ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ: 822 ТАЛОН КАТТАЛЫП, 590 АБИТУРИЕНТ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

  • 31.01.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга келишимдик негизде окуу үчүн кышкы кабыл алуу аяктагандыгын маалымдайт.

ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ: 822 ТАЛОН КАТТАЛЫП, 590 АБИТУРИЕНТ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Кышкы кабыл алууда жалпы IV турдун жыйынтыгы менен 822 талон катталып, 661 абитурент катышты. Анын ичинен 590 абитуриент жогорку окуу жайларына кабыл алынды.

Төмөндөгү тизмеде кайра чакыртылып алынган талондор эске алынган жок, андыктан сандарда айырма болушу мүмкүн.

ЖОЖго тапшыруу жөнүндө арыз берген абитуриенттердин саны:

  • Ош мамлекеттик университети – 148,
  • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 120,
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 87,
  • К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – 30,
  • М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 29,
  • Туризм академиясы – 27,
  • Баткен мамлекеттик университети – 24,
  • Кыргыз-Россия билим берүү академиясы – 18,
  • Эл аралык медициналык университети – 14,
  • Талас мамлекеттик университети – 14,
  • Борбор азиядагы Америка университети – 10,
  • М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети – 9,
  • Адам университети – 9,
  • Эл аралык инновациялык технологиялар университети – 9,
  • К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 8,
  • Борбордук Азиядагы Эл аралык университет – 8,
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы – 7,
  • Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Ѳзбек Эл аралык университети – 7,
  • Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети – 6,
  • Санариптик инновациялык академиясы – 3,
  • А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети – 2,
  • К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети – 1,
  • Экономика жана финансы институту – 1,
  • Кыргыз-Казак университети – 1.
Бөлүшүү

Комментарийлер