ЖОЖДОРДО PhD ПРОГРАММАСЫ АЧЫЛАТ

  • 16.11.2020
  • 0

Кыргызстандын ЖОЖдорунда 2021-окуу жылынан баштап  PhD программасы киргизилип баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри  Алмазбек Бейшеналиев жогорку окуу жайлардын ректорлору менен болгон жыйында билдирди.

ЖОЖДОРДО PhD ПРОГРАММАСЫ АЧЫЛАТ

Министр университеттер PhD программасын ачуу үчүн даярдыкты эмитеден баштай берүүнү айтып, бирок багыттар козу карындай окшош болбош керектигин эскертти.

  • Бул боюнча лицензия бөлүмүнө дагы талапты катуу коюп жатабыз. Ар бир окуу жай өзүнүн профили боюнча гана сунуш бериши керек. Мисалы, чыгыш таануу боюнча БМУ, педагогика боюнча КМУ, айыл чарба боюнча Агрардык университети, кыскасы, ар бир окуу жай кайсы тармактарда күчтүү болсо жана коюлган талаптарды аткара алабыз дешсе PhD ачканга даярдана берсе болот. Талапты жана тартипти болсо  катуу коёбуз. Тийиштүү талаптарды министрлик иштеп чыгат. Мунун жакшы жери мурдагыдай диссертациялык кеңеш түзбөйсүңөр, беш-жети кишиден турган  комиссия гана түзөсүңөр. Бул дагы өнүгүүнүн жакшы бир жолу болот. Ачып жатканда англис тилине басым жасоо аракет кылгыла. Себеби чет тили баары бир маанилүү ролду ойнойт, — деди министр.
Бөлүшүү

Комментарийлер