ЖОЛДО ЖүРүү ЭРЕЖЕЛЕРИ

  • 12.02.2021
  • 0

Предмети: Тарбиялык саат

Классы: 4-класс

Сабактын темасы: Жолдо жүрүү эрежелери.

Сабактын максаты:

  • Окуучуларга жол эрежесин түшүндүрүү жана жол белгилерин так билүүгө үйрөтүү.
  • Балдарды жолдо жүрүүдө тыкан алып жүрүүгө, көңүл бурууга, тартиптүүлүккө тарбиялоо.
  • Ынтымактуулукка, жардамдашууга тарбияланышат.

Көрсөткүчтөр: Окуучулар максатка жетет деп билсек болот эгерде алар:

  • Окуучулар жол эрежесин түшүнүшсө жана жол белгилерин так билүүгө үйрөнүшсө.
  • Балдар өзүн-өзү жолдо жүрүүдө тыкан алып жүрүүгө, көңүл бурууга, тартиптүүлүккө тарбияланышса.
  • Ынтымактуулукка, жардамдашууга тарбияланышса.

Уюштуруу. Мугалим окуучуларга жагымдуу маанай тартулоо менен саламдашат.

Окуучунун ишмердүүлүгү.

Окуучулар мугалим менен саламдашат.

Жаңы теманы түшүндүрүү.

Мугалим сабактын максатын жана темасын тааныштырат.  Ар бирибиз жолдо жүрүү эрежесин жакшы билүүгө тийишпиз. Көчөдө басуу өтө деле кыйын эмес, бирок шаарда жана айыл кыштактагы көчөлөрдөгү автомобилдер, автобус, троллейбустар тынымсыз ары-бери өтүп турушун баарыбыз көрүп, билип жүрөбүз. Мына ошол тынымсыз жүргөн түрдүү машиналардан этият (сак) болууга үйрөтүү баарыбыздын милдетибиз.

Машина айдоочулар эреже боюнча так жүрүүгө аракет кылышат. Себеби айдоочуларга жолдо жүрүүнүн эрежесин так окутуп, анан машина айдоо укугун беришет. Жалаң эле машина айдоочулардын жол эрежеси эмес, жөө жүргөн адамдардын да жолдо жүрүү эрежеси бар. Андыктан жол эрежесин окуп үйрөнүп, аны ар дайым так сактоо биздин милдет. Биз жөө жүрүү эрежесин так билбесек, анда жол эрежесин бузуп, көптөгөн кырсыкка кабылып  өзүбүздүн өмүрүбүзгө, ден соолугубузга жана машина айдоочуга зыян алып келебиз. Светофордун ар бир жарыгы өзүнчө символдук мааниге ээ.

Жашыл жарык-бул өзү жашоонун жана ден соолуктун ошондой эле жашоодогу жолуң ар дайым ачык деген символду билдирет.

Сары жарык-бул адамды бөөдө кырсыктан сак болууга, жашоодо ар бир адамдын кылдат жашоосуна багыт берүүчү символдук белги болуп саналат. Ошондуктан биз окуп үйрөнүүчү жол эрежелери боюнча.

Эрежени бузбайбыз

Жолдо жүрүү өзүнчө

Кызык экен окусаң

Эрежени үйрөнсөң

Эркин басып жүрөсүң.

Декламация.

Жол үстүндө үч кабат

Илинген нурду карагын

Светофор деп коет

Эсиңе ал, өчүп жанганын.

Көңүлүңө илгиниң

Көчө шартын, дилгирим!

Шашкандардын шаарында

Не болоорун билгиниң.

Жанаша турган көзү бар,

Жакшылап айткан сөзү бар.

Кызыл, сары, жашыл да,

Так көргөзгөн жолу бар.

Ал эми темир жол аркылуу эмне жүрөт?

Укпасбек: ыйлайт

Ой бутум ай, бутум.

Айдоочу: (бутун кармалап көрүп)

Бутуң сынып калган тура,

Тез жеткизейин ооруканага.

Балдар: Паровоз.

Ооба, балдар анда биз темир жолдо жүргөн паровоз жөнүндө айта кетели.

Кыя бел, кыштак шаардан,

Шашып кетет паровоз.

Азык, түлүк, эл тартып

Бачым келет паровоз.

Темир жолго ойнобо!

Тепсебейт деп ойлобо.

Токтото албайт поездди

Темир жолдон алыс бол!

Бул айткандын баарысын

Эсиңерге тут балдар!

Мугалим:

Камырабай Укпасбек,

Топ ойноп жаткан жол жээгинде.

Ай, ай эмне болот эми

Чоң жолго ыргып кетти, мына, мына.

Машина келе жатат  тигинде.

Укпасбек: (топтун артынан жүгүрөт)

(Машина Укпасбекти коюп кетет)

Ай, ай, ой, ой бутум ай, бутум.

Айдоочу: (машинаны токтотуп)

Ай, ай чунак бала,

Эмне болду сага?

Чоң жолдо коркпой,

Ойногонун кара.

Тирүүсүңбү, айланайын ай, айланайын.

Балдар: “Кырсык каш кабактын ортосунда”. Мына балдар жол жээгине ойнобогула!

Декломация:

Топ ойнобо чоң жолдо,

Машиналар көп өтпөс деп

Шашпай жүргүн көчөдө

Кокустук деген балакет.

Укпасбекти көрдүңөр

Эмне болгонун өзүңөр.

Жол жээгине ойнобо!

Кырсык болот ушундай.

Мыны менин колумдагы

Ала – була таягым да,

Жол кыймылын башкарат.

Сыйкырдуудай карачы.

Бала: Жолдо турган милиционер,

Жол эрежесин сактаган,

Азыр айтат силерге.

Жол эреже сабагын.

Милиционер:

Эгер мен далым салып,

Же турганда бетме-бет.

Анда досум ойлонбостон
Светофордун кызыл көзүн элестет.

Колум сунуп турсам тосуп

Ала-була таягымды

Тик жогору көтөргөндө.

Бала: Жол эрежеси ушундай.

Айткандарды туткула!

Жол эрежесин так окуп,

Жол кырсыкка кабылба.

Бала: Жол эрежени так билсек,

Кырсык болбойт эч качан

Өмүрүңө коркунуч

Алып келбейт эч качан.

Хор ырдоо:

“Жол эрежесин окуйбуз.”

Окуучунун ишмердүүлүгү.

Окуучулар жолдо жүрүү эрежесин сүрөттөр аркылуу таанып билүүгө үйрөнүшөт.

Талкулоо үчүн суроолор:

Мугалим окуучуларга өтүлгөн тема боюнча суроо берет.

Светофордун жөө жүргүнчүлөргө кандай пайдасы бар?

Жолдо жүрүү эрежесин кимдер сактоосу зарыл?

Жөө жүргүнчүлөр жолдун кайсы жеринен өтүүсү керек?

Окуучунун ишмердүүлүгү:         

Окуучулар берилген суроого жооп берүүгө аракет кылышат.

Сабакты жыйынтыктоо:

Үйгө тапшырма берүү:

Мугалим окуучуларга үйгө тапшырма “Жолдо жүрүүнүн эрежелери!” боюнча кроосворд түзүп келүүнү тапшырма берет.

Кенжебек кызы Аида, №6 Саякбай Каралаев атындагы орто мектеби, башталгыч класс мугалими. 

Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер