ЖЕТКИНЧЕКТЕРГЕ АРНАЛГАН БИР КАТАР КИНОТАСМАЛАР ТАРТЫЛДЫ

  • 25.02.2025
  • 0

ЖЕТКИНЧЕКТЕРГЕ АРНАЛГАН БИР КАТАР КИНОТАСМАЛАР ТАРТЫЛДЫ

Балдар – биздин келечек, ошондуктан баардык ишти балдар адабиятына өзгөчө көӊүл буруудан баштаганыбыз туура болот. Адабий чыгармаларды куру сөз түрүндө эле берип салбай, аны анимация жана сүрөт сындуу кошумча заманбап форматтагы каражаттар менен коштоп берүү зарыл. Ансыз болбойт. Жашырганда не, өткөн мезгил аралыгында балдар адабияты көп жагынан аксады. Бери дегенде эки-үч муундун балдары кыргыздын төл чыгармасын окубай өстү десек аша чапкандык болбос. Мындай кенемтени тезинен толтуруу керек, болбосо иш чатагына айланары бышык. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Маселен, жакында Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы «Карек» балдар кинофонду менен бирге балдар үчүн кыргыз тилиндеги «Амантай жана Айтуяк”, «Быйтыктар» аттуу 3D форматындагы уламалаш анимациялык мультфильмди тартып, көрүүчүлөрдүн сынына койду. Бул долбоор Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында ишке ашырылганын белгилей кетүү керек.

Заманбап 3D форматындагы «Амантай менен Айтуяк» 8 сериядан туруп, 2-5 жаштагы балдарга арналган. Сериалда жомоктордогу жана эпостордогу канаттуу жылкы тукуму Айтуяк менен Амантайдын достук мамилеси баяндалат. Жомок жүрүшүндө балдар акыл оюндары, ырлар, пазлдык табышмактар аркылуу түстөрдү, сандарды жана башка негизги аӊдап-билүү көндүмдөрүн үйрөнүшөт. Сценарийдин автору Токтобек Үсөнов, режиссеру жана көркөм жетекчиси Айбек Дайырбеков. Ал өзүнүн эл аралык деӊгээлде таанылган жана нечен ирет баш байгелерди жеӊип алган «Дарак ыры» кинотасмасы менен кеӊири белгилүү.

Ал эми «Быйтыктар» мультфильми баш-аягы 12 окуядан туруп, жаныбарлар менен балдардын образдары аркылуу балыктын балжууран дүйнөсүн жакындан таанытууга жана айлана-чөйрөгө кызыгуусун арттырууга, ой жүгүртүү деӊгээлин өнүктүрүүгө, ата-энелери жана бир туугандары менен жигердүү баарлашууга үндөйт. Ар бир окуяда каармандар ар түркүн маселелерди талкуулап, ар кандай жоромолдорду сунушташат, бирок так жообун таба алышпайт. Акырында ата-энесинен сурап, ошол жоромолдун чыныгы жообун табышат.

 

ЖЕТКИНЧЕКТЕРГЕ АРНАЛГАН БИР КАТАР КИНОТАСМАЛАР ТАРТЫЛДЫ

Жеткинчектерге арналган «Быйтыктар» анимациялык тасмасынын сценарийинин авторлору – Салтанат Иманкулова, Асел Иманкулова, Регина Суранова, режиссеру – Айжамал Акчалова.

Андан сырткары, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы «Эр-Төштүк»  дастанынын негизинде улуттук кино тарыхында алгачкы жолу жеткинчектер үчүн арналган 3D фоматындагы кинофильм тартуу камылгасы көрүлүүдө. Фильмдин продюсери – кыйла тажрыйбалуу жана заманбап талаптарды жакындан жакшы билген кинорежиссер Далмира Тилепберген. Ал киши өзүнүн кесипкөй жана таланттуу көркөм жана даректүү кинотасмалары аркылуу эл аралык деӊгээлдеги чыгармачыл чөйрөдө кеӊири белгилүү, бир катар эл аралык сыйлыктардын жеӊүүчүсү болуп саналат.

Ырас, «Эр-Төштүк» дастанынын мазмуну боюнча буга чейин деле балдар үчүн мультфильмдер тартылып, спектаклдер коюлган, көптөгөн сүрөттүү жана жасалгалуу китептер жарык көргөн. Ал бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн суроо-талабын жана окурмандардын кызыгуусун жоготпой келет. Мына, нукура элдик чыгарманын мыктылыгы дал ошондо турат. Ошого жараша дастандын баш каарманынын образы да өзгөчө. Биз үчүн кандай жоо болбосун кармаган жерден кан чыгарган баатырдын боорукердиги, жер астына түшүп кетип, жан-жаныбарлардын өмүрүн сактап калышы, жаратылышка жан тартып, коргоп турушунун тарбиялык мааниси зор.

Эске салсак, «Эр Төштүк» — кыргыз элинин эӊ байыркы дастандарынын бири. Анын баш каарманы Эр Төштүк жер түпкүрүнөн жаӊы эле чыгып келип, эти жашып, алы кетип турган абалы «Манас»  эпосунда да айтылат.

«Балдар адабияты көркөм чыгармачылыктын эӊ татаал тармагы экенин, балача ойлонуп, өз оюн балдардын тилинде берүү жазуучу үчүн да, акын үчүн да акылдан алып, азапка салчу тогуз толгоо тозоктун бир тозогу экенин жакшы билебиз, туура түшүнөбүз. Айла жок, жасашыбыз керек, ансыз болбойт. Ошондон улам, жеткинчектерибиздин келечегине арналган тармак мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө турат», — дейт мамкатчы.

Андан сырткары, ал мындай чыгармачыл жүрүмгө балдардын тилин, талабын, табитин таба билген авторлорду тартуу аркылуу балдарга арналган сүрөттүү китепчелерди чыгаруу, мультфильмдерди, кыска метраждуу фильмдерди, таалим-тарбиялык мааниси бар видеоклиптерди тартуу жана чет тилдеги айрым кызыктуу фильмдерди кыргызча которуу, жеткинчектерге арналган телеберүүлөр менен оюн-зоокторду уюштуруу тапшырмасы да берилгенин, бул багытта мындан ары да иштиктүү чаралар көрүлө турганын кошумчалады.

 

Кемел Белек, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер