ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУ: ЭРЕЖЕ ЖАНА ЭТАПТАР

  • 04.07.2023
  • 0

2023-2024-окуу жылына ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда башталат. Абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык  системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz  аркылуу аралыктан эле тапшыра алат.

ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУ: ЭРЕЖЕ ЖАНА ЭТАПТАР

Системада бардык ЖОЖдордун тизмеси жайгаштырылып, кабыл алуу өнөктүгүнү менен байланыш номурлары белгиленген. Окуу формасы, төлөмдөрү ж.б боюнча бардык кызыктыруучу суроолор жазылган.

Система жөнөкөй иштелип чыккан. ЖОЖ тандоо, катталуу инструкциясы видео-ролик аркылуу көрсөтүлгөн. Талап кылынуучу документтердин тизмеси камтылган. Мисалы, сайтка кирип сертификатта көрсөтүлгөн номери жана ЖРТ га катталган өздүк номери жазылат. Эгерде бардыгы туура болсо, жеке кабинетке кирүү үчүн уюлдук телефонго сыр сөз келет. Аны менен жеке кабинетке кирип, документтердин тизнесин толтуруп, катталат. Ким, кайсыл убакта катталганы система аркылуу баарына ачык-айкын көрүнүп турат.

Эгерде абитуриент кандайдыр себептер менен онлайн катталуу жүргүзө албаса, тандаган жогорку окуу жайынын кабыл алуу өнөктүгүнө кайрылып, жардам алууга болот.

ГРАНТТЫК ОРУНДАР

Быйыл мамлекет тарабынан 6000 гранттык орун бөлүндү. Анын ичинде 50 жогорку балл алган окуучулар да, Алтын тамга ээлери, этникалык кыргыздар, кайрылман статусуна алган адамдар да бар. Гранттык орундун 300 дөн кичине жогорусу льготниктер үчүн каралган.

Бардык документтерге доступ бир гана гранттык комиссияда бар. Эгерде документтер талапка ылайык келсе, анда дароо окууга кабыл алынат, кандайдыр бир документ жетишпесе же туура эмес болсо кабыл алуу чекте кагылат.

 

ЖОЖГО КАБЫЛ АЛУУ ТӨРТ ЭТАПТАН ТУРАТ

I тур – 17-июлдан 19-июлга чейин

II тур – 24-июлдан 26-июлга чейин

III тур – 31-июлдан 2-августка чейин

IV тур – 7-августтан 9-августка чейин

Бардык этаптар боюнча абитуриенттерди каттоо саат 8:00дөн 14:00 чейин жүргүзүлөт. 14:00 дөн кийин каттоо токтотулуп, системага окууга кабыл алгандардын тизмеси жарыяланат. Абитуриент сөзсүз түрдө окуу жайда окуу каалоосун тастыктоосу керек. Эгерде тастыктаса, окууга кабыл алынып, кийинки турларга катышуу укугунан ажырайт. Эгерде тастыктабаса, анда ал ваканттык орун катары табылып, кийинки катышуучуга берилет.  Ар бир турда абитуриент конракттык негизде окууга бир, бюджетке бирден талон сала алат.

 

БОСОГО БАЛЛ КАНЧА?

Быйыл 51 миң 73 адам катышты. Бул жылы ЖРТнын максималдуу көрсөткүчү – 236 упай, эң азы – 29 упай, орточо – 121,8 упай. Былтыркыдай эле босого балл 110 болушу божомолдонууда.  Бир гана Кыргыз улуттук агрардык университети менен Аскер институтуна тапшыруу үчүн босого балл 100.  Ошондой эле, республика боюнча эң жогорку балл токтогон 50 окуучу мамлекеттик грант бөлүнгөн каалаган жогорку окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүк алат.  Алтын тамга сертификатына ээ болгон окуучулар да босого балл тастыкталган документ менен окууга сынаксыз кабыл алынат.

АЙГЕРИМ ТОКТОБАЕВА, “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер