ЖРТ: ӨЗҮНҮН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИН ОКУУЧУЛАР МЕНЕН БИРГЕ ТЕКШЕРГЕН ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ

  • 30.06.2020
  • 0

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинде 19 жылдан бери математика жана информатика мугалими болуп эмгектенип келаткан Чынара Жакыпова жыл сайын Жалпы республикалык тестирлөөнүн сыноо тесттерине катышып, дайыма 200дөн жогору балл алат. Былтыр ЖРТнын расмий тестирлөөсүнө катышып, негизги предметтерден 207 балл, предметтик математикадан 134 балл алган. Жыл сайын окуучуларын ЖРТга даярдап келаткан мугалим өзүнүн билим деңгээлин текшерип көрүүнү чечкен. Алайлык мугалим Ч.Жакыпова менен байланышканыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди.

ЖРТ: ӨЗҮНҮН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИН ОКУУЧУЛАР МЕНЕН БИРГЕ ТЕКШЕРГЕН ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ

ЖРТ — айылдын карапайым балдары үчүн чоң мүмкүнчүлүк

2002-жылдан бери окуучуларды ЖРТга даярдайм. Алгач ЖРТдан чыккан окуучулардан эсинде калган маселелерин сурап жазып, ага типтеш материалдарды таап, кээде өзүм түзүп даярдап жүрдүм. Азыркы учурда Secom, Nova, Glocal окуу борборлорунун китептерин да кошумча пайдаланам.

Мен даярдаган окуучулардан көптөгөн математиктер, программисттер, врачтар, экономисттер чыкты. Биздин окуучулар шаардын окуучуларына жетпесе да райондун ичиндеги эң жогорку баллды камсыздап келатышат.

ЖРТ айылдагы карапайым үй-бүлөлөрдүн акылдуу, аракетчил балдары үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Өздөрүнүн аракети менен даярданып, бюджеттик орундарга гранттарды утуп алууга мүмкүнчүлүктөрү чоң.

Эмне үчүн катыштым?

Акыркы жылдары мен өзүм ЖРТга кирүүгө кызыктым. Бир нече жолу Secom окуу борборунун сынак тесттерине, андан соң 2019-2020-окуу жылынын аягында чыныгы ЖРТга катыштым. Мен окуучулардын тест учурундагы абалын өзүм да сезгим келди. Ошондой эле өз билимимди, убакытты пайдалануу мүмкүнчүлүгүмдү сынадым. Негизги тесттен 207 балл, кошумча математикадан 134 балл алдым. Тест учурунда толкундандым, шаштым. Андыктан окуучуларга көбүрөөк сынак тесттерге кирүүнү сунуштайм. Ошондой эле өзүмдүн балам менен билим деңгээлимди салыштырып көрүүгө кызыктым. Менин улуу уулум 210 балл алган. Кошумча тесттен 148 балл алды. Балама жеткеним жок. Бирок жыйынтык жакшы болду деп ойлойм. Чоң уулум Жамалидин уулу Тойчубек азыр Раззаков атындагы университетинде магистратурада окуйт. Университетти кызыл диплом менен аяктады.

ЖРТ байлардын эмес, карапайым үй-бүлөнүн балдарына мүмкүнчүлүк түзөт

ЖРТ байлардын эмес, дыйкан, мугалим сыяктуу кадимки көпчүлүктүн балдарына жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. ЖРТ ишке кирген 2002-жылдан баштап окуучуларды тестке даярдап келем. Башында 1-2 эле окуучуну даярдагам. Жыл сайын көбөйүп отуруп, азыр жалпы класс боюнча эле даярдап калдым. Кошуна мектептен да келип, даярданып жүрүшөт.

ЖРТ: ӨЗҮНҮН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИН ОКУУЧУЛАР МЕНЕН БИРГЕ ТЕКШЕРГЕН ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ

ЖРТнын окуучуларга пайдасы тиерине аябай ишенем. Себеби мен даярдаган окуучулар эч кимге салам айтып, тааныш-билиш издебей эле өзүнүн эмгегинин натыйжасында, өздөрүнүн билими менен окууга өтүп жүрүшөт.

Былтыр окуучуларым Кенжебаев Бекболсун негизги тесттен 199 балл, математикадан 94 балл, Алпаизова Айзат негизги тесттен 194 балл, математикадан 109 балл, Таирбекова Рахима негизги тесттен 189 балл, математикадан 94 балл алышты. Быйыл да көптү үмүттөндүргөн окуучуларым бар. Буюрса, жакында алардын да ийгиликтери билинет.

ЖРТ менен бирдикте окуучуларды олимпиадаларга да даярдап келем. Былтыр Таирбекова Рахима математикадан райондон 1-орун, облустук турда 3-орунга жетишти. Быйылкы окуу жылында Жамалидин кызы Айгүл райондо 1-орун, облустук турда 1-орунга жетишти.

Менталдык арифметикадан окуучум Жээнбеков Иляз Глокал окуу борбору өткөргөн олимпиаданын облустук турунан 1-орунду ээлеп, 2019- жылы июнда Ысык-Көлдө өткөрүлгөн эл аралык олимпиадага катышып 2-орунга ээ болду.

ЖРТ: ӨЗҮНҮН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИН ОКУУЧУЛАР МЕНЕН БИРГЕ ТЕКШЕРГЕН ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ

Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен КРСУга өттүм

ЖРТнын жыйынтыгы чыккан соң, КРСУга тапшырып, программалоо боюнча бюджеттик орунга биринчи болуп өттүм. Бирок азыр балдарым, жумушум бар дегендей, күндүзгү окуу үчүн менде шарт жок. Жөн эле тест кандай болот, балдардын сезимдери, анан ушул тесттен алган балл менен окууга өтсө болобу деген кызыгуу менен эле тапшырып көргөм. Мен бирөөгө уят болуп калуудан коркпойм. Окуучумдан аз балл алып калам деп санааркабай, өз билимимди текшерип койдум. Тапшыруу үчүн адам өзүнө өзү ишеним керек. Кыргыз тилден начар болуп калсам, окуучуларымдан төмөн балл алып калам деген коркуу сезими болсо, мен тапшырмак эмесмин. Мен сынак тапшыргандан кийин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы башка мугалимдерди да өзүн сынап көрүүнү сунуштады. Алдын ала сыноо тесттин баасы капчыкка көп деле чыгым кетирбейт. Мугалимдер да жок дегенде сыноо тесттерине тапшырып көрүшү керек экен. Анткени, биринчиден, өз билимин сынап көрсө, экинчиден, балдардын сезимдерин жакындан билип, тестке даярданганга жардамы тиет.

Мугалимдик кесип мен үчүн баарынан артык

Менин башка кызматтарга өтүп кетүү мүмкүнчүлүктөрүм болсо да, окуучу менен түздөн-түз байланышкан жөпжөнөкөй мугалимдик кесипти артык көрөм. «Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей, өмүр бою мугалим болуп иштегеним үчүн сыймыктанам. Келечекте Кыргызстанды билимдүү, өз жумушунун майын чыгарып аткарган кесипкөй, өз мекенин сүйгөн патриот, чынчыл инсандар башкарышын каалайм. Ал инсандарды тарбиялоо милдети негизинен мугалимдерде. Мен жооптуу да, түйшүктүү да, кызыктуу да кесиптин ээси болгонума сыймыктанам жана ыраазымын.

ЖРТ: ӨЗҮНҮН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИН ОКУУЧУЛАР МЕНЕН БИРГЕ ТЕКШЕРГЕН ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ

Маалымат үчүн:

Чынара Жакыпова 1990-жылы Алай районундагы А.С.Макаренко атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1990-1995-жылдары Бишкектеги И.Арабаев атындагы КМУнун физика-математика факультетинде окуган. 1995-2001-жылдары Чон-Алай районуна караштуу Көк-Суу орто мектебинде математика, информатика мугалими, 2001-жылдан бери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Алайчы уулу Саит атындагы орто мектебинде математика жана информатика мугалими болуп иштеп келе жатат. 2011-жылы Билим берүү жана илим министринин Ардак грамотасы, 2013-жылы «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланган. Төрт уул, эки кыздын бактылуу энеси.

Даярдаган Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер