НИЛУФАР АЛИМЖАНОВА МУГАЛИМДЕР МЕНЕН ЖОЛУКТУ
- 04.10.2024
- 0
Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова мугалимдер менен жолугуп, агартуу тармагында жасалып жаткан реформалар, долбоорлор тууралуу талкуулады. Ошондой эле билим берүү тармагын өнүктүрүү жаатындагы сунуш-пикирлер айтылды.
Депутат Нилуфар Алимжанова мугалимдик кесип бардык адистиктердин башатында турарын белгилеп: “Жөнөкөй жаранды да, эл башкарган инсанды да мугалим окутуп, келечегине пайдубал куруп берген. Андыктан агартуучуларды, бир адамдын гана эмес, жалпы коомдун жаратман инсаны деп атаганыбыз оң”, – деди.
Андан тышкары билим берүү жаатында жасалып жаткан иштерге токтолгон эл өкүлү агартуу тармагына өзгөчө көңүл бурулуш керектигин белгилеп кетти.
Жолугушуунун соңунда агартуучуларды келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, депутат Нилуфар Алимжанова аларга Жогорку Кеңештин атынан Ыраазычылык каттарды тапшырды.
Комментарийлер