ЖОЖдор АРАСЫНДАГЫ ЖЕМИШТҮҮ АЛАКАЛАР

  • 07.04.2025
  • 0

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев баштаган жамаат Ош технологиялык университетине иш сапар менен келди.

Делегацияны Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев жана проректорлор, институт директорлору, бөлүм башчылардан турган топ тосуп алды.

Д.Чонтоев жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө жогорку окуу жайлар аралык кызматташуу алкагында биргелешкен иликтөөлөрдү, конок лекцияларды жандандыруу керектигин баса белгиледи.

— Биздин кыргыз автоном облусуна жашташ жана тарыхташ окуу жай адис даярдоо боюнча абдан жигердүү иштөөдө. Ош тараптагы ири окуу жайлардын иши кызыктуу, илимий коллабарация, академиялык мобилдүүлүк алакаларын жакшыртууну күчөтүү заман зарылдыгы болууда. Биргелешкен иликтөөлөрдү, кыска мөөнөттүү окутууларды, конок лекцияларды  жандандырышыбыз керек. Президенттин «Улут уңгусу» программасын жайылтууда, 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө ЖОЖжордун орду өтө орчундуу, — деди.

ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев өзү жетектеген окуу жай технологиялык багытта болсо да, КУУ менен алты адистикте окшош адистерди даярдашарын, андыктан тажрыйба алмашуу жана илимий алакалар эң мыкты натыйжа берерин айтты. “Өлкөнүн келечеги өндүрүш менен экени талашсыз. Өлкөбүзгө эң зарыл болгон экономист, программист, химиялык технологдор, дизайнер жана бухгалтер адистерди биргелешип даярдоо менен биз мамлекетке зор салым кошо алабыз” – деди ал өз сөзүндө.

КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун директору Ш.Костюк студенттерге Ош технологиялык университети тууралуу кыска ролик, репортаж жасатуу практикасын сунуштады. Өз кезегинде ректор Ж.Турсунбаев ОшТУ байланышчы, программист, техникалык тейлөөчүлөр менен журналистика институтунун биргелешкен аракети мамлекеттин маалымат жана байланыш саясатында мыкты тандем болорун белгиледи.

Жолугушуунун аягында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

 

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер