ЖОЖдор АРАЛЫК РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

  • 23.09.2024
  • 0

Кыргыз мамлекеттик университетинде “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышында ЖОЖдор аралык республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

ЖОЖдор АРАЛЫК РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Бул сынакты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети биргеликте мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана билим берүү тармагында мамлекеттик тилдин ролун бекемдөө максатында уюштурган.

Сынактын негизги максаты – мамлекеттик тилди окутуунун жаңы ыкмаларын аныктоо, аларды билим берүү процессинде колдонуу жана жайылтуу аркылуу мамлекеттик тилдин окутуу сапатын жакшыртуу.

Жыйынтыктоочу иш-чарага КМУнун ректору А.Абдраева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы А. Мамытов катышты.

ЖОЖдор АРАЛЫК РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Сынак 2021-2025-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу алкагында өткөрүлүп, ага Кыргызстандын 13 жогорку окуу жайынын окутуучулары катышты. Тагыраак айтканда, Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Раззаков атындагы КТУ, ОшМУ, ОшМПУ, ТалМУ, БатМУ жана башка окуу жайлары.

Сынакка катышкан окутуучулар мамлекеттик тилди окутууда интерактивдүү ыкмаларды, санарип технологияларды, креативдүү жана инновациялык усулдарды пайдалануу боюнча өз тажрыйбаларын бөлүштү.

Сынактын жыйынтыгы Мамлекеттик тил күнүн утурлай чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Жеңүүчүлөрдүн арасында мамлекеттик тилди эне тили жана экинчи тил катары окутуу деңгээлдери боюнча алдыңкы орундарга ээ болгон окутуучулар билим берүү жаатында жетишкендиктери үчүн ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

ЖОЖдор АРАЛЫК РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Бул иш-чара мамлекеттик тилди колдоо жана окутуунун натыйжалуулугун арттырууга  өбөлгө түзүп, билим берүү мекемелеринде окутуунун заманбап методдорун иштеп чыгууга, жайылтууга, жогорку окуу жайларынын мамлекеттик тил боюнча алдыңкы окутуучуларын топтоого шарт түздү.

ЖОЖдор АРАЛЫК РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Иш-чаранын жүрүшүндө И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева сөз сүйлөп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында окутуучулардын салымы зор экенин баса белгиледи. Ошондой эле, тилдин коомдогу ордун бекемдөөдө жана окутуу процессиндеги сапатты көтөрүүдө мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Бул иш-чара мамлекеттик тилди колдоо жана окутуунун натыйжалуулугун арттырууга  өбөлгө түзүп, билим берүү мекемелеринде окутуунун заманбап методдорун иштеп чыгууга, жайылтууга, жогорку окуу жайларынын мамлекеттик тил боюнча алдыңкы окутуучуларын топтоого шарт түздү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер