ЖОГОРКУ КЕҢЕШ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ 6,36 МЛН ДОЛЛАРЛЫК ДОЛБООРДУ КОЛДОДУ
- 09.04.2026
- 0
9-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган эл аралык макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Сөз болуп жаткан документтер 2025-жылдын 14-октябрында Вашингтондо кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууларга тиешелүү. Алар «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун кошумча каржылоону камтыйт.
Долбоордун жалпы көлөмү 6,36 миллион АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 4,36 миллиону жеңилдетилген насыя, ал эми 2 миллиону гранттык техникалык жардам. Насыя 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген мезгил менен жана 0 пайыздык үстөк менен берилет.
Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкуловдун маалыматына караганда, каражаттар мектепке чейинки билим берүү системасын комплекстүү колдоого багытталат. Негизги максат — балдарды бала бакчалар менен камтууну кеңейтүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин пилоттук негизде ишке киргизүү.
Талкуу учурунда депутаттар бала бакчаларды калыбына келтирүү жана жабдуу үчүн имараттарды тандоо критерийлерине кызыгышты. Министрдин орун басары Надира Жусупбекова бул процессте эки негизги шарт бар экенин белгиледи: аймакта бала бакчага болгон муктаждык жана ылайыктуу имараттын болушу. Анын айтымында, бардык региондор тең шартта каралат. Долбоордун алкагында кошумча топторду ачуу үчүн 128 бөлмө даярдалары күтүлүүдө.
Жыйында мындан тышкары Азия өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн бир катар макулдашуулар да каралып, биринчи окууда колдоо тапты. Алар өзгөчө кырдаалдар учурунда каржылык туруктуулукту камсыздоого багытталган.
Бул макулдашууларга ылайык, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 28,2 миллион АКШ доллары өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Каражаттар табигый кырсыктарга ыкчам жооп кайтаруу жана тобокелдиктерди башкаруу системасын күчөтүүгө жумшалат.
Ошентип, парламент билим берүү жана өзгөчө кырдаалдар тармагында эл аралык каржылоону тартууга багытталган эки маанилүү демилгени колдоп, тиешелүү мыйзам долбоорлорун биринчи окууда жактырды.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”









Комментарийлер