ЖЕТЕКЧИЛЕР КЕСИПТИК КӨНДҮМДӨРҮН ЖОГОРУЛАТТЫ

  • 23.09.2020
  • 0

Кыргызстандагы кесиптик лицей менен колледжердин жетекчилери “Сколково” Москва башкаруу мектебинде кесиптик көндүмдөрүн жогорулатышты. Тренинг  22-сентябрда башталып, эки күнгө созулат.

ЖЕТЕКЧИЛЕР КЕСИПТИК КӨНДҮМДӨРҮН ЖОГОРУЛАТТЫ

Тренингге Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун жана Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин кызматкерлери да катышты.

Тренинг Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) “Жыйырмалык топтун кадрларды кесиптик даярдоо стратегиясынын колдонулушу:  ЭЭУнун жана Россия Федерациясынын өнөктөштүгү” долбоорунун алкагында өткөрүлдү (2-фаза).

Максаты – кесиптик техникалык билим берүү (КТББ) системасындагы мекемелердин ишин чагылдыруу менен ишмердиктин жүздөгөн параметрлерин жана 200дөн кем эмес  чечимдерди өзүнө камтыган имитациялык системаны көрсөткөн “КТББ системасындагы мекемелерди башкаруу” компьютердик симулятордун жардамы аркылуу жетектөөчү курамдын башкаруучулук жөндөмүн жогорулатуу.

Катышуучулар симулятордун жардамында билим берүү мекемелеринин жетекчилик кызматынын ордун алып, командалык ишти жүргүзүп, сырткы жана ички чөйрөнү, мекеменин ишин, билим берүү программаларын, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен мамилелешүү саясатын талдайт жана талданган малыматтын негизинде башкаруучулук чечимдерди чыгарат.

Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар мекеменин түзүлүшү тууралуу толук түшүнүк алып, дүйнөлүк мыкты практиктер жана бизнес-кейстер менен таанышат жана тез өзгөрүп туруучу экономикалык шартта жана эмгек рыногунда чечимдерди кабыл алуу тажрыйбасына ээ болушат.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер