызы Акмарал
ЖРТда Нарын облусу боюнча эң жогорку 232 упай алып, чемпион болгон Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү орто мектебин кызыл аттестат менен бүтүргөн Акмарал Азаматова бош убактысын китеп окуу жана сүрөт тартуу менен өткөрөт. Ал дагы Бишкектеги Борбордук Азия Эл аралык Университетинин программалык инженерия бөлүмүнө тапшырып жатат. Акмарал дагы ЖРТ жылдызын жандырганын, 8-класстан баштап эле сынак текст тапшырып, улам упайлары жогорулаганын, 2 жолу Бишкектеги “Secom” курсунун күзгү жана жазгы интенсивдерине катышканын, ишкер жердештери мектебине “Mercedes-Benz Sprinter” унаасын белекке беришкенин айтып берди.
-Мен ЖРТга 10-классты бүтүп жатканда даярданып баштадым. Жайкы каникулда өз алдымча математика жана орус тили сабактарынан даярдандым. Анан сентябрдан баштап, мектептен эжейлерим менен, үйдөн өз алдымча 3-4 саат даярдык көрдүм. Бишкектеги “Secom” курсунда мага Канат агай, Шарбат жана Анастасия эжейлер абдан жардам беришти. Сынак тесттердеги жыйынтыктарым 162, 178, 198, 204, 209, 215 болуп өсүп баштады. ЦООМОнун тесттери менен даярдануу мага абдан жардам берди. Себеби жыйынтыктар пайыз менен келет жана өзүңдүн кайсы темалардан аксап жатканынды билип, каталыктарды оңдоого болот. Бул жетишкендигиме орус тили мугалимим Касымалиева Айнура Айталиевнага, математика мугалимдерим Мамытбекова Саткын Мамытбековнага, Асанова Жанара Мухамеджановнага жана мектебимдин бардык мугалимдер жамаатына терең ыраазычылык билдирем. Алардын колдоосу менен мен өзүмө ишенип баштадым. Алардын ар бир кеңешин угуп жатып, ушул ийгиликке жетиштим деп ойлойм.
Атам Азамат Кадыров-жеке фермер болсо, апам Асел Чынасылова өзүм окуган мектепте башталгыч класстардын мугалими. Апам менин биринчи мугалими болуп, билим фундаментин түптөп бергенин жогору баалайм. Улуу агам Жаныбек Электр станциясында иштесе, эжем Акылай “Элдик” банкта иштейт. Анан дагы китепти көп окуганым дагы ЖРТны жакшы тапшырууга өбөлгө болду. Себеби, китепти көп окуу эс тутумду курчутат, акыл- эсти машыктырып, логиканы өстүрөт. Жана сүрөт тартканды дагы жакшы көрөм. Бул өнөр мага таятаман келген. Таятам өзү сүрөтчү болчу. Жана үйүндө өздүк китепканасы бар эле. Ошондон улам менде дагы китеп окуу менен сүрөт тартууга кызыгуум пайда болгон. Ошондой эле чет тилдерин үйрөнүүгө дилгирмин. Англис тилин жакшы билгендиктен ЖРТда кошумча 143 упай алдым. Англис тилинен олимпиадага катышып, биринчи жана экинчи орундарды жеңип алган элем. Буга мен класс жетекчим жана англис тили сабагынан берген мугалимим Бааркүл Сабырбековнага ыраазычылык билдирем. Мен 4-классымдан баштап англис тили боюнча олимпиадага катышып, алгач ирет Борбордук Азия Эл аралык Университетине баргам. Ошол кезде «Мен бул жерде окушум керек» деген ой пайда болгон. Эми ошол максатымды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болгону турат,-деди Акмарал Азаматова.
Дагы бир жагымдуу жаңылык. 1-июлда Кочкор айылында Акмаралдын ийгилигин белгилеген салтанаттуу иш-чара өтүп, «Кочкор Биримдиги» жана «Кочкор Прогресс» коомдук бирикмелери Нарын облусу боюнча эң жогорку балл алган окуучу катары 1000 АКШ долларын акчалай сыйлык катары тапшырып, анын орус тили жана математика мугалимдериме 250 АКШ долларынан акчалай сыйлык катары ыйгарышты. Ошондой эле Акмаралдын ийгилигинин аркасы менен мектепке “Mercedes-Benz Sprinter” унаасын белекке беришти.
Бүтүрүүчүлөргө дем берүү үчүн аймактарда шыктандыруучу кошумча аракеттер да көрүлө баштады. Жер жерлерде мыкты көрсөткүчкө жеткен окуучуларга автоунаа ыйгаруу, акчалай сыйлык берүү жылдан жылга көбөйүп бара жатат. Мунун баары аймактагы билимдин сапатын арттыруу максатын көздөп, активисттер, жергиликтүү жетекчилер, ишкерлер көтөрүп чыккан демилгелер.
Жалпы республикалык тест сынагы Кыргызстанда 23 жыл мурун коррупциядан арылуу максатында таза жол катары киргизилген. Бул жагынан ал Борбор Азиядагы эң ийгиликтүү долбоор болуп макталууда. Бирок ага даярдануу шарттары айылдык, колунда жок үй-бүлөлөрдүн балдарына анча жеткиликтүү болбой келатат.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”
Комментарийлер