ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВДИН АРХИВДИК ФОНДУ ТҮЗҮЛДҮ

  • 01.04.2022
  • 0

Акындын документтерин уулу Кулубек Бөкөнбаев менен келини Ишенгүл Болжурова төрт жылдан ашуун убакыт топтоп, бир жылдан ашуун Мамлекеттик архивдин кызматкерлери менен иштешкен.

– Жоомарт Бөкөнбаевге тиешелүү 1929-2017-жылдар аралыгында түзүлгөн 60 сактоо бирдигиндеги документтерин кабыл алып жатабыз. Негизинен Ж.Бөкөнбаевдин кол жазмалары жана чыгармалары, аңгемелери, поэма, ырлары, макалалары, котормолору, жазма дептерлери, китептери, ага келген каттар, өздүк документтери, сыйлыктары, ардак наамдарды ыйгаруу тууралуу материалдар, ал тууралуу гезит журналдарга жарыяланган материалдар, эскерүүлөр, элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө материалдар, үй-бүлө мүчөлөрүнүн материалдары, коллекциялар кирди, — дейт Мамлекеттик архивдин директору Бечеков Жумабай.

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВДИН АРХИВДИК ФОНДУ ТҮЗҮЛДҮ

Алынган материалдар, фотосүрөттөр, аудиовизуалдык материалдар илимий-техникалык кайра иштетүүдөн, эксперттик комиссиядан өткөндөн кийин гана өзүнчө фонд болуп түзүлдү.

– Атама таандык бир топ документтер, башка материалдар жоголуп кетти. Көбү Улуттук илимдер академиясынын архивинде сакталчу. Айрым жерлерин кесип, тытып да кетишиптир. Ишенгүл Садыковнанын  үч-төрт жылдан берки аракетинин натыйжасында бүгүн минтип атайын фонд түзүлүп, атамдын бардык мурасын Борбордук архивге өткөрүп берип жатабыз. Үй-бүлөлүк архивде сакталып турган документтерди да бердик. Архивди казып жатып атамдын “Кагылайын тууган эл” деген сонун ыры менен өзүм биринчи жолу тааныштым. Мындай ыры бар экенин өзүбүз да билбептирбиз. Атам өлгөндө Мухтар Ауэзовдон бүтүндөй кыргыз элине жолдонгон телеграмма келген, аны болсо эч жерден таппай койдук, жоголуп кетиптир. Мындан башка дагы көптөгөн материалдар табылбай калды. Эми илим изилдөөчүлөр каалаган учурда бардык документтер менен бир эле жерден тааныша алат, — дейт Кулубек Бөкөнбаев.

Калемгерге арналган “Гүлдесте” ырлар, макалалар жана эскерүүлөр жыйнагында болсо 1944-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилде Жоомарт Бөкөнбаевге арналган ырлар, эскерүүлөр, эсселер чогултулган. Китеп эки бөлүмдөн туруп, биринчи бөлүмүндө 1960-жылга чейин басылган акын жөнүндө замандаштарынын эскерүүлөрү, экинчи бөлүмдө 1960-жылдан кийин жана азыркы учурдагы жазуучу жөнүндөгү китептерден жана телетасмалардан үзүндүлөр берилди.

– “Гүлдесте” китебинде 1944-жылдан бери Кулубек Бөкөнбаев менен Тенти Адышева чогулткан атам жөнүндө ырларды, эскерүүлөрдү, кошокторду, атактуу адамдардын жазгандарын камтыдык. Негизи көптөн бери атабыз Жоомарт Бөкөнбаевдин, энебиз Тенти Адышеванын документтерин архивге берсек деп ойлоп жүргөнбүз. Себеби алардын архивде сакталганы жакшы. Биз Мамлекеттик архив менен бир жылдан ашык иштештик, алтымыш сактоо бирдиги делгени менен анын ичинде 200-300 барактык документтер бар. Архив бул – улуттун тарыхы. Тилекке каршы, азыр биз архивдерге көп көңүл бурбай жатабыз. Бирок булар бир канча жыл өткөндөн кийин биздин тарыхты жазууда табылгыс мурас болуп берет. Ошондуктан архивге өтө назик, аяр мамиле жасашыбыз керек, — дейт Ишенгүл Болжурова.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер