ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун графиги

  • 19.12.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды окуу жылынын ичинде эки жолу Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу механизми иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу абитуриенттерди окуу акысын төлөө келишими (контракт) боюнча гана тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча кышкы кабыл алуу үчүн ЖОЖдордун жана багыттардын тизмеси https://2020.edu.gov.kg/ сайтына жайгаштырылды. Ал эми чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын ЖОЖдоруна кабыл алуу https://edugate.edu.gov.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Кышкы кабыл алуунун алкагында ЖРТнын жыйынтыктары боюнча конкурстук тандоо 2024-жылдын 23-декабрында башталып, төрт турда өтөт.

1-тур: 23-28-декабрда өтсө, 2-тур: 13-18-январда, 3-тур: 20-25-январда, 4-тур: 27-январдан 1-февралга чейин уланат.

2024-жылы өткөрүлгөн ЖРТнын жыйынтыктары кышкы кабыл алуунун алкагында сынакка катышуу үчүн жарактуу.

Кышкы жана жайкы кабыл алуу эрежелери бирдей.
Порталда өзүнүн жеке кабинетин каттоо жана ачуу, ошондой эле конкурстук тандоого катышуу боюнча нускама https://2020.edu.gov.kg/ сайтына жайгаштырылган.

Бөлүшүү

Комментарийлер