ЖОЖДОРДУН ПРОГРАММАЛАРЫНЫН ЖАҢЫ ЖАЗЫК ЖАНА ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК МЫЙЗАМДАРДЫН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫК КЕЛИШИНЕ МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

  • 14.09.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен түзүлгөн сот-укуктук реформага мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топ азыркы учурда «юриспруденция» багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарынын, окуу программалары менен жүгүртмөлөрүнүн жаңы жазык жана кылмыш-процесстик мыйзамдардын талаптарына ылайык келишине мониторинг жүргүзүүдө.

ЖОЖДОРДУН ПРОГРАММАЛАРЫНЫН ЖАҢЫ ЖАЗЫК ЖАНА ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК МЫЙЗАМДАРДЫН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫК КЕЛИШИНЕ МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

Сот-укуктук реформаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жаңы юридикалык кадрларды даярдоо зарыл, жалпы реформадан ЖОЖ системасы калып калбашы керек жана алар жаңы кодекстер менен мыйзамдарга шайкеш келген, актуалдуу билими болгон компетенттүү кадрлардын агымы менен камсыздап турушу керек.

Бул өңүттөн алып караганда Жазык, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу, кодекстери, Жоруктар жөнүндө кодекс, Бузуулар жөнүндө кодекс жана пробация жөнүндө мыйзам  сыяктуу мыйзамдуулуктун жазык-укуктук блогуна окутуу өзгөчө көңүл бурууга арзыйт.

Аталган мыйзамдар мурдагы кодекстерден түзүлүшү жана мазмуну боюнча бир кыйла айырмаланат. Аларда адам укуктарынын стандарттары жогорулап, мыйзамдарга гумандаштыруу, декриминалдаштыруу жана депеналдаштыруу өткөрүлгөн. Бул мыйзамдар пакетин кабыл алуу менен сот-укуктук системанын репрессиялык мүнөздөгү эски сот-укуктук маданиятынан кетүү белгиленген.

Ага ылайык, жаңы юристтер Кыргызстандын укуктук системасына киргизилген жаңы институттарды жакшы билиши жана түшүнүшү керек, ал эми юридикалык билим берүү системасы сот-укуктук системаны реформалоонун жалпы процессине интеграцияланышы зарыл.

Тилекке каршы, иш жүзүндө жаңы билим берүү стандарттарын өз маалында кабылдабаган, билим берүү системасынан артта калган учурлар бар. Турмушта пайдалануудан чыккан эски программалар жана эски кодекстер менен окуткан учурлар да бар.

Мындай маселелерди чечүү максатында окуу курстарынын жаңы кодекстерге шайкеш келүүсүн иликтөө үчүн эксперттик жумушчу топтун, илимий коомчулуктун, Президенттик Аппараттын, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топ 7-11-сентябрда ЖОЖ ректорлору менен жолугушуу өткөрүп, «юриспруденция» адистиги боюнча кадрларды даярдаган Бишкектин беш жогорку окуу жайына — ИИМ Академиясына, Кыргызстан эл аралык университетине, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетине, Б.Ельцин атындагы КРСУга жана Ж.Баласагын атындагы КУУга мониторинг жүргүздү.

Мониторингдин жыйынтыгында жумушчу топ тарабынан чечим кабыл алуучу жактарга баяндама даярдалат, сот-укуктук реформаны ишке ашырууга жогорку юридикалык билим берүүдөгү даярдыктарга жыйынтык чыгарылат, ошондой эле ЖОЖдордун юридикалык факультеттеринде билим берүүнүн мазмунун жакшыртуу боюнча тиешелүү сунуштамалар берилет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер