ЖИГЕРДҮҮ ЖЕТЕКЧИ

  • 21.02.2020
  • 0

ЖИГЕРДҮҮ ЖЕТЕКЧИ

Баткен дубанынын Кадамжай районунда бардыгы биригип 45 балдар бакчасы бар. Андагы педагогдор наристелерге жакшы тарбия берүү үчүн колдон келген аракеттерин жасашууда. Баланы башынан үйдө, бакчада, көчөдө да тарбиялаш керек эмеспи. Ал эми мугалим, окутуучу, педагог жана устат дегендердин баары инсан да. Ал жүрөгүн, тажрыйбасын, билимин тарбия берүүгө жумшап, томуктай билим берүү үчүн тоодой билимди өздөштүрүп, маданият казынасына жол салган адам.

Жеке мен үчүн жетекчи, директор дегенге караганда “бул мага таалим-тарбия берип окуткан эжей” деген сөз артыгыраак сезилет. Кандай жумуш аткарсам да, келечек ээлери болгон балдарга арналат. Ушундай нары кадыр-барктуу, нары түйшүктүү кесиптин ээлери районубузда көп. Алардын бири педагог айым Илазат Абдубаитовна Абдурасулова Жошук айылындагы “Ак шоола” балдар бакчасын түптөп, мына алты жылдан бери жемиштүү жетектеп келе жатат.

Өзүнүн кыраакылыгын жана ишмердүүлүгүн далилдеген кызыбыз 1971-жылдын 20-апрелинде Айдаркен өрөөнүндөгү тоо койнундагы Жаңы-Коргон деген айылда төрөлгөн. Абдубаит аксакал менен Гүлү апанын үчүнчү перзенти. Көп балалуу бүлөдө тарбияланып өстү. Айылындагы Барпы Алыкулов атындагы мектептин алдыңкы мугалимдери Болдукан Жалалова, Бактыкан Нарматалиевалардын таасиринен улам аларга суктануу менен педагогдук кесипти тандап алды. Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы университеттин биология факультетинде жакшы окуду.

1995-жылы жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап, дипломду алып келип эмгек жолун Жошук айылындагы №12 мектептен баштады. Жаш кадрга кесип сырларын үйрөткөн маркум Сардал Орозбаева эжейдин, агайы Нажмидин Даминовдун кеп-кеңештери унутулбастыр-ов! Намыскөй жана тырышчаак мугалим окуучуларын райондук жана дубандык олимпиадаларга катыштырып ийгиликтерге жетишти. Аймактык жана райондук семинарларга катышып тажрыйбасын байытты. “Мыкты мугалим – 2009” кароо-сынагынын дубандык туруна катышып Ардак Грамоталар менен сыйланды. 2012-жылы болсо министрликтин сыйлыгына татыды.

Өз билгенин бөлүшүүгө дайыма даяр, улууларды урматтап, кичүүлөргө өрнөк болгон Илазат үчүн 2013-жыл бурулуш мезгилге айланды. Себеби ошол кездеги мектептин директору Кутпидин Абдурасуловдун долбоору менен мектептин өзүнчө жайгашкан беш каанасы капиталдык ремонттон өткөрүлүп айылдагы жаңы балдар бакчасы ачылды. Ага “Ак шоола” деген жагымдуу ат коюлуп, директорлукка Илазат Абдубаитовна дайындалды. Балдар менен иштешүүнүн сырларын жакшы билген, мамлекеттин келечегин ойлогон педагог эми жетекчилик жоопкерчиликти тартып ар тараптан изденип, керектүү шарттарды түзүүгө күч-аракетин жумшады. Жигердүү эмгектенип жүрүп 2015-жылы “Эл агартуунун мыктысы” төш белгисин тагынды. Жамааты менен ынтымакта иштеп Баткен дубанынын бакчаларынын арасында экинчи орунду ээледи. Бир нече долбоорлорду жазып, изденип демөөрчүлөрдү таап, жергиликтүү бийлик башчыларынын назарын буруп бакчанын материалдык-техникалык базасын чыңдап алууга жетишти. “Ак шооланын” кем-карчын толуктоого Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы Камалидин Бегматов, “Баяман баатыр” базарынын директору Умсунай Эркинбаева, бакчанын камкорчулар коомдук бирикмесинин төрайымы Надира Нуралиева, райондук санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын врачы Бурханидин Курбаналиев, жергиликтүү маданият тармагынын ардагери Маматисак Токтосунов жана кесиптеш тарбиячылар астейдил иштешип, бакчаны алдыңкы катарга кошуп коюшту.

Илазат Абдурасулованын жетишкендиктерине чакан эмгек жамаатындагы тарбиячылар Гүлдаста Аскарова, Назакат Буранова, Орозгүл Аманова, Кыймат Тойчиева, Үсөнали Абдималиков жана кызматкерлер Тойлукан Акматова, Шаарынса Момуналиева менен Абдимиталип Акимовдордун кошкон салымдары эбегейсиз чоң. Директордун таянганы ушул асыл адамдар. Аларсыз ийги максаттардын жүзөгө ашышы кыйын эмеспи.

Чакан кыштактагы үч жаштан алты жашка чейинки бөбөктөргө жетиштүү таалим-тарбия берүү максатында алдыга ачык-айкын пландар түзүлүп заманбап техникалар менен зарыл жабдыктар колдонулуп келет. 2017-2018-жылдарда жанаша жайгашкан Мамат Юсупов атындагы мектеп менен кошо “Менин кирешелүү чарбам” долбооруна астейдил катышып татынакай күнөскана менен жаңы даараткананы курушту. Ошол жылы райондогу эң мыкты балдар бакчасы номинациясын жеңип алышты. Ал эми “Жайлоо балдар бакчасы” долбоорунун алкагында өлкөбүздө биринчи орунга чыгып, Илазат Абдубаитовна боордош Түркия мамлекетине барып тажрыйба алмашып келди.

Устаты Гапыр Мадаминов негиздеген “Энелер мектеби” долбоору боюнча бакча менен ата-энелердин алакасын чыңдай берди. Кесипкөйлүк жана изденүү жолунан тайбаган жетекчи акырындап эл аралык деңгээлдеги байланышка чыга баштады. Жакында Нидерландиялык адис Alida Boessenkool атайын чакыруу менен Жошук айылына келип “Оюндар аркалуу үйрөнүү” деген темада кызыктуу семинар өткөрүп кетти. Башчынын мындай демилгесин райондук билим берүү бөлүмүнүн башталгыч класстар жана балдар бакчалары боюнча усулчусу ар тараптан колдоп башкаларга да жайылтууну сунуштады. Тынымсыз кумурскадай эмгектенген педагогдун аракети ушинтип өз акыбетин берип жатыры.

Илазат айым учурда бактылуу үй-бүлөнүн куту. Ал бир кыз жана төрт уулдун бактылуу энеси. Перзенттерин да татыктуу тарбиялап эл арасында кадыр-баркы жогору. Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылында мамлекет башчысынын саясатын ар тараптан колдоп, чакан мамлекетибизди өнүктүрүүгө салым кошсом дейт. Буюрса ушундай педагогдордун асыл аракети менен өлкөбүз өнүгүп өсөт, Кыргызстаныбыздын келечеги кең болот деген изги тилектебиз.

Мария ГАПИРОВА,  
Кадамжай райондук элге билим берүү бөлүмүнүн усулчусу

 

Бөлүшүү

Комментарийлер