ЖОЖДОРДО ЖАҢЫ АДИСТИКТЕР АЧЫЛЫП, ЭСКИЛЕРИ  ОПТИМАЛДАШТЫРЫЛАТ

  • 16.11.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри  Алмазбек Бейшеналиев ЖОЖ ректорлору менен болгон жолугушууда келээрки окуу жылынан баштап дисциплиналар аралык жаңы бөлүмдөрдү ачууну сунуштады.

ЖОЖДОРДО ЖАҢЫ АДИСТИКТЕР АЧЫЛЫП, ЭСКИЛЕРИ  ОПТИМАЛДАШТЫРЫЛАТ

Анын айтымында, азыр кереги жок болуп калган, студенттерди толтура албай жаткан бөлүмдөр же адистиктер көп. Аларды замандын талабына жараша оптималдаштырып же жоюп, ордуна жаңы багыттагы кесиптерди ачуу керек. Башка чет мамлекеттердегидей эки же үч  дисциплинанын тогошкон жеринен бөлүмдөрдү ачууга дагы болот.

  • Мен Германиядан билим алгам. Ал жакта бир студент эки же үч бөлүмдү бир бүтүрөт. Мисалы, мен эки бөлүмдү бир бүтүргөм. Биринчиси, педагогика, экинчиси, англис тили. Башкача айтканда, бир эле дипломду эки адистик боюнча беришет. Муну эмне үчүн бизде практикаласа болбойт? Эмне үчүн математика мугалими физиканы кошо өздөштүрүп кетсе болбойт, ошол эле химия менен бирге биологияны да окутса болбойт? Эмнеге биз бир мугалимге эки багытты бир камтыган диплом берсек болбойт? Азыр айылдарда химик мугалимдер көп биолог жок же математиктер бар, физиктер жок болуп калган учурлар көп. Ошондуктан ушул боюнча дагы ойлоно баштайлык, — дейт министр.
Бөлүшүү

Комментарийлер