ЖОЖДОРДОГУ билим берүү маселелери талкууланды

  • 15.11.2024
  • 0

Кыргызстандагы Эразмус+ Улуттук кеңсесинин колдоосу менен “Жогорку билим берүү үчүн туруктуу өнүгүүнүн максаттары: Европалык тажрыйбаны изилдөө” темасында эки күндүк мастер-класс өттү.

ЖОЖДОРДОГУ билим берүү маселелери талкууланды

Иш-чарада өзгөчө көңүл ВКТУнун профессорлору Ольга Петрова жана Евгений Варавин тарабынан сунушталган “GREEN CAMPUS — GREEN UNIVERSITY: ВКТУнун жашыл стратегияга карай жолу” долбооруна, ошондой эле Мадина Юсубалиеванын “Билим берүүнү трансформациялоо: Erasmus+ аркылуу циркулярдык экономика жана туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө ТӨМдү киргизүү” аттуу докладына бурулду.

 

ЖОЖДОРДОГУ билим берүү маселелери талкууланды

 

Мадина Юсубалиева докладында Erasmus+ долбоорунун циркулярдык экономика жана туруктуу өнүгүү принциптерин билим берүү программаларына интеграциялоодо университеттерди колдоодогу ролун баса белгиледи.

Европадан жана Борбордук Азиядан келген эксперттер практикалык окууларды өткөрүп, катышуучуларга ТӨМдү окуу жайларга интеграциялоо үчүн зарыл болгон инструменттерди жана көндүмдөрдү тартуулашты.

ЖОЖДОРДОГУ билим берүү маселелери талкууланды

Программа илимий изилдөөлөр үчүн методологияларды түзүүнү, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн коомчулугу менен өз ара аракеттенүү стратегиясын камтыды. Спикерлердин арасында Испания, Финляндия университеттеринин өкүлдөрү жана БУУ менен ЮНЕСКОнун эл аралык уюмунун алдыңкы адистери болду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер