ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА ЧЕТ ТИЛИН БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН ЖОГОРУЛАТУУ ТАЛАБЫ КОЮЛДУ

  • 08.02.2025
  • 0

7-февралда Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул Жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА ЧЕТ ТИЛИН БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН ЖОГОРУЛАТУУ ТАЛАБЫ КОЮЛДУ

Анда министрдин 2024-жылдын 2-июлундагы буйругу менен бекитилген, чет тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын аткарылышы боюнча талкуу болду. Жыйынга борбордук жана региондогу университеттердин өкүлдөрү катышты. Жыйында университеттердин окутуучуларынын англис тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча маселелер жана иш-чараларды аткаруу жана алардын натыйжаларын мониторингге алуу сунуштары каралды.

Комментарийлер