ЖК төрагасы Кеминдеги эскилиги жеткен мектепти барып көрдү

  • 01.07.2024
  • 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кемин районундагы иш сапарында  Тегирменти айылында Белек Солтоноев атындагы орто мектепти барып көрдү.

ЖК төрагасы Кеминдеги эскилиги жеткен мектепти барып көрдү

Аталган мектептин имараты 1963-жылы курулуп, жыл сайын жасалган оңдоп-түзөө иштеринин натыйжасында гана пайдаланып келет. Бирок кышкысын коңшу айылдардан келген окуучулар жолдун алыстыгынан сабакка каттай албай калган учурлар арбын. Буга байланыштуу жергиликтүү эл эскилиги жеткен мектептин жаңы имаратын башка айылдан келген окуучуларга да ылайыктуу жерге куруп берүүнү өтүнүштү.

 

Улуу инсандын атын алып жүргөн мектептин баяндуу тарыхы бар экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Бирок 50 жылдан бери колдонулуп келе жаткан окуу имаратынын эскилиги жеткен экен. Андыктан, азыркы талапка жооп берген жаңы, заманбап имарат курулушу зарыл”, – деди. Муну менен катар тиешелүү жетекчилерге керектүү иштерди алып барууну табыштады.

 

Ошондой эле Төрага жалпы өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан курулуштар тууралуу сөз кылып: “Айрыкча акыркы жылдары жүздөгөн жаңы мектептер, бала бакчалар жана медициналык мекемелер салынып, узак жылдардан бери бүтпөй келе жаткан курулуштар бүткөрүлүүдө. Буйруса мындан ары да калкка керектүү жаңы имараттарды куруу иши уланат. Быйыл Чүй облусунда эле жалпы 28 мектеп курулат”, – деди.

 

Андан тышкары, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында ишке ашырылып жаткан реформаларга токтолгон Нурланбек Шакиев: “Билимдүү жана ден соолугу мыкты коом гана өнүккөн өлкөнү кура алат. Андыктан, мамлекет тарабынан келечек ээлерине татыктуу таалим-тарбия берүү жана жарандардын саламаттыгын чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Агартуучулар менен дарыгерлерге ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп, айлык маяналары да эселеп жогорулатылууда”, – деп кошумчалады.

Бөлүшүү

Комментарийлер