ЖОЖдор аралык КВН

  • 14.11.2024
  • 0
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдыгана жана 26-ноябрь-Бүткүл дүйнөлүк маалыматташтыруу күнүнө карата университеттер аралык «Информатикага айкалышкан күлкү» аттуу КВН болуп өттү.
ЖОЖдор аралык КВН
Салтка айланган майрамдык иш-чараны КӨЭАУнун ректору Абдилбает Мамасыдыков ачып, технологиялык башкаруу доорундагы дүйнөлүк атаандаштыктан туруктуу ордун таба билүүгө жөндөмдүү адистерди даярдап чыгаруу – Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин негизги багыты экенин айтып, учурда дүйнө жүзүндө IT адисине болгон муктаждык күндөн-күнгө күчөп жаткандыгын баса белгиледи.
ЖОЖдор аралык КВН
Аталган күлкү майрамында Ош жана Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардын информатика адистигинде билим алып жаткан студенттерден куралган командалар да өз өнөрлөрүн  тартуулашты.
Калыстар тобунун чечимине ылайык, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин командасы  1-орунду ээледи. Жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектер тапшырылды.
ЖОЖдор аралык КВН
Иш чара табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин информатика жана окутуунун усулу кафедрасы тарабынан уюштурулду.
Бөлүшүү

Комментарийлер