ЖЕТЕКЧИЛИК КЫЗМАТКА ТЕСТ СЫНАГЫНАН 9 ТАЛАПКЕР ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

  • 29.11.2023
  • 0

28-ноябрда башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын директорунун бош кызмат орундарына тестирлөөдөн тогуз талапкер жогору балл алды.

ЖЕТЕКЧИЛИК КЫЗМАТКА ТЕСТ СЫНАГЫНАН 9 ТАЛАПКЕР ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

Тестирлөөгө жалпысынан 153 талапкер катышты.

Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер:

  • Элеонера Ишеекева – Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
  • Максат Төлөбаев – Бишкек шаарындагы №20 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
  • Тургунбек Токтосунов – Ысык-Ата районундагы №1 кесиптик окуу жайдын директорлугуна талапкер;
  • Алмагүл Исраилова жана Анаркүл Серекова – Бишкек шаарындагы №93 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
  • Болот Иманалиев жана Венера Топонова – Бишкек агроэкономика колледжинин директорлугуна талапкерлер;
  • Сайрагүл Акмолдоева жана Алмаз Азаматов – Каракол педагогикалык колледжинин директорлугуна талапкерлер.

Тест сынагы Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнунундагы №312 Токтомунун негизинде Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер